Коом
Тазабек Икрамов: «Апам бизге гана тарбия бербестен бүт айылды тарбиялады»
«Асманда күн жаркып, ааламга нурун чачып, бүт дүйнөнү мээримге бөлөгөн сыяктуу, апамдын мээрими үйүбүздү нурга бөлөп турчу эле учурунда. Ыраматылык, башкача жан эле».
Эли-жерин сүйгөн, мекенчил мырза Тазабек Икрамовдун апасы жана балдай таттуу балалыгы жөнүндө маегин сунуштайбыз.
- Тазабек мырза, балалыгыңыздын издери кайсыл чөлкөмдө калган?
- Балалыгым, Сузак өрөөнүндөгү Кызыл-Сеңир айылында өттү. Ар кимдин өз жери Мисир дегендей, айтор кооз чөлкөм. Айылдын боз чаңдарына аралашып, бутка тикен кирип, болбосо чөңөр тилип, мал артында жүрүп чоңойдум. Үйдөгү катуу тарбиянын таасириненби, же ал кездин мезгил талабынанбы кыскасы, сабактан соң коомдук иштерге катышмай адатка айланган.
- Бала кездеги кызыктуу окуялардан эске салсаңыз?
- Мен бала күнүмдөн тарта эле негедир жаныбарларга жакын өстүм. Балалык кездеги кызыктуу окуялар ого эле көп. Менин кичинекей япон короздорум боло турган. Аларды асырап кадимкидей бөпөлөп бакчумун. Анан короздорумду көтөрүп алып, айыл аралап, башкалардын короздору менен мушташтырчумун. Менин корозум айылдагы короздордун атаманы эле. Андан соң, дакан короз деген чыкты. Аныда багып мушташка салчумун. Бул корозум деле айыл ичиндеги короздордун чемпиону болчу. Дакан корозумдун аты “Жыңалач баатыр” эле. Короз уруштургандан рахат алчумун. Бир күнү классташ балам өтө чоң дакан короз саттырып алыптыр. Базардан алып келип эле мага угузду “Мен да дакан короз сатып алдым, корозуңду алып кел, уруштурабыз” деди. Мен чемпион корозумду көтөрүп алып, досумдун үйүнө бардым. Барсам анын корозу менин корозумдан бир кыйла эле чоң экен. Ошентсе да намыс үчүн мушташтырдым, ишеничимди актап корозум жеңип чыкты. Короздордун ар түрдүү пародасын баккандан кийин иттин түрлөрүн бактым. Андан соң, жылкынын түрлөрүн багууга өттүм. Менин баё балалыгым нукура айылдын кызыктарына курчалып өткөн десем болот.
- Апаңыз жөнүндө кеп учугун чубасак?..
- Жакшы болот. Эми ар бир инсан үчүн апасы теңдешсиз болсо керек. Менин апам жөнүндө кеп сала турган болсом, мээрими ченемсиз эле. Апамдын мээримин күнгө салыштыргым келет.
- Кандайча күнгө теңедиңиз?
- Асманда күн жаркып, ааламга нурун чачып, бүт дүйнөнү мээримге бөлөгөн сыяктуу, апамдын мээрими үйүбүздү нурга бөлөп турчу эле учурунда. Ыраматылык, башкача жан эле.
- Кайсыл тамагын сүйүп жечү элеңиз?
- Ар бир тамагы жагар эле. Эсимде дандырга жапкан наны өтө даамдуу болчу. Жаңы бышкан нанды туурап, сары май кошуп берер эле. Ошол нандардын даамы алиге чейин таңдайымдан кетпейт. Түштүктүн визиткасына айланган палоону апам келиштире басчу. Ар бир тамагы кайталангыс даамдуу болучу.
- Кандай тарбия бере алды?
- Апам, Исакова Ырысбү бизге гана тарбия бербестен бүт айылды тарбиялады. Себеби апам мугалим болуп эмгектенчү. Ар бир окуучунун жакшы бааларды алуусуна ал гана эмес, келечектеги кесибин тандоосуна апам колдон келишинче өбөлгө түзүп тура тарбия бере алган, алдыңкы мугалим эле деп сыймыктана айта алам.
Дин жолунда жүргөн адам эле. Атамдын көзү тирүү кезинде экөө ээрчишип алып ажыга барып келишти. Атамдын көзү өткөн соң деле мусулмандык парыз болуп эсептелген ажылык сапарга эки жолу барды. Жалпысы апам, үч жолу ажы болду. Арабыздан эрте кетти. Мени эрте кеткени өкүндүрөт. Биздин эл керегине жараган мезгилибизди көрбөй кеткенине кейим. Төрүбүздүн көркү болуп жүрсө болбойт беле деген өкүнүч жүрөгүмдү өрттөйт.
- Апаңыз мугалим болсо, сабактан башка мугалимдер деле жакшы баа койсо керек?
- Совет доорунда мугалимдин баласы сабактан билбейт деген уят нерсе эле. Апама тил тийгизбеш үчүн жакшы окууга тырыштым. Коомдук иштерден калбай катыштым десем болот.
- Алгачкы берген белегиңиз эсиңиздеби?
- Мектепте окуп жүргөндө колго жасалган гүл бергенимди эстейм. Ал эми, эс тартып өзүм маңдай терим менен акча тапканда берген белегим бул тыбыт жоолук болду. Ал жоолукту бергенимде апамдын кубанганын айтпа. Жоолугу жок калгандан эмес, азыр ойлосом мен эр жетип, адам катарына кошулуп акча тапканыма кубанган тура. Апам ар бир жетишкен ийгилигиме кубанып, кеп кеңеш берип турар эле.
- Кайсыл сапатын баалайсыз?
- Апамда жараткан аял затына ыраа көргөн жакшы сапаттардын баары камтылган эле. Чыдамкайлыгы, көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу жанда жок болчу.
- Апаңыздын сизде кайсыл сапаты камтылган?
- Чыдамкайлык сапаты менде бар. Апам турмуштун оор сыноолорун кабагым кашым дебей көтөрө билчү.
- Балдарыңызга алган тарбияңыздан бере алдыңызбы?
- Мен он алты бир-тууганмын. Ата-энем он алты баланы канатууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай таалим тарбия берип, эрезеге жеткиришти. Ата-энем берген тарбияны балдарыма татыктуу жеткирдим деп айтуу үчүн али эрте. Алардын даражасында тарбия берүү колдон келет деп мактанууда болбогон кеп. Элибизде айтылат го “Атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул” деп. Балдарым менден артык болсо гана атамдын тарбиясын жеткире алыпмын деп айтам деген ой бар.
- Айылга көп каттайсызбы?
- Көп эле барам. Өзүм айылда чоңойгон үчүнбү, айылым мени өзүнө тартып турат. Колум бошогондо же болбосо, кызматтык сапарым түштүкө болсо, сөзсүз айылыма кайрылам. Турмуштун тегирмен парасында, каржалбай эмгектенип жаткан айылдаштарым менен баарлашуудан рахат алам.
- Буга чейин кандай жолдорду басып өттүңүз?
- Менда эл катары туулган айылымды таштап кеткениме көп жыл болгон. Жогорку окуу жайды аяктадым. Андан соң, башка өлкөдө миграттык турмушту баштан кечирип, эл көргөн кыйынчылыкты көрүп, быштым жетилдим. Өз өлкөмө кайтып келип ишкерлик менен алектендим. Андан соң гана, элимдин керегине жарасам деген изги тилек менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келдим. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келүүмдүн бирден бир себеби элет жериндеги социалдык маселелерди чечүү болуп саналат. Кыскасы айылымдын боз топурактары кай жерде жүрсөм да эске келет.
- Айылга барсаңыз өзүңүздү эркин сезсеңиз керек?
- Албетте. Киндик каным тамып, ата-бабамдын сөөгү жаткан жер көзгө сүйкүм көрүнөт. Баары көзгө жылуу, тууган урук. Бир-туугандар дегендей, болгону керилип тосуп алчу атам, ак жоолугун бурай салынган апамдын гана жоктугу ич тызылдатат.
- Келинчегиңизди апаңызга окшотуп тандагансызбы?
- Апама окшошсун деп деле издебедим. Кудайым буйруп, жактырышып баш коштук. Апамчалык бийик инсан болбошу мүмкүн. Бирок жакшы жубай, балдарымдын ыймандуу апасы деп айта алам. Апам мен үчүн салыштыргыс эле да.
- Апаңыздын кайсыл сөздөрү эсиңизде сакталып калган?
- Апам, ыраматылык, ылайым бейиштен орун алсын! Мага карап, “Кыз балдарды сыйлаган жигит бай болот” деп койчу. Көрсө, ата-эненин көзү өткөн соң кыздарга баш көз болушсун дегени тура. Мен он алты бир тууган болсом. Эки эркек калганы кыз балдар.
Булак: BULUT.KG