АКШдагы кыргыздар тажиктердин аскердик агрессиясын айыпташты. Сүрөт
Тажик армиясынын Баткен – Лейлек райондорундагы 10 кыштакты түрдүү куралдардан аткылоосу; урушта автоматтан башка да минометторду, тик учарларды, БТРлерди колдонуусу; калабалуу аймактан өз жарандарын алдын ала чыгарып кетүүсү; жай тургундарга курал берип, аларды аскерий операцияга тартуусу; Көк-Терек кыштагында жалаң кыргыздардын там-жайларынын талканышы жана башка фактылар – бул аскерий агрессия болгонун ачык көрсөттү. Аскерий агрессия – бул тынч жаткан элге куралдуу кол салуу.
Бул окуя «Улут лидери» деген ырасмий титулу бар Эмомали Рахмон чек ара маселесин армиянын жардамы менен чечүүгө кызыкдар экенин да айкын кылды. Ошол эле учурда Кыргыз тарап, куралдуу агрессияны күтпөгөнүн моюнуна алышы керек. 6-майда Вашингтондогу Тажикстандын АКШдагы элчилиги алдына чогулган мекендештерибиз Тажик аскерлеринин кыргыз айылдарына басып кирүүсүн, көп обьектилерди кыйратып өрттөсүн, талап тоноочулугун, жакын тургундарды туткунга алып, кыйноосун айыпташты.