Коом

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Мамлекет башчысы Түбөлүк отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.

Митинг-реквиемге Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын Жеңиш аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button