Коом

Кыргызстандын 10 жаранын барымтага алганы үчүн Тажикстанга кылмыш иш козголду

29-апрелде Кыргызстандын жарандарын барымтага алып, аларга зомбулук көрсөткөнү үчүн Тажикстанга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «кыйноо» беренеси боюнча катталып, 8-майдан тарта Лейлек районунун ИИБи тарабынан тергелип башталды.

Эске салсак, 29-апрелде чек арадагы жаңжал учурунда тажик тарап Лейлек районунун он тургунун, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди барымтага алган. Алар үч күндөн кийин бошотулган. Белгилей кетсек, тажик бийлиги бул фактыны четке каккан.

Чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болгон. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Болуп өткөн окуялардын негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 11 кылмыш боюнча тергөө иштерин баштаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button