Тагдыр: «Ошол күндөн тартып моюнумдан оор жүк алынгандай болду…»
Ушул күндү көп күттүк. Экөөбүздүн тең моюнубуздан оор жүк алынгандай болду. Туура, жашоодо бирөөнү деп жашап, кээде өзүбүздү курмандыкка чалууга туура келген учурларга туш болот экенбиз. Анда сиздерге башыман өткөн окуяны баштан айтып берейин.
Биз бала чакта атамдын жакын досу боло турган. Дайыма бизге конокко келип, биз аларга барып катышып турчубуз. Алардын 3 уулу бар, а биздин үйдө 2 кыз, 2 эркек элек. Аяш атам келген сайын, мени кучактап эркелетип, “ушул менин кызым, силер адашып алып алгансыңар”, дей турган.
Биз эс тартып чоңоюп калганда аяш атабыз кырсыктан каза болду. Атам, апам болуп ар убак, аяш апама барып кабар алып келет. Мен мектепти аяктап, врач болом деген кыялым ишке ашпай, медсестралыкка тапшырып, окууну ийгиликтүү аяктадым. Айылга практикага ФАПка орноштум. Ошол күндөрдүн биринде аяш апам экинчи уулун ээрчитип келип, атам менен апамдан менин колумду сурап кетишти.
— Катышыбыз үзүлбөй куда болуп жүрөлү. Токо да ушул кызыңарды өзгөчө жакшы көрөөр эле. Макул болсоңор бизге келин болсун, — деп туруп алышты.
Атам көпкө ойлонбой, досунун арбагы ыраазы болсун деп макулдугун берди. Ошентип көп өтпөй тоюбуз болду.
Кайынэнем аябай жакшы адам, кызым деп катуу айтпай, билбегенимди үйрөтүп, жакшы мамиле жасайт. Бирок, эмнегедир жолдошум экөөбүздүн ортобузда эч кандай сезим деген ойгонбой койду. Биз кадимки достордой эле жашап калдык. Кечинде мен диванга ал жерге жатат. Экөөбүз телефондон кыздарды, жигиттерди карайбыз, тамашалап сүйлөшөбүз, бирок сүйүү жаатында эч бир жүрөктөр дал келишпей, “нике ысык” деген сөз деле таасир бербеди. Ал жумушуна кетет, мен үйдө апам менен калам. Тилекке каршы апам аябай жакшы адам, жөнөкөй боорукер. Бирок, баласы экөөбүздүн ортобузда эмне болуп жатканынан кабары жок. А биз жолдошум экөөбүз аны аяп эч нерсе билгизбегенге аракет кылабыз.
Кээде бизди, кино баргыла, концертке баргыла деп жиберет. Мурда кандай ойноп, чогуу чоңойсок ошондой эле дос болуп барып келебиз. Көргөндөр кандай бактылуу жаштар дей турган.
Башында биз деле күттүк, балким убакыт өтсө көнүшүп кетербиз деген ой келди. Арадан 4 жыл өттү. Бирок эч бир өзгөрүү болбоду. Тескерисинче жолдошум бир кызды жактырып калып, менден кеңеш сурай турган. Менде ага карата кызганыч деген сезим жок. Кээде белектерди тандашам. “Муну алсаң жакшы экен, кыздарга ушул жагат”, — деп.
Акырында жолдошум:
— Анара, балким апама чындыкты айтабыз. Апамдын көңүлү деп, экөөбүз тагдыр менен ойношпойлу, — деди.
Бул чечимди дароо колдодум. Бирок апама кантип айтабыз деген суроо турду. Кеңешип отуруп, арадан 4 жыл өтсө да балалуу болбой жатабыз деген шылтоо таптык.
Апам бул чечимди укканда чалкасынан кетти. Кан басымы көтөрүлүп, араң өзүнө келди. Мени каратабыз деп чыкты. Жолдошум көгөрүп, жок мен жашабайм деп туруп алды. Апам атамдын бетин кантип карайм, уят эмеспи, деген оюнан кайтпай кыйла кыйналдык.
Ошол бойдон биринчи чыр басылды. Экинчи планды кандай кылсак деп ойлоп жаттык. Бирок, апам баарын сезди окшойт. Бир күнү чай үстүнөн өзү айтып калды:
— Экөөңдүн турмушуң мени кыйла ойго салып жүрөт. Түшүмө атаңар кирди. Анараны бошот деп айтты, — деп калды.
Эртеси таттуулардан алып, биздин үйгө барып, көпкө айталбай кыйналып атып, акыры кайынэнем ыйлап жиберди да баарын айтты.
Атам, “тагдыр деген ушундай болот. Бул биздин катышыбызга эч кандай таасирин тийгизбейт. Эгер жаштар ошентип чечишсе биз эмне кылмак элек”, — деди. Ошол күндөн тартып моюнумдан оор жүк алынгандай болду.
Андан бери арадан бир топ жыл өттү. Мен турмушка чыгып эки балалуу болдум. Ал эми аяш атамдын уулу үйлөнүп, ал да балалуу болду. Кез-кезде той-топур, жакшылык-жамандыкта кезигип калабыз. Бирок мамилебиз баягыдай…