Видео – “Мадумаров жумуртка менен кубалатпады беле”
Жарандык активист, серепчи Кайып Шер чек ара маселеси тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бирине пикирин билдирген:
“Бүгүнкү күндө коомубузда түйшөлтүп келген чек ара маселеси болуп жатат. Кемпир-Абад маселесинде бул кечээ, бүгүнкү эле иш эмес, Союз убагында да болуп келген, биздин өксүктөрүбүздүн бири. Азыркы бийликти да, мурунку бийликти да, чек ара такталсын деп сындап келе жатабыз. Бирок азыркы бийликтин айырмасы К.Ташиев, Садыр Жапаров бийликке келгени бул иштин колго алганы иш жылытарлык иштердин бири десем болот. Аны кимдер тосуп алат, кандай өксүктөр болуп атат деген суроолор жаралбай койбойт. Буга чейин да талаш-тартыш чыгып келген, талаштан тактык жаралат.
Коомчулукту астына талкууга коюу бул иш жылытарлык десем болот. Бул деген элдин пикирин сурап эсептешип атканынан кабар берет. Мурунку бийлик тескерисинче катуу сынга алган эл менен эсептешкен эмес, ур-токмокко алган, мисалга А.Мадумаров баш болгон 2005-жылдагы бийлик. Ал мезгилде биздин жерлер берилип кеткени айтпасак да белгилүү. Сынга эмес, колгоо ала турган учур. Жалгыз эле К. Ташиевге чек ара, Кемпир-Абад керек эмес да. Бүгүнкү күндө өлкөдө ынтымак керек. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарчу заманда жашап жатабыз”.
Булак: Регион ТВ