Рубрика: Спорт

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусуна чыгышты

Кыргызстандык альпинисттер Гималай тоолорундагы Лабуче чокусун багындырышты. Бул тууралуу КР Спорттук альпинизм федерациясынын презитденти Эдуарт Кубатов социалдык тармак аркылуу билдирди. «Чокуну багындырдык! 21-апрелде саат 07:00дө Кыргызстандын 5 катышуучудан турган командасы…

Бүгүн килем үстүнө Мээрим Жуманазарова баштаган үч балбан кыз чыгат

Бишкекте Азиялык Олимпиадалык квалификациялык турнир өтүүдө. Мелдештин экинчи күнүндө Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстандан үч спортчу күч сынашат. 53 килограммга чейинки салмак ченинде Айжан Сабырбек кызы биринчи айлампаны…

Азия чемпионаты-2024: Бүгүн Акжол Махмудов баштаган балбандар килемге чыгат

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында бүгүн, 15-апрелде грек-рим күрөшү боюнча мелдештер старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күрөштүн бул түрү боюнча бүгүн жалпысынан…

Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

Бүгүн Бишкекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат. Мелдеш «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 11-16-апрель аралыгында өтөт. Чемпионатка Азиянын 30дан ашык мамлекети катышаары белгилүү болду.…

Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы «Барселона» футбол академиясына барды

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясына барды. Бул тууралуу КФБнын маалымат кызматынан билдиришти. Визиттин жүрүшүндө КФБ жетекчиси академиянын тарбиялануучуларынын машыгуу процессин көрүп, алардын…

Камчыбек Ташиев: Ороктогу жаңы футбол стадиону FIFA`нын бардык талаптарына жооп берет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, КР футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев бүгүн Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшүн текшерди. Анын айтымында, жаңы стадион эл аралык талаптардын барына жооп берет. Ал…

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Ага ылайык, мелдеш 28-29-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулмакчы.…

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжине барды. Сүрөттөр

Бүгүн, 2024-жылдын 3-апрелинде КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде болду. Алгач, УКМК төрагасы курулушу жүрүп жаткан РСКнын жазгы футбол…

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

18-22-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Казакстан,…

Футбол биримдигинин Чүй облусу боюнча аймактык өкүлү дайындалды

Киемиддин Пириев Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) Чүй облусу боюнча аймактык өкүлү дайындалды. Ал Артур Геворгяндын ордуна келди. Бул тууралуу КФБдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн КФБнын кеңсесинде Чүй облусунун аймактык ассоциациясынын…