Алмазбек Рахманкулов Лейлек районуна аким болуп дайындалды
Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович Лейлек районунун акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Премьер-министр кол койгон.
Алмазбек Рахманкулов 2018-жылдын 18-февралынан 2021-жылдын март айына чейин «Кыргызтелеком» ААКта директорлор кеңешинин жетекчиси болгон.
Өмүр баяны:
Алмазбек Рахманкулов 1974-жылы 8-июнда төрөлгөн. Кыргыз, орус тилдерин билет.
— Лейлек районундагы Исфана шаардык кеңешинин депутаты;
— 2015-жылдын апрелинен 2016-жылга чейин Исфана шаардык кеңешинин төрагасы;
— 2016-жылы 1-июнда Исфана шаардык кеңешинин төрагасы кызматын тапшырган (партия КСДП);
— 2016-жылы 3-марттан 2017-жылга чейин Жогорку Кеңеште депутат Исаев Т.К.нын коомдук кеңешчиси.
— 2017-жылы 5-октябрда «Кыргызтелеком» ААКта директорлор кеңешинин жетекчиси болуп шайланган.