Саясат

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетти

Болотбек Купешев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 5-майда кол койду.

61 жаштагы Болотбек Купешев министрлик кызматка келгенге чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Эскертсе кетсек, бүгүн, 5-майда Садыр Жапаров жаңы Башмыйзамга кол коюп, Министрлер кабинетинин түзүмүн бекитти.

Билим берүү жана илим министри кызматын буга чейин Алмазбек Бейшеналиев аркалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button