Коом

Өлкөдө 2020-жылдын октябрь айынан, ушул күнгө чейин 193 объектти курулду

 Мамлекеттик курулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн, алар:

— 99 мектеп;

— 25 бала бакча;

— 16 саламаттык сактоо объекттери;

— 6 маданият тармагындагы объекттери;

— 5 спорткомплекс;

— 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;

— 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту ж.б.).

Анын ичинде облустар боюнча:

Чүй облусунда — 22 объект;

Баткен облусунда — 46 объект;

Жалал-Абад облусунда — 27 объект;

Ысык-Көл облусунда — 18 объект;

Нарын облусунда — 18 объект;

Ош облусунда — 47 объект;

Талас облусунда — 15 объект.

Мындан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Президент социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» мыйзамы 9-мартта Жогорку Кеңеште кабыл алынды.

Бул мыйзамдын максаты Социалдык фонддун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктарын бекитүү болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Арзыбек Кожошев «ЭКСПО — 2020» көргөзмөсүндөгү улуттук павильонго барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапарынын алкагында «ЭКСПО — 2020» Дүйнөлүк көргөзмөсүндөгү Кыргыз Республикасынын улуттук павильонуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын улуттук павильонундагы кыргыз элинин нукура маданиятын, каада-салтын жана үрп-адатын чагылдырган экспозициялар менен таанышты, ал 2022-жылдын 30-мартында Эл аралык көргөзмө бюросунун сыйлоо күнүндө 40тан ашык өлкөнүн арасында «Theme Development» категориясындагы «Мүмкүнчүлүк» тематикалык кластеринде ардактуу үчүнчү орунга ээ болгон.

Ошондой эле Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмираттарынын, Россия Федерациясынын жана башка бир катар мамлекеттердин улуттук павильондорунда болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Россия Федерациясынын илимий-технологиялык жетишкендиктери жана Бириккен Араб Эмиратынын архитектуралык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Арзыбек Кожошев «ЭКСПО — 2020» Дүйнөлүк көргөзмөсүнүн уюштурулушун жогору баалап, көргөзмөнүн «Идеяларды айкалыштыруу менен келечекти түзүү» урааны көргөзмөнүн философиясына толугу менен шайкеш келип, дүйнөгө жаңыча кароого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Президент Олимпиада-2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Токиодогу (Япония) ХХХII жайкы Олимпиада-2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Ата мекендик спортту өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн төмөнкүлөр сыйланды.

 

II даражадагы «Манас» ордени менен:

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Махмудов Акжол Махамаджанович. Ошондой эле Олимпиада оюндарында күмүш медаль утуп алгандыгы үчүн ага 10 млн сомдук сертификат жана «Toyota RAV4» жаңы авто унаасынын ачкычы тапшырылды;

 

 

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тыныбекова Айсулуу Болотовна. Ошондой эле Олимпиада оюндарында күмүш медаль утуп алгандыгы үчүн ага 10 млн сомдук сертификат жана «Toyota RAV4» жаңы авто унаасынын ачкычы тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Изабеков Нурбек Канатбекович. Ага 8 млн 150 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжинин грек-рим күрөшү бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Ахметов Мейрамбек Жанилович. Ага 2,5 млн сомдук сертификат тапшырылды.

III даражадагы «Манас» ордени менен:

 

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна. Ошондой эле Олимпиада оюндарында коло медалын утуп алгандыгы үчүн ага 7 млн сомдук сертификат жана «Toyota RAV4» жаңы авто унаасынын ачкычы тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Эркимбаев Азат Сталбекович. Ага 3,3 млн сомдук сертификат тапшырылды.

«Даңк» медалы менен:

 

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Медет кызы Айпери. Ошондой эле Олимпиада оюндарында 5-орунду алгандыгы үчүн ага 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Расулбеков Бекдөөлөт Расулбекович; Ошондой эле Олимпиада оюндарында 6-орунду алгандыгы үчүн ага 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Шаршенбеков Жоламан Назарбекович; Ошондой эле Олимпиада оюндарында 7-орунду алгандыгы үчүн ага 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Петрашов Денис Евгеньевич;

Бишкек шаарындагы Медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностикасынын дарыгери Алишева Бактыгүл Насаровна. Ага 1,5 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Карачолоков Улукбек Осконбаевич. Ага 2,750 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Кенжебаев Байгазы  Бобунович. Ага 4,5 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу, оор атлетика боюнча балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектебинин оор атлетика боюнча окутуучу- машыктыруучусу Молдодосов Омуржан. Ага 500 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Чокаев Сатыбек Мухамедович;

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Маслова Дарья Владимировнага;

Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин кыз-келиндер күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу- машыктыруучусу Жуманазаров Рахмадил Кадыркуловичке;

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы ыйгарылды:

Кыргыз Республикасынын спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы Макешов Кабыл Асангелдиевичке;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

 

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Азисбеков Атабек  Азисбекович;

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акматалиев Эрназар Кубатбекович;

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыз-келиндер күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу- машыктыруучусу Базакечев Тугельбай Молдобаевич. Ага 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жузупбеков Үзүр Даниярбекович;

Кыргыз Республикасынын фехтование боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Петров Роман Александрович;

Бишкек шаарынын медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун улук массажисти Еремич Константин Марьянович. Ага 1,5 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Ош шаарынын №2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу Жамалдин уулу Акпарали. Ага 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;

Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин эркин күрөш бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Изабеков Чынарбек Корчубекович. Ага 1750 млн сомдук сертификат тапшырылды;

 

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, «Ынтымак» олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин сууда сүзүү боюнча окутуучу-машыктыруучусу Петрашов Евгений Георгиевич;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Таабалды уулу Сүймөнкул;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу, оор атлетика боюнча балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектебинин оор атлетика боюнча окутуучу-машыктыруучусу Токтоналиев Камбар Калысбекович. Ага 300 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы Бишкек шаары;

Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясы Бишкек шаары.

Президенттин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыяланды:

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кенешбеков Нурсултан Абылбековичке;

Кыргыз Республикасынын ок атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кубанычбекова Каныкей Бообековнага;

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Лазарев Айаал Петровичке;

Кыргыз Республикасынын Күрөш боюнча федерациясынын ардактуу вице-президенти Бегалиев Канатбек Кубатовичке;

Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү  Золоев Владимир Руслановичке;

Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча федерациясынын мүчөсү Алтынбек уулу Мирбекке;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу  жогорку жетишкендиктерди талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Аскарбеков Марат Аскарбековичке;

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президентине Асылбек уулу Дамирбекке;

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президентине  Бекбоев Алмаз Мирбековичке;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Борисова Татьяна Викторовнага;

Азия күрөш федерациясынын Аткаруу комитетинин мүчөсү Жекшенов Талант Табылбековичке;

Кыргыз Республикасынын Күрөш  федерациясынын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллаевичке;

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти Исаева Динара Шертаевнага;

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин оор атлетика бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Капаев Руслан Бекбосуновичке. Ага 100 миң сомдук сертификат тапшырылды;

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын башкы катчысы Кемелова Адинай Кемеловнага;

Р. Санатбаев       атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин  грек-рим күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Махмудов Хакимге;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Маджинов Русланбек Муратовичке;

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти Монолов Айбек Кытайбековичке;

Чүй облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын алдындагы Панфилов балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин окутуучу-машыктыруучусу Суровцев Виктор Васильевичке;

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын ардактуу вице-президенти Торогелдиев Асеин Тургунбековичке;

Азия күрөш федерациясынын Аткаруу комитетинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти Турганбаев Мелис Токтомамбетовичке;

Кыргыз Республикасынын Фехтование федерациясынын фехтование боюнча окутуучу-машыктыруучусу Черных Александр Георгиевичке;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Чокаев Сатыбек Мухамедовичке;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Юнусов Абдужалил Мажитовичке;

 

 

Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигине;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке;

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетине;

Кыргыз Республикасынын  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «КТРК Спорт» телекөрсөтүү каналына;

«Акнет» жоопкерчилиги чектелген коомуна.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио-2020»: Олимпиада оюндарында Кыргызстан 70-орунга жайгашты

23-июлда башталган «Токио-2020» XXXII Жайкы Олимпиада оюндары 8-август күнү жыйынтыкталды. 16 күнгө созулган спорттук иш-чараларга 206 өлкөдөн 12 миң 500 спортчу катышып, 41 спорт түрүнөн жалпы 339 медаль үчүн ат салышты.

Кыргызстан медалдык жалпы жыйынтыкта 2 күмүш, 1 коло менен Олимпиадалык рейтингде 70-орунга жайгашты.

Тизменин сап башында 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло медаль менен Америка Кошмо Штаттары орун алган. Андан соң Кытай 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байге менен 2-орунга жайгашса, Япония өлкөсү 27 алтын, 14 күмүш, 17 коло медалы менен алдыңкы үчтүктү жыйынтыктады.

Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 3 алтын, 2 коло байгеси менен 32-орунга жайгашты. Андан кийин эле Кыргыз өлкөсү 70-орунда. Түркмөнстан 1 күмүшү менен 77-катарда, Казакстан 8 колосу менен 83, ал эми Тажикстан өлкөсү Олимпиададан эч бир медалсыз кайтышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио 2020»: Айсулуу Тыныбекова күмүш медалдын ээси болду

Бүгүн, 4-августта «Токио 2020» XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча  Айсулуу Тыныбекова япониялык спортчу айым Юкако Каваи менен килемге чыгып 3:4 эсебинде жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен беттешип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен.

Кечээ, 3-августта Тыныбекова  украиналык балбан Ирина Коляденко менен кез келди. Анда  атаандашын буйдамга келтирбей, 10:0 эсебинде жеңип алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио-2020»: Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болду

 Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-август күнү килем үстүнө чыкты.

Махмудов  алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыгып, чейрек финалда Акжол Махмудов азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Акжол Махмудов армениялык күчтүү делинген Карапет Чалян менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алган.

Муну менен кыргыз балбаны Олимпиада оюндарынын финалына чыгып, анда венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио-2020»: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Бүгүн, 3-августта кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет мелдешке чыкты.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалда жеңишке жетишип, финалга чыкты.

Айсулуу украиналык балбан Ирина Коляденко менен кез келди. Анда  атаандашын буйдамга келтирбей, 10:0 эсебинде жеңип алды.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыккан.

Ал эми чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен беттешип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио-2020»: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыкты.

Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Акжол Махмудов азербайжандык Рафиг Хусейнов менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 9:1 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Акжол Махмудов дагы бир күчтүү делинген армениялык Карапет Чалян менен кез келет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио-2020»: Мээрим Жуманазарова чейрек финалда атаандашына жеңилип калды

Токиодо өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиадасында күрөш боюнча турнирде 68 килограммга чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова 1\8 финалда болгариялык Мими Христово менен кез келип, 6:5 эсебинде акыркы секундда жеңип алган.

Муну менен Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыгып, анда нигериялык Блессинг Оборудуду аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашына 3:2 эсебинде жеңилип калды. Эгерде нигериялык балбан кыз финалга чыкса Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио-2020»: Кыргыз желеги Токиодо желбиреди

Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүүдө. Ачылыш аземде Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн спортчулары өз өлкөсүнүн желегин көтөрүп, салтка айланган параддан өтүштү.

Кыргыз өлкөсү парадда 56-номер менен чыгып, өлкө желегин суучул Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыкты. Парадга эң алгач Олимпиада оюндарынын мекенин көрсөткөн Грециянын курамасы чыкты. Андан кийин качкындар тобу параддан өттү.

Олимпиаданы өткөрүүчү өлкө Япониянын курама командасы парадды жабат. Япониянын алдында кийинки эки жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган АКШ жана Франция командалары өтөт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Токио-2020»: Өлкө желегин Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин суучул Денис Петрашов менен ок атуучу Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбеков билдирди.

«Учурда Токиого Кыргыз спортчуларынан Роман Петров, Денис Петрашов, Каныкей Кубанычбекова жана Владимир Золоев келди. Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин Денис Петрашов менен Каныкей Кубанычбекова көтөрүп басышат», — деди Аскарбеков.

Ошондой эле ал спортчулар күн сайын коронавируска каршы тест тапшырып жатканын кошумчалады.

Кыргыз өлкөсү ачылыш аземдеги парадда 54-номурда чыгат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

2020-жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси 5 пайызга төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2020-жылы 452 млрд сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Муну менен катар, 2020-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү өлкө боюнча 425 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга төмөндөдү.

Калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери 2020-жылы айына 5 600,4 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 6,9 пайызга кыскарды.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери өткөн жылга салыштырганда бир пайызга төмөндөп, 2020-жылы айына 5 625,4 сомду түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ички иштер министрлиги 2020-жылдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады (сүрөт)

2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

 
Жыйындын негизги темасы катары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын өткөн жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу каралды. Андан сырткары, соттук-укуктук реформанын жүрүшү тууралуу жана 2021-жылга карата негизги уюштуруу иш-чаралар мерчемин талдап бекитүү жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоонун абалы жана жарандардын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы негизги маселелер талкууга алынды.
Коллегияда биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өз баяндамасында, ички иштер органдарынын 2021-жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгиледи. Ал негизинен үч бөлүктөн турган коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктер жана орун алган кемчиликтер, коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча баяндама жасады.
“2020-жылы коомдук коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер министрлиги өздөрүнө коюлган тапшырмаларды өз убагында аткара алды. Эпидемиялык татаал шартта милиция кызматы коомдук тартип камсыздоо багытында айрыкча, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал мезгилдеринде бардык посттордо, обсервациялык жайларда, чек ара тилкелеринде жергиликтүү бийлик органдары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте сапаттуу иш жүргүзө алды. Андан башка да коомдук саясий жана социалдык кырдаалдарды турукташтурууда ички иштер органдарын татыктуу иш алып баргандыгын белгилеймин”, — деди министрдин биринчи орун басары.
“Карантиндик чектөөлөр аяктагандан кийин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук тартип камсыздалып, октябрь окуялары учурунда жарандык коом менен бирге өлкөнүн бардык аймактарында жалпы коопсуздукту камсыздоо иштери жүргүзүлүп, массалык талап-тоноолорго жол берилген жок. Андан кийин декабрь айынан баштап Президенттик шайлоо аяктаганга чейин коопсуздук чаралары ишке ашырылды. Жалпылап айтканда, 2020-жылы эпидемиялык абалды, коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууда ички иштер органдары ишмердигин татыктуу алып баргандыгын билдирип кетмекчимин”,-деди ал.
“Жогоруда белгиленип өткөн эпидемиялык жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, ички иштер министрлиги бир катар жетишкендиктерге жетише алды. Атап айтканда, ченемдик укуктук базалар жакшыртылып, 67 укуктук ченемдик актылар иштелип чыкты.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртып, элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн буга чейин 7 борбор, 16 пункт “Бирдиктүү терезе” аталыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү түйүндөрү ачылган. Ушул иш-чараны улап, 2020-жылы 8 жерге пункттар ачылды (Сүлүктү, Таш-Көмүр шаарларында, Ат-Башы, Өзгөн, Тон, Жети-Өгүз, Манас жана Бакай-Ата райондорунда). Быйылкы жылы 6 районго ушундай эле “Бирдиктүү терезе” пункттарын ачууну пландап жатабыз (Жумгал, Аксуу, Түп, Талас, Араван, Ноокен райондоруна).
Буга чейин 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагына пилоттук долбоор катары “Патрулдук милиция кызматы” ишке киргизилген. Бул кызмат өзүнүн ишмердигин жакшы жактан көрсөтө алгандыктан, 2020-жылдын декабрь айында Ош шаарына ушундай кызматты ишке киргиздик. Быйылкы жылы каржы-каражаттарга карап, талдоолордун негизинде дагы башка аймактарга киргизүүнү пландап жатабыз.
Чек ара чыр-чатактарын алдын алуу жана элдин коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу үчүн, ички оптимизация иштерин жүргүзүп, Баткен облустук ички иштер органдарына 20 штаттык бирдик кошумча берилип, ишмердиги күчөтүлдү. Аны менен бирге, Лейлек районуна Ички аскерлердин кызматкерлери үчүн бардык шарты бар имараттын курулуш иштери жүргүзүлүүдө, аталган имаратты 1-чейректин аягында ачып, ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле, Баткен районунун аймагында ушуга окшогон имаратты 3-чейректин аягында ишке киргизебиз. Ош облусунун Кара-Суу районунда “Кызыл-Кыштак Айылдык милиция бөлүмү” ишке киргизилди.
Азыркы учурда эл арасында коомдук тартипти күчөтүү максатында, “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы элди кабыл алууга бардык шарты түзүлгөн атайын жылып жүрүүчү 42 даана автоунаа кабылдамалары ишке киргизилип, ушул январь айынын ортосунан баштап эл арасында иштеп келүүдө. Бул иш-чара элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатып, коомчулук арасында келип чыккан көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө багытталган. Анын ичинде, 33 автоунааны демөөрчүлөрдүн жардамы менен (ЭККУ), 9 даанасын өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштүрүп, жер-жердеги ички иштер органдарына таратып бердик. Жакынкы арада демөөрчүлөрдөн дагы 6 автоунаа алууну пландап жатабыз. 2020-жылы эл аралык өнөктөштөрдөн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 107 автоунаа алынып, жер-жердеги ички иштер органдарынын ишмердигин күчөтүү үчүн таратылып берилген.
Кызматкерлердин социалдык шартын жакшыртуу үчүн Нарын шаарына 60 батирлүү үй курулуп, кызматкерлерге тапшырылды, ошол эле учурда бардык шарты бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмү курулуп, ишке киргизилди. Андан тышкары, Бишкек шаарында 216 батирлүү, Ош шаарында 240 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштерин аягына чыгаруу мерчемделген”,-деп баса белгиледи Сүйүн Өмүрзаков.
“Негизинен, ички иштер органдарынын ишин жакшыртып, элге татыктуу кызмат өтөө үчүн бир катар пландар бар. Алардын негизгилерине токтоло кетсем: “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 306 жерге аппараттык-программалык комплекстерди орнотууну аягына чыгаруу (266 стационардык, 40 жылып жүрүүчү). Аталган аппараттар региондорго жана негизги мамлекеттик маанидеги трассаларга орнотулат .“Коопсуз шаар” долбоорун андан ары өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарынын кичи райондоруна “Коопсуз район”, “Коопсуз көчө”, “Коопсуз короо” аталыштагы долбоолорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы ишке ашыруу боюнча уюштуруу чараларын көрүп жатабыз.
Жогоруда аталган жетишкендиктерден тышкары, кылмышка каршы күрөшүүдө орун алган жетишкендиктерге кыскача токтоло кетсем. Эл арасында резонанс жараткан ок атуучу курал колдонуп, каракчылык жол менен жасалган 10 кылмыштын бетин ачууга жетиштик. Алардын негизгилери Бишкек жана Чүй облустарында катталып, ыкчам иликтөөлөрдүн негизинде кылмышкерлер колго түшүрүлгөн. Аны менен бирге, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, ар түрдүү кылмыш жасаган уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү кармалды. Жалпылап белгилегенде, өткөн жылы 1 миң 229 кишиден турган 473 кылмыштуу топтор кармалган. Алар тараптан 1 миң 191 оор жана өтө оор кылмыштар жасалгандыгы аныкталган.
Бул иш-чаралар мындан ары дагы улантылып, кылмыштулукка каршы күрөшүү чаралары дагы күчөтүлөт деп белгилеп кетмекчимин. Дагы тактап айып кете турган болсом 2020-жылдын 12 айында ички иштер органдарына 132 миң 735 кылмыштар жана жоруктар катталып, 2019-жылга караганда 13,6% аз катталган.
Анын ичинде 72 миң 233 кылмыш катталып 2019-жылга 7,9% аз катталган. Ал эми жоруктар 60 миң 502 жорук катталып, 2019-жылга караганда 19,6% аз катталган.
2020-жылы өндүрүштө турган 47 миң 439 кылмыштар менен жоруктардын 33 миң 439нун бети ачылып, кылмыштар менен жоруктардын бетинин ачылышынын жалпы көрсөткүчү 69,7% түздү, башкача айтканда былтыркы жылга караганда 9 миң 984 учурга көп ачылган. Соттун кароосуна 15миң 267 кылмыш, 8 миң 29 жорук, жалпы жонунан алганда 23 миң 296 иши сотко жөнөтүлүп, 2019-жылга караганда 10 миң 188 ишке көп жөнөтүлгөн.
Жалпылап айтканда, 2020-жылы кылмыштар менен жоруктардын бетин ачуу, өндүрүш иштерин жүргүзүү, аны сотко жөнөтүү 2019-жылга жылга караганда салыштырмалуу натыйжалуу болду. Бирок, ошого карабастан ИИМдин коллегияларында коюлган тапшырмалар, аппараттык кеңешмелерде кабыл алынган чечимдер толук кандуу аткарылбай калган учурлар да жок эмес. Ысык Көл, Нарын жана Чүй областында кылмыштар менен жоруктардын бетин ачуу, сотко жөнөтүү жана кылмышкерлерди издөө багытында кемчиликтер бар.
Айрыкча, экстремизмге каршы күрөшүүдө жер-жердеги шаар-райондук бөлүмдөрдүн начальниктерине, ошондой эле башкармалыктардын ыкчам иштер боюнча начальниктеринин орун басарларына кайрылып кетким келет: Жасалма түрдө отчётту жогорулатууну токтотуңуздар. Себеби, экстремизм боюнча катталган кылмыштардын айрымдары формалдуу болгондугу байкалууда. Баңгизаттарга каршы күрөшүү багыты боюнча да кемчиликтер бар. 2020-жылы карата өлкөдө баңгизаттардын жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 миң 307 кылмыш жана укук бузуулар катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 тонна 335 кг баңгизаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жана башка бангизаттары алынган. 2019-жылга салыштырмалуу сандык жана сапаттык жактан айырмачылыктар жана кемчиликтер бар экендигин да айтты.
Жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча ал төмөндөгүлөргө токтолду. Негизинен, жол кырсыктары боюнча статистика менен гана чектелип келе жатабыз”,-деди Сүйүн Өмүрзаков. Ал жол кырсыктарынын жалпы абалына кыскача токтолуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын чаралар өз денгээлинде жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи, айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад областарында жана Ош шаарында жол кырсыктары өсүп кеткен. Статистиканын жалпы саны 8,1% төмөндөгөн менен каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны токтогон жок. Алсак, 2020-жылы 6 миң 126 кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам жаракат алды. Демек бул багытта үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү керектигин белгиледи.
Министрдин биринчи орун басары сөзүнүн аягында кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууну жакшыртуу жана ошондой эле кызматтык тартипти да бекем сактоону, өздүк курам арасында таалим тарбияны жакшыртууну да учурдун негизги талаптары экендиги айтылды.
Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча ыкчам-тергөө иштерди күчөтүү керектигин айтып, кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу, кылмыш иштерин сапаттуу, калыс жана ар тараптуу иликтөө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүү, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.
«Биз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун эффективдү жолдорун камсыз кылышыбыз керек. Кылмыштуулукту алдын алууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштардын бетин ачууда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында ишмердүүлүктү күчөтүү керек. Ошондой тергөө жана жоруктар боюнча кызматтардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу менен тергелип жаткан иштердин сапаттуулугун жогору көтөрө алабыз”,- деди Улан Ниязбеков.
Министр ички тартипти чыңдоо, мыйзам бузгандарды, кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн ар бир кызматкер жоопкерчилик тартаарын белгиледи. “Ошондой эле милиция кызматкери коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өзүнө тагылган милдеттерди так жана мыйзам чегинде аткарышы керек. Эч кандай саясатка кийлигишпестен коомдук тартипти сактоодогу парзын жана милдетин гана аткарышы керек. Таза иштеши керек. Мыйзам бузгандарга карата катуу чараларды көрөбүз”,- деди ал.
Коллегияда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын, Тергөө кызматынын, Жоруктар боюнча башкармалыгынын, Криминалдык милиция кызматынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, башкармалыктарынын коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен катуу электен өткөрүлдү. Жол коопсуздугун камсыз кылууда, криминалдык милиция кызматынын кылмыш бетин ачуудагы кемчиликтери жана алдын алуу иштери начар жүргүзүлүп жаткандыгын айтып ички иштер органдарынын жер-жерлердеги милициянын башчылары тарабынан кемчиликтер бар экендигине байланыштуу кескин сын айтып аны кыска мөөнөттүн ичинде жоюу тапшырмалары берилди.
Улан Ниязбеков коллегияны жыйынтыктап жатып өздүк курам алдына конкреттүү кошумча тапшырмаларды койду. Алдыда боло турган бардык шайлоо процесстерине киришпөөгө, саясаттан оолак болууну, шайлоо учурунда бир гана коопсуздукту сактоо милдети бар экендигин, өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин так так аткарууну жана мыйзам бузууларга жол бербөөнү дагы бир жолу эскертти.
“Ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогорулатууга аракеттерди көрүп, кандай гана кыйынчылыктар болбосун ишмердүүлүгүбүздү толук кандуу аткаруубуз шарт. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктердин коопсуздугун сактоо жана кылмыштардын жана жоруктардын бетинин ачылышы боюнча иштерди күчөтүү керек.
Ошондой эле ички иштер министрлигинин кызматтык бөлүктөрүнүн жана жер-жерлердеги ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери кайрадан каралып, оптималдаштырууга сунуштар берилсин. Кызматкерлердин социалдык жактан камсыздандыруу боюнча иштерди улантуу, ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базаларын жаңыртуу, ички иштер органдарынын санариптештирүү багытында иштерди аткаруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунун ишмердүүлүгү күчөтүү, чет элдик туристтердин коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздоо жана жерлерди басып алуу, рейдерлик иш-аракеттерге жол бербөө багыттарына өзгөчө көңүл бурулсун.
Милициянын көчмө кабылдамасынын иши күчөтүлүп, ар бир жетекчи өзү эл менен жолугушууларга барсын, эдин суроо талаптарын, мүдөөсүн уксун жана алар кайрылган маселелерди мыйзам чегинде чечүү маселесин кароону тапшырамын,- деди Улан Ниязбеков.
Коллегиянын жыйынтыгы менен он бештен ашуун жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилди, ошондой эле 2021-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ушул эле кызматтын Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү каралат.
Ошондой эле Чаткал, Тоң, Панфилов, Жайыл РИИБүнүн, Кара-Көл жана Токмок ШИИБнын, ошондой эле Чүй ОИИББнын, Ош ОИИБнын, Нарын ОИИБнын тиешелүү кызматтарынын оор жана өзгөчө оор кылмыштарды ачуудагы, кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы ишмердүүлүгү да биринчи чейректин жыйынтыгы менен карала тургандыгы коллегияда белгиленди.
Ошондой эле коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн коллегиянын чечими менен Ысык Көл ОИИБнын начальниги Улан Асанбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
“Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурулат. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

2020-жылы салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогултту

Бүгүн, 8-февралда 2020-жылдагы иш-аракетинин жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан  кабарлады.

Коллегиянын ишине Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн начальниктери, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышты.

Коллегиянын отурумунда салыктык тескеп-башкаруунун бир катар актуалдуу маселелери каралды.

Анын ичинде 2020-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу боюнча салык кызматынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Ошондой эле салыктык (көчмө, камералдык) текшерүүлөрдү жүргүзүү, атайын салык режимдери боюнча салыктарды башкаруу, 2020-жылдагы карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүүдөгү сот иштеринин абалы боюнча аймактык салык органдарынын ишинин жыйынтыктары каралды.

Салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиев коллегия жыйынын жүрүшүндө 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча фискалдык органдын ишиндеги негизги жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу кыскача айтып берип, 2021-жылда чечиле турган маселелерге токтолду.

 

Ал 2020-жылы салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогултканын айтты. Коюлган план 100,2 %га аткарылган же 107,3 млн сомго ашыкча жыйналган. 2019-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 324,7 млн сомго көбөйгөн.

Салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу бир катар факторлор аркылуу ишке ашты. Атап айтканда, 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук счет-фактуралар да өзүнүн жыйынтыктарын беришти. Мындан тышкары, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, 2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 33 млрд 190,8 млн сомду түзгөн. Жеткирилген план 100,5 % га аткарылган же 163 млн сомго ашыкча жыйналган.

 

2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 766,1 млн сомго көп чогултулган.

Салык кызматынын башчысы белгилегендей, салык кызматынын алдында 2021-жылга карата салыктарды 96,7 млрд сом жана камсыздандыруу төгүмдөрүн 38,2 млрд сом суммасында жыйноо боюнча амбициялуу милдет турат. Ошону менен бирге салыктар боюнча өсүү темпи 125,6 %ды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 115 %ды түзөт.

“Салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноодо болжолдуу көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшоого жана толук көлөмдө аткарууга тийиш”, – деди К.Абдалиев.

Салык кызматынын жетекчиси коллегиянын отурумунун күн тартибинде коюлган ар бир маселе боюнча тигил же бул коюлган милдеттерди так аткарбаган жана иштин төмөндөөсүнө жол берген аймактык салык органдарынын начальниктерин бирден жооп алды.

 

Тактап айтканда, салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызды өндүрүү жана кыскартуу канааттандырарлык эмес деңгээлде болгону, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн, анын ичинде рейддик иш-чаралардын жергиликтүү бийлик органдары жана башка мамлекеттик органдар менен салыктарды башкаруу маселеси боюнча өз ара аракеттенүүлөрдүн сапатынын төмөндүгү болгону белгиленди.

Өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылган салык органдарынын начальниктерине карата эң катуу чаралар көрүлөөрүн, ээлеген кызматынан бошотууга чейин бараарын, ал эми зарыл болгон учурларда тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына берилээрин Салык кызматынын жетекчиси эскертти.

Салык кызматы 2021-жылы республиканын бардык аймагын камтуу үчүн салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын оптималдуу топтому менен сервистик борборлор системасын андан ары өнүктүрүү, Салык кызматынын түзүмдүк бөлүктөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы электрондук документ жүгүртүү чөйрөсүн кеңейтүү, салык төлөөчүлөр менен ыкчам байланыш системасын өнүктүрүү, анын ичинде салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана салыктык жол-жоболор жөнүндө өз убагында маалымдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун үстүндө иштейт.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салыктык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана электрондук түрдө салык отчетторун берген салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу жана өндүрүү, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча жана салык органдарынын кызматкерлери тарабынан этика ченемдерин сактоону камсыз кылуунун үстүндө иштер улантылат.

Ошондой эле, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу компоненттерин сапаттуу жана өз учурунда киргизүү жаатында иштер жүргүзүлөт. Айрыкча, 2021-жылдын 1-апрелинен тартып программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машиналар киргизилет, ошондой эле санариптик идентификациялоо каражаттары менен тамеки жана алкоголдук продукцияларды милдеттүү түрдө маркалоо иштери башталат.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2020-жылы айдоочулук күбөлүктү алгандардын саны өстү

Кыргызстанда 2020-жылы 2019-жылга караганда 119 миң 970ге азыраак унаа номери, айдоочулук күбөлүк 29 миң 192 даанага көбүрөөк берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мурунку жылы 309 миң 870 бирдик транспорттук каражаттары катталды, анын 37 миң 699 бирдиги чет өлкөлөрдөн келген. Аймактын жана ээсинин өзгөрүшү менен 270 миң 695 бирдик катталды.

Өткөн жылы 189 миң 526 айдоочулук күбөлүк берилген, анын 187 миң 666сы улуттук, 1 миң 125и эл аралык стандарттагы күбөлүктөр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткен облусунда 2020-жыл ичинде дээрлик бардык жугуштуу оорулар эки эсе азайган

2020-жыл ичинде, областта, коноравирус инфекциясын эске албаганда, дээрлик бардык жугуштуу оорулар азайган.
Мунун себебин адистер COVID-19 инфекциясына байланыштуу, жарандардын санитардык, гигиеналык талаптарды жакшы сактагандыгы жана карантиндик чектөөлөрдөн улам, жарандардын коомдук жайлардан оолак болушу, коронавирус оорусунан сактануу үчүн ар дайым беткап кийип, туура жана витаминдүү тамактангандыгынын таасири дешет.
Маселен курч ичеги карын оорусу менен 2019-жыл ичинде 3591 оорулуу катталган болсо, 2020-жылы 1655 оорулуу катталып, салыштырмалуу 1936 оорулууга азайган.
Ал эми сасык тумоо менен ооругандар 2019-жылы 18038 адам болсо, 2020-жылы 13802 жаран ооруган. Натыйжада өткөн жылга салыштырмалуу 4236 адамга аз катталган.
Вирустуу гепатит менен 2019-жыл ичинде 1640 адам катталып, 2020-жылы 642 оорулууга азайган. Вирустук гепатит оорусунун В түрү менен 2019-жыл ичинде 26 учур катталган болсо, 2020-жыл ичинде 9 учур катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 17 учурга азайган. Вирустуу гепатит оорусунун С түрү болсо 2019-жыл ичинде 4 учур катталган, ал эми 2020-жыл ичинде 1 учур катталып, 3 учурга азайган.
Кургак учук оруусу менен ооругандар 2019-жыл ичинде 308 ооруган адам болсо, 2020-жыл ичинде 256 ооруган адам болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 52 адамга аз катталган.
Жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыр тарткандар 2019-жыл ичинде 1168 учур, 2020-жыл ичинде 658 учур катталып, салыштырмалуу 510 учурга аз катталган.
2019-жыл ичинде анемия (аз кандуулук) ооруусу менен ооруган адамдар 8407 түзүп, 2020-жыл ичинде бул оруу менен 5451 ооругандар же болбосо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2956 адамга азайган.
Бир гана бруцеллез оруусу менен ооругандар 2019-жыл ичинде 50 адам ооруган болсо, 2020-жыл ичинде 61 адам катталып, салыштырмалуу 11 учурга көбөйгөн.
Ал эми паратиф А жана В, сибир жарасы оорулары кездешкен эмес.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

ТВ-Видео

Видео. «Кыргыз биримдиги» коомдук бирикмесинин «Жыл мыктылары-2020» долбоору

Белгилүү продюссер, коомдук ишмер Дана Абдыбекова жетектеген «Кыргыз биримдиги» коомдук бирикмеси Ата мекендик өндүрүштүн алдыңкыларын, ийгиликтүү инсандарын, өзгөчө жаратмандарды, пандемиядагы оор күндөрдө кыйналган элге кол сунган ыктыярчыларды, кайдыгер карабаган кайрымдуу инсандарды жана албетте адам өмүрүн улантуучу  алтын колдуу дарыгерлерди, дизайнер, алып баруучу жана  аткаруучуларды ат көтөргүс эмгектерин даңазалап, моралдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарындагы эң мыкты «Palazzo» ресторанында 2020-жылды жыйынтыктап, ар бир ийгилик ээлерине «Жылдын мыктысы-2020» дипломдору жана сувенирлери менен сыйлап, аларга чоң мотивация бергенине коомчулук күбө болду. Ошол ажайып кечтеги видеону биздин окурмандарга тартуулап жатабыз.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМдин БМЖКККсы: «МАК-2020» операциясынын өткөрүлүшү боюнча жыйынтыгы

2020-жылдын март айынан декабрь айына чейин «МАК-2020» операциясын өткөрүүнүн жыйынтыгында ИИОнын кызматкерлери, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен аз ара аракетенүүнүн натыйжасында 119 баңги кылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 224 кг 682 гр баңгизаттар жана прекурсорлор алынды. Анын ичинен: героин – 2 кг 296 гр, апийим – 27 гр, гашиш – 38 кг 947 гр, марихуана – 76 кг 616 гр, каракуурай – 41 кг 216 гр, күкүрт кислотасы – 65 кг 80 гр, димедрол таблеткасы 10 000 даана – 500 гр жана 3 кг сымап (ртуть) алынды.
Ошондой эле, 16 бирдик сайсыз ок атуучу курал, 63 даана ок дары, 2 бычак жана РГ-үлгүсүндөгү 3 даана граната, 2 үн чыгаруучу граната алынды.
“Кара куурай” операциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында 1 миң 262 гектар жер изилденди жана анын ичинен 547 гектарда өсүп жаткан кара куурай орулуп алынып, салмагы суу абалында 389 т 920 кг кара куурай өрттөө жолу менен жок кылынды.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2020-жылы Бишкек мэриясы шаар тургундарына 12 миллион сомго жакын айып пул салды

Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда. 2020-жылы шаардыктарга «Бузуулар жөнүндө» кодекси боюнча 11 миллион 726 миң 500 сом суммасында 1446 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, шаардыктарга жана уюмдарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» боюнча 612 протокол түзүлгөн.

«Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн «Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу» боюнча 353 протокол, белгисиз жерлерде тиричилик жана өндүрүштүк таштандыларды өрттөө боюнча 267 протокол, (Жол курулмаларын бузуу боюнча — 67 протокол) жана (унаа жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу боюнча — 94 протокол) түзүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Адабият

2020 (жыйырма, жыйырма)

2020 (жыйырма, жыйырма)
2020 – катар эки нөл болуп,
Адамзаттын көрбөгөнү көр болуп,
Таандай каптап таажы вирус тумоосу
Талып калдык, табият бүт чөл болуп!
Компьютериң кээде талып калгандай,
Континенттер – калың эл көп, ар кандай.
Карантүн бүт каптап калып жер жүзүн
Карантинде жатты баары арданбай.
Канча жакшы адамдарды жоготтук?
Карантинге чыдап, бир жыл короттук!
2020 – катаал, кара жыл болдуң,
Карантиниң ала кет да болот, чык!
2020 – эки катар нөл болгон,
Жакшы баргын, калбайлы биз нөл бойдон!
21 – бул болсун “очко”, утуш жыл,
Жылдан болсун баары май, сүт көл болгон!
2020 жылда жаман так калды,
Жамандыкты эми сенде таштайлы!
Кел уй жылы, баарыбызды кубантчы,
Жаңы жылда баарын жаңы баштайлы!
24.12.2020.
Жедигер СААЛАЙ

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2020-жылда оор күндөрү жардам бергендерге “РАХМАТ” айтканды унутпайлы!

2020-жыл жалпы адамзаты үчүн оор жыл болду. Дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстанды да кыйгап өтүп кеткен жок.

Адамзаттын жашоосуна келген оор сыноодо кол сунуп, адам өмүрүн сактап, азык-түлүк түрлөрү, медициналык бет кап, ун, өсүмдүк майлары, стационардык ооруканалар, жасалма дем алдыруучу ИВЛ жабдыктары, кислород консентраторлору, медицина кызматкерлерине атайын кийимдери,  дары-дармек  үчүн Исмаил Матраимов фондуна рахмат!

COVID-19 илдетинен улам алгач карантин жарыяланды. Азык-түлүк запасы азайып, аз камсыз үй-бүлөлөр ачка калуу коркунучу туулду. Баардык кыймыл, иш токтоп, эл изоляцияда отуруп калышты.  Күнүмдүк жашоосуна нан таап жегендерге иштегенге таптакыр мүмкүнчүлүк болбой калды.  Чындыгында бир  топ үй-булөлөр тамак-ашка муктаж болуп калышты. Ошол учурда Кыргызстандын элине  И.Матраимов фонду эӊ көп жардам таратты. Алардын жардамы республиканын аймагына жетти. Пандемия толкунунда ооруканаларды ачып, өмүргө өтө зарыл болгон медициналык жабдыктарды, стационарды ачып миӊдеген адамдардын өмүрү сактап калды. Азыркы учурга чейин ошол кезде жардам алган карапайым калк И.Матраимов фондуна ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Келе жаткан 2021-жылда падемия коркунучу, оору-сыркоо болбосун! Элибизде бейкутчулук,  барчылык, токчулук болсун!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2020-жылы кайсы сөздөр көп изделгенин жарыяланды

2020-жылы «Яндекс» издөө системасы аркылуу «карантин», «пропуск» жана «конституция» сөздөрүн эң көп издешкен. Бул тууралуу интернет-компаниянын маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.

Ага ылайык, интернет-порталдын аналитиктери акыркы он жылдан бери «жылдын сөзүн» аныктап келишет. Алсак, 2012-жылы «мультиварка» деген сөз популярдуу болсо, 2015-жылы «тверк» (бийдин бир түрү) деген сөздү көп издешкен. Ал эми 2020-жылы «карантин» деген сөз көп колдонулган.

«2011-жылы колдонуучулар «Яндекс» интернет-порталынан планшет, купон тууралуу көп сурашкан. Андан кийинки жылы «мультиварка», «мем» жана «ультрабук» сөздөрүн көп теришкен. 2013-жылы «метеорит», «плейкаст» жана «промокод» деген сөздөр популярдуу болгон», — деп айтылат маалыматта.

2014-жылы Украинадагы окуялардан улам «майдан» деген сөзгө кызыккандар арбын чыкса, 2016-жылы колдонуучулар «Яндекс» порталынан «петиция», «вейп» деген эмне экенин сурашкан.

2017-жылы «майнинг», «криптовалюта», 2018-жылы «слайм», «каршеринг», 2019-жылы «рецессия», «люстрация» деген сөздөр популярдуу болгон.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2020-жыл дүйнө тарыхындагы эң начар жыл деп аталды

Америкалык Time журналы 2020-жылды дүйнө тарыхындагы эң начар жыл деп атады. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

Ага ылайык, журналдын жаңы номеринин тышында 2020 деген сан кызыл сызык менен чийилип, алдына «эң начар жыл» деп жазылган.

Time журналынын киносынчысы Стефани Зачарек журналга 2020-жыл көпчүлүк үчүн сыноо болгону тууралуу макала жазган. Анын айтымында, азыркы жашап жаткандардын басымдуу бөлүгү мынчалык катаал жылды башынан кечиришкен эмес.

«Азыр жашап жаткандардын көбүнүн башынан мындай оор жыл өткөн эмес. Жаратылыш кырсыктары, шайлоо, жарганаттан тарады делип Жер жүзүндөгү адамзаттын баарынын жашоосун өзгөртүп, 1,5 миллион адамдын өмүрүн алган вирус. Мунун баарына көпчүлүк даяр эмес болчу», — деп жазган ал.

Ошол эле учурда макаланын автору дүйнө тарыхында мындан да катаал, жаман жылдар болгонун эскерген. Бирок сасык тумоо пандемиясын, Улуу депрессия жана эки дүйнөлүк согушту көргөн адамдар азыр аз калганын белгилеген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

“МедиаЛаб–2020”. Жаштар акциясынын алкагында “Мен өзүм чечем” конференциясы уланууда

“Мен өзүм чечем” жаштар акциясынын алкагында өтүп жаткан “МедиаЛаб – 2020” конференциясы Ысык-Көлдүн жээгинде өз ишин улантууда. Шайлоо процессине карата жаштардын мамилесине арналган бул иш-чара USAID уюмунун каржылык колдоосу астында Эл аралык Республикалык Институт IRI жана Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү IFES тарабынан уюштурулган.    

Конференцияга шайлоо процессине арналган мыкты идеялар боюнча сынактын жеңүүчүлөрү, чыгармачылык топторду тузгөн студенттер, медиа-эскперттер жана эл аралык уюмдун өкулдөрү катышып жатат.

Медиа-эксперт жана шайлоо алдында берген убадаларга мониторинг жасоочу долбоордун жетекчиси Наргиза Нанакеева иш-чарага катышкан балдардын зээндүүлүгүнө, креативдүүлүгүнө, өз алдынча позицияларынын бекемдигине баа берди. «”МедиаЛаб – 2020” конференциясынын жыйынтыгында топторго бөлүнүп иштеп жаткан катышуучулар видеографикалык роликтерди жасашы керек.  Бүгүн экинчи күн. Кечээ идея жана сценарийлердин үстүндө иштедик. Бүгүн видеокамерага тартуу процессинин үстүндө иштеп жатабыз. Мен бул конференциянын катышуучулары болгон жаштар менен ошол продукцияларды жаратуунун үстүндө иштеп жатып абдан кубанып жатам. Жаштар идеялардын генератору жана ар бир роликти жасоо этабы аларды катуу кызыктырууда. Чарчаган киши жок. Эртеден кечке чейин кызуу жумуш жүрүп жатат. Эртең видеомонтаж иштери аяктаган соң мыктыларын тандайбыз»,- деп билдирди Наргиза Нанакеева.

Медиа-эксперт жана дизайн менен анимация студиясынын продюсери Мелис Орозалиев өз сөзүндө добуш берүүгө активдүү катышууга чакырган социалдык мүнөздөгү видеороликтин үстүнөн жаштар менен иштөө аны абдан кызыктырды «Бүгүн видео тартуу процессин баштадык. Буга чейин идея жана сценарийлердин үстүнөн иштегенбиз. Бардыгын ийне-жибине чейин талдап бышыктадык. Балдар абдан жөндөмдүү жана тырышчаак экен, тез эле үйрөнүп баары ойдогудай өтүп жатат. Албетте, биз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, сунуштарыбызды айтып жатабыз. Келечекте бул балдардан мыкты адистер чыгат», – деп Мелис Орозалиев өз сөзүн жыйынтыктады.

Конференциянын катышуучусу Аскарбекова Айсулуу жыл сайын өтүүчү бул иш-чарага биринчи жолу келген. Анын айтымында, роликтер аркылуу мамлекет үчүн маанилүү идеяларды жеткирүү абдан кыйын.  «Кечээ биз роликтердин сценарийлерин жазганды үйрөндүк. Атүгүл бир роликти тартууга жетиштик. Бүгүнкүгө видеого тартуу жана монтаж иштерин пландадык.  Эртең даяр материалдарды сунуштайбыз. Биздин максат адамдарды добушту сатып алуудан жана сатуудан алыс болууга чакыруу!» деп билдирди ал.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Шайлоо-2020. Башкы прокуратура добуш сатып алуу боюнча 83 материалды каттады

Башкы прокуратура добуштарды сатып алуу жана шайлоо документтерин бурмалоо фактылары боюнча 83 материал каттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлик мыйзамга ылайык, шайлоочуларга шайлоо участокторун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин, тизмелерди түзүү шайлоо комиссияларынын өзгөчө компетенциясы экендигин белгиледи.

«Шайлоо дарегин өзгөртүү шайлоо участкаларына массалык түрдө ташуу, документтерди бурмалоо жана добуштарды сатып алуу менен коштолгон учурларда, укук коргоо органдары токтоосуз чараларды көрүшөт. Мындай отчеттор жана фактылар боюнча жалпысынан 56 материал, шайлоо документтерин бурмалоо боюнча — 27 катталды », — деп билдирди аталган мекемеден.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Шайлоо — 2020. БШК бюллетендерди сүрөткө тартууга тыюу салынаарын эскертет

БШК шайлоочунун уюлдук телефон же камера менен бюллетендерди жашыруун добуш берүү үчүн сүрөткө тартууга укугу жок экендигин эскертет.

Мекеме, шайлоочу, жарандык милдетин аткаргандан кийин дагы бюллетенди сүрөткө тарта албай тургандыгын түшүндүрдү. Ошондой эле бюллетендин графасын кызыл, жашыл же кара сыя жана карандаш менен толтурууга тыюу салынат. Мындай учурда документ бузулган деп эсептелет.

Бекитилген календардык планга ылайык, бюллетендер 25-сентябрдан кечиктирилбестен басылып чыгышы керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун контролдук тизмесиндеги шайлоочулардын саны 3 миллион 465 миң адамды түзөт.

3 миң 847 шайлоочу өз маалыматтарын тактоону чечишти.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Шайлоо-2020: «Ыйман нуру» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

«Ыйман нуру» саясий партиясынын шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Партиянын буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Мурзакулов Бекболот Муктарбековичтин күбөлүгү жокко чыгарылды. Мындай чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кечээ, 9-сентябрдагы жыйналышта кабыл алынды.

«Ыйман нуру» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эркебаев Нурбек Турдалиевич катталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Шайлоо-2020: Улан Примов: «Биримдик» партиясы аймактардын социалдык маселелерин чечүүнү көздөйт

“Биримдик” Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо саясий партиясынан аттанган талапкер Улан Примов Алай районунун Будалык айыл аймагынын Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Оро-Добо айылдарынын тургундары менен жолугушту.

 Примов үгүт иштерин ата-журтунан баштоону туура көргөнүн айылдыктар менен болгон маегинде айтты. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, кичи мекенинин тургундарынын батасын алгандан кийин үгүт иштерин баштоону туура кордум, — дейт Улан Примов.

Талапкер “Биримдик” партиясынын платформасы тууралуу тааныштырып, анын максаттары тууралуу кенен айтып берди. Айылдыктар негизги маселелерден пенсия пособия албагандар да бар экенин айтышты. Мындан сырткары Примов жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн социалдык көйгөйлөрү тууралуу угуп, буюрса Парламенттен бийликке ар бир маселени жеткирерин убадалады.

Примов ошондой эле партиянын социалдык саясаты тууралуу айтып: «Бул жерде эң башкысы, мамлекет тарабынан калктын акчалай кирешесинин өсүшүнө багытталган, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн баарынан жогору турган мамлекет тарабынан так саясат жүргүзүлүүдө. Бул чөйрөдө биздин негизги милдеттерибиз социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин камсыз кылуу; калкты толук жумуш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү; убактылуу жумушсуз калган жарандарга жөлөкпулдарды мыйзамга ылайык, бирок минималдуу керектөө себетинен төмөн эмес өлчөмдө төлөө; жарандардын адилеттүү эмгек акыга болгон укугун ишке ашыруу; адамдардын тамак-ашка, турак-жайга, кийим-кечеге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон биринчи муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берген деңгээлде минималдуу эмгек акыларды жана жөлөкпулдарды белгилөө», — деди.

Мындан тышкары тургундар акыркы убакытта элди түйшүккө салган медицина тармагын жана жаштардын ден-соолугун чындоо борборлорун өкмөткө жеткирип, берүүнү өтүнүштү. “Чоң-кичине ар бир кызмат очогунун куруучусу ал очоктун эмне максатта курулгандыгын улам эстеп турса, иш өз нугу менен жүрүп, жемиштүү болот”, — дейт Улан Примов.

Алай эли “Биримдик” Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо саясий партиясынын талапкери Улан Примовду чын дилден колдоо ниетин билдиришти. Будалыктар Улан Примовду узатып жатып, ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын беришти.



«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Шайлоо-2020: Партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурлары аныкталды

Кечээ, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурларын аныктоо боюнча чучукулак өткөрдү.

БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, чучукулак саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык форматта өттү.

Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1. “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы,

2. “Мекенчил”,

3. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы,

4. “Мекеним Кыргызстан”,

5. “Реформа”,

6. “Ата Мекен” социалисттик партиясы,

7. “Замандаш”,

8. “Бүтүн Кыргызстан”,

9. “Социал-Демократтар”,

10. “Мекен Ынтымагы”,

11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”,

12. “Ордо”,

13. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“,

14. “Республика”,

15. “Кыргызстан”,

16. “Чоң Казат”.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Шайлоо — 2020. Сот «Актив» саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты

Бишкек административдик соту «Актив» саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Саясий партия соттон БШКнын шайлоо жарышынан четтетүү чечимин мыйзамсыз деп табууну суранган.  

Эскерте кетсек, партия 5 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес.

Белгилүү болгондой, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тарткан.

Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, “Активдин” документтерин текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Шайлоо-2020: ЕККУнун байкоочулар миссиясы өз ишин баштады

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзө турган миссиясы өз ишин баштады. Бул тууралуу 7-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында миссиянын жетекчиси, даниялык дипломат Томас Бозеруп билдирди.

Анын айтымында, кыргыз бийлигинин расмий чакыруусу боюнча иштей турган миссиянын негизги курамында Бишкекте иштеген 12 эксперт болот. Алардан тышкары 11-сентябрдан тартып жер-жерлерде узак мөөнөттүү 18 байкоочу иштей баштайт.

Миссия Кыргызстандын ЕККУнун алдындагы жана эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышына, демократиялык шайлоо өткөрүү стандарттарынын сакталышына көз салат.

ЕККУнун Бишкектеги борбору маалымдагандай, коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам байкоочулардын саны мурда пландагандай көп болбой калды. Миссия мүчөлөрү добуш берүү күнү айрым гана шайлоо участокторун барып кыдырышат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуштарды эсептөөгө жана жыйынтык чыгарууга системалуу түрдө байкоо жүргүзүлбөйт.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 15 саясий партия катышууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМде 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгын жыйынтыктаган онлайн коллегия болду

2020-жылдын 10-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму онлайн режиминде өттү.

Коллегияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана айрым бир райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйындын негизги маселеси катары республиканын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү каралды.

Коллегия учурунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана ага баш ийген өз алдынча бөлүктөрдүн 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууга алынды. Андан сырткары, ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча Өкмөттүн программаларындагы берилген тапшырмалар, башка стратегиялык документтер, жогорку жактагы органдардын көрсөтмөлөрү, андан сырткары, өлкөдө түзүлгөн ыкчам кырдаалдар боюнча министрлик тарабынан бир катар уюштуруучулук иш-чаралар ишке ашырылганы белгиленип кетти.

Онлайн өткөрүлгөн коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев: “2020-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүнө баа берүү мезгили өлкөбүздөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал убагына, эпидемиологиялык дартты ооздуктоого багытталган коомдук иш-чараларга жана коменданттык саат киргизилген шартка туура келди. Бирок ошого карабастан коомдук тартипти сактоодо, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдын талаптарын эң жогорку талапта аткарууда, ошол эле убакта кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыштуулуктун алдын алуу, катталган кылмыштарды жана жоруктарды өз убагында тергөө жана бардык укук бузуулардын алдын алуу жана ага каршы күрөштү күчөтүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзам чегинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келди.

Коллегиянын жүрүшүндө криминалдык абал анализге алынып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо негизги приоритеттүү багыттар белгиленди. 2020-жылдын 6 айында республика боюнча ички иштер органдарында 63097 кылмыш жана жорук катталып, жалпы кылмыштуулук 14,7 пайызга кыскарган. Быйылкы жылдын алты ай ичинде ички иштер органдары тарабынан өндүрүштө турган жалпы 26644 кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу 54,8% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 9969 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Ички иштер органдарында жалпы 32584 (38146) кылмыш катталган.

Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде ИИО тарабынан өндүрүштө турган жалпы 16486 кылмыштын бетин ачуу 50,4% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 6203 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Ошондой эле ички иштер органдарында жалпы 30513 жорук катталган. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде өндүрүштө турган жалпы 10158 жоруктардын бетин ачуу 62,0% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 3766 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Оор жана өтө оор кылмыштардын саны кыскарган, ошондой эле коомдук жайларда да кылмыш кескин түрдө кыскаргандыгы да белгиленди. Статистикалык комитеттин жакын арадагы маалыматы боюнча, ички иштер органдарына болгон ишеним көрсөткүчү 2020-жылын биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 32,0 баллды түзүп, 16,9 баллга жогорулаган.

Коллегиянын жүрүшүндө министр Кашкар Джунушалиев, милициянын ишиндеги негизги багыттардын бири болгон калктын милицияга болгон ишенимин мындан ары да чыңдоо багытында кошумча багыттарды белгиледи. Бул ийгиликтүү көрсөткүч. Бул жасаган ишибиздин натыйжасы, дагы чече турган тапшырмаларыбыз бар, аткара турган иштерибиз арбын, демек биз бул багыттагы ишмердүүлүгүбүздү күчөтүүбуз зарыл”,- деп белгиледи. Өлкөнү санариптештирүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, жарандардын анын колдонушуна оңой жетүүсү үчүн аны жөнөкөйлөтүү максатында сегиз мамлекеттик кызмат көрсөтүү “Бирдиктүү терезе” пункттары (Баткен облусунун Сүлүктү ШИИБде, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБде, Нарын облусунун Ат-Башы РИИБде, Ош облусунун Өзгөн РИИБде, Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз РИИБде, Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата РИИБде) ачылды. Зомбулук же жазык мыйзамдары менен тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын жазык жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүүнүн жана корголуучу адамга жакындоого тыюу салуунун формалары (КРнын Өкмөтүнүн 30.04.2020-ж. токтому кабыл алынды) бекитилди. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы “Юриспруденция” адистиги боюнча жогорку кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү укугун жүргүзүүгө лицензияларды алды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык Окуу борбору Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетекчилик курамдагы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ болуп, лицензия алды.Ченемдик укуктук базалар жакшыртуу багытында 54 укуктук ченемдик актылар иштелип чыкты, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору-15, мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору-39 кабыл алынды). Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында (Ош шаары) факультеттер аралык кафедра түзүлдү. Баткен облусунун чек арага жакын ички иштер органдары күчөтүлдү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу РИИБнин Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмү түзүлдү. Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аларга укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2200 даана эскертмелер (памятка) иштелип чыгарылды (мамлекеттик, расмий жана англис тилинде).

Онлайн коллегиянын жүрүшүндө ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө коомдун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, ички иштер органдарынын бардык кызматтарында ички тартипти бекемдөөгө, укук бузууларды алдын алууга жана ички иштер органдарынын тутумун жакшыртууга, коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук абалды көзөмөлдөөгө, резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууга жана ошондой эле өздүк курамдын арасында күжүрмөн кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынып, коомдук тартипти камсыз кылууда негизги стратегиялык багыттар белгиленди.

ИИМдин басма Сөз кызматы

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

АКШ жумуш визасын берүүнү 2020-жылдын аягына чейин токтотту

АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылдын аягына чейин чет өлкөлүктөргө жумуш визасын берүүнү токтотуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Виза берүүгө апрелде эле чектөө киргизилген. Анын мөөнөтү сентябрда аягына чыкмак. Эми ал жыл соңуна чейин узартылды.

Буйрук жогорку технологиялар индустриясындагы адистерден тартып сезон маалында иштей турган катардагы жумушчуларга чейин тиешелүү. Ак үй коронавирус пандемиясынан улам экономикалык активдүүлүк токтогондуктан, америкалыктарды иш менен камсыздоо максатында ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. Ал арада медицина кызматкерлери менен азык-түлүк өнөр жайында иштегендер үчүн виза алууда чектөө болбойт.

Ак үй мындай жол менен өлкөгө 500 миңдей чет өлкөлүктүн киришине бөгөт коюлат деп болжолдоодо. Буга чейин виза алууга үлгүргөндөр АКШга кире алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМ: 2020-жылы “Бирдиктүү терезе” пункттарын ачып жатат

ИИМ: 2020-жылы “Бирдиктүү терезе” режиминде
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунун
кошумча пункттары ачылып жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомун натыйжалуу ишке ашыруу, “Бирдиктүү терезе” негизинде лицензиялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында айрым облустарда Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылган.
2018-жылдын 29-октябрында Чүй облустук ИИББнын имаратында “Бирдиктүү терезе” негизинде иштөөчү МККБсы ачылган, ал жерде төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу же соттолгон эместиги тууралуу маалымкаттарды берүү;
  • Апостилдөө кызмат көрсөтүү;
  • Кооптуу жүк ташыган транспорттук каражаттарды коштоо;
  • Автоунаа каражаттарына коопту жүк ташууга уруксат берүү;
  • Жарандык жана кызматтык курал алууга, коопту жардыруучу материалдарды жана пиротехникалык жасалгалоолорду алууга лицензия үчүн иш-кагаздарды берүү жана кабыл алуу.
    Ошондой эле, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Каракол шаарларында ушундай “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборлору ачылган.
    Мындан тышкары, жакынкы арада Республикабыздын аймагында ИИОнун “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген МККБ кошумча 20 пункту ачылат.
    2020-жылдын 2-жарым жылдыгында Нарын облусунун Жумгал районунун ИИБда, Талас облусунун Талас райондук ИИБда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондук ИИБда, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Чоң-Алай райондук ИИБда, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы, Чаткал жана Тогуз-Торо райондук ИИБда 13 кошумча Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылат.
    Азыркы учурда, “Бирдиктүү терезе” негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча 7 пункту (Ат-Башы, Тоң, Жети-Өгүз, Манас, Өзгөн, Сүлүктү, Таш-Көмүр) “Е-арыз” тутумуна кошулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Трамп 2020-жыл Америка экономикасыүчүн өзгөчө жыл болот эсептейт

АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен болгон брифингде:«Коронавирус пандемиясынан улам болгон соолгундоолордон кийинки ыкчам мүнөздөгү калыбына келтирүүлөрдү эске алсак 2020-жыл өлкө экономикасы жана сиздер үчүн өзгөчө жемиштүү болот» — деп билдирүү жасаган.

Өз кезегинде АКШ президентинин экономикалык кеңешчиси Ларри Кудлоу конгресстин бюджеттик башкармалыгынын эсеби боюнча үчүнчү кварталда экономикалык өсүш — 21,5% түзүү менен өлкө тарыхында эң чоң кварталдык өсүш болуп кала тургандыгын айтып келип: «Албетте, бул өтө чоң көрсөткүч, негизи абдан  жакшы эле болмок…» — деп кошумчалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Президент каржы институттарынын ишмердүүлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталарын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-майда, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун (КРӨФ) башкармалыгынын төрайымы Азиза Аалиеваны, «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевди, «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловду жана «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду кабыл алды.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында өлкөнүн каржы институттарынын ишмердүүлүгү, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаал жана азык-түлүк импортунун кыскарышы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган долбоорлордун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

Каржы институттарынын каражаттары артыкчылыктуу тартипте мурдагыдай эле аймактардагы ишканаларды, анын ичинде экспортко багытталгандарын колдоого жумшалышы керектигин баса белгиледи. 2020-жылга карата негизги милдеттердин бири катары кластердик программаларды каржылоону өзгөчө бөлүп көрсөттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалдагы мамлекеттик саясаттын алкагында ишканалардын реалдуу, сезилерлик жардам алып, мындан ары дагы пландалган кубаттуулукка жетүүсү үчүн, ошондой эле айрыкча айыл чарбасында жаңы экспортко багытталган өндүрүштөрдү ачуу үчүн аларга максималдуу колдоо көрсөтүүгө басым жасалышы керектигин айтты.

Каржы институттарынын жетекчилери коронавирус инфекциясынын ишкердик активдүүлүккө тийгизип жаткан терс таасирлеринин шартындагы азыркы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдап, жакынкы келечекке болгон артыкчылыктуу пландарын айтып беришти.

2020-жылдын биринчи кварталы үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан 22 млн АКШ доллары суммасына 178 долбоор каржыланган. Сүт заводдорунун, логистикалык комплекстердин жана өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча төрт ири долбоор бекитилген.

Пандемиядан улам займчыларга даректүү колдоо боюнча кризиске каршы иш-чаралар ишке киргизилген, насыялар толугу менен кайра түзүмдөштүрүлгөн. Өндүрүш, сүттү, этти жана форелди кайра иштетүү чөйрөсүндө үч кластердик өнүм иштелип чыгып, ишке ашырыла баштады.

Талас, Баткен жана Нарын облустарындагы ишкерлерди колдоо максатында насыялоо босогосу 200 миң АКШ долларынан 100 миңге чейин төмөндөтүлгөн. Бул чара насыялоо көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө болуп, айрым аймактарда Фонддун каражаттарына жеткиликтүүлүк өсөт.

«Айыл Банк» ААКсы тарабынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча 4 миллиард сомго жакын суммага 16 миңден ашуун насыя берилген. Алардын 81%ы аймактарга, көбүнесе айыл чарба, өндүрүш жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарына багытталган. Түзүлгөн кырдаалда жалпы көлөмү 5 миллиард сомдон ашык суммада насыя кайра түзүмдөштүрүлгөн. Ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо — 8» программасынын алкагында фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү улантылууда.

Ишкердик активдүүлүктүн төмөндөгөн шартында «РСК Банк» ААКсы ишкердик үчүн бир катар жеңилдиктерди иштеп чыкты. 1830 насыя боюнча 3 миллиард сомго жакын суммага жеңилдиктер берилген. Насыялар кайра түзүмдөштүрүлүп, мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин узартылган.

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, банк Кыргызстанда биринчи жолу банкоматты колдонбостон супермаркеттин кассаларында картадан накталай акчаны алуу долбоорун баштады.

Жыл башынан тартып «РСК Банк» ААКсы жалпы көлөмү 2,7 миллиард сомдон ашык суммага үч миңге жакын насыя берген.

Алардын ичинен аймактык насыялардын үлүшү 89%ды түзгөн. Каражаттар көбүнчө айыл чарба, өндүрүш, кайра иштетүү жана соодага багытталган.

«Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан жыл башынан тартып, 593 кепилдик берилип, алардын 97%ы аймактарга бөлүнгөн.  Ошондой эле Ысык-Көл облусунун сүт тармагын өнүктүрүү жана кой-чарбасын интенсивдүү өнүктүрүү боюнча эки кластердик долбоорду ишке ашыруу улантылууда.

Белгиленгендей, өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына карабастан, каржы институттарынын ишмердүүлүгү токтоп калган жок. Өлкө аймактарында ишкердик демилгелерди колдоого багытталган долбоорлор артыкчылыктуу мааниге ээ.

Президент Сооронбай Жээнбеков экспортко багытталган ишканаларга, өзгөчө алыскы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө колдоо көрсөтүүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгиледи. Ошону менен бирге, каржылык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын эскертти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2020-жыл катаал өтөт

2020-жыл пандемиядан тышкары нормадан жогору ысык, суу каптоосу жана чегиртке көбөйүүсү болоору айтылууда.

Бул тууралуу ВВС жазып чыкты. Эл аралык уюмдар менен метеорологдор кедей мамлекеттерди ачкачылык каптап, Европа жана АКШда көйгөй көп болоорун болжошууда. Алардын айтымында, дүйнөлүк океандар болуп көрбөгөндөй ысып, Европа жана АКШда кургакчылык каптайт.

планетасындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат чогулткан компания National Centers for Environmental Information берген маалыматына караганда 2020- жылдын март айында абанын температурасы жогору болгону байкалган.

Бул өткөн кыш жылуу болгондуктан, Йеменде чегирткелердин көп чыгуусуна шарт түзгөн. Учурда Африка жана Азия өлкөлөрүнө жакын 23 өлкөдө чегирткелер өсүмдүктөрдү жеп салган. Дүйнө эли пандемия менен алышып жатканда чегирткелердин айынан бул жылы түшүм болбой калуу коркунучу бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Адабият

2020-жылдын эрте жазындагы түш

           

Төгөрөгүм төрт тарабым маскачан

Маска ичинде бирөө түлкү, төөлөрү бар,

Эчки, койу, булбулу бар сайраган

Кай бирлери карышкырдай улуган

Арстаны бар азууларын арсайтып

Бет келгенин жара тартып жулунган

Кээ бирлери жаналгычтай, шайтандай

Көздөрүнө кароо кыйын бет багып

Шайтан сымал куйругу да көрүнчүдөй

Сыйрышса эле беткабын

Алар эчак унуткандай сезилет

Бул жашоодо өмүр, өлүм да агын

Кээ бирлери апапакай периште

Эч себеп жок наалышка да, кейишке

Өзүмдү да көрөмүн рас, арасынан алардын

Бала кезде бар эле маймыл маска

Балатыга тагынчу, алайган, көзү кашка

Элейип, элдейип турам ошол маймылдай

Жылмайымыш болом, дайны жок эле

Ыр жазымыш болом, алым шол эле

Андай деле жакшы ырлар жазылбайт

Маймыл мээде кайсы ырлар кыйраткан

Кибиң-кибиң битин терген маймылдай,

Кибиң-кибиң жан дүйнөмө үңүлөм,

Отурамын, шол олтуруш күнүгө

Алып-жулкуп же карышкыр боло албайм

Арстан болуш кайдан менин алыма

Табиятты көбү жаңы көргөнсүп

Калды дешет бир башкача мемиреп

Кээ бир сөздөр күлкүңдү да келтирет

Илгери да булбул бакта сайрачу,

Карга жүрчү каркылдап,

Бирине-бирине эч бир кылбай кыянат

Ай ааламды чаң-будуңга айланткан

Адамзаттын маймылдары уялаар

Баары эзелки, ошол ошол табият

А жер болсо өз огунда айланат

Азуулуусу, кумурскасы дагы бар

Жаратылыш мыйзамы бар, заңы бар

Адам деле кылса баам парасат

Табиятка аң-сезимдүү жаныбар

Бар болгону макулуктук айырма

Арстан арстан, түлкү түлкү сыңар

Жашоо улайт тоо-токойдо аң уулап

Адам адам бойдон киши сымал

Жер бетинде калуу кыйын баарынан

  Айнагүл Базарбаева, акын

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жаныбек Керималиев: “2020-жылы жалпы айдоо аянты 1 миллион 221 миң гектарды түздү”

2020-жылы жазгы талаа жумуштары эрте башталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жер-жерлерде атайын штабдар түзүлгөн, алар райондук администрациялар менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле, министрликтин кызматкерлери жер-жерлерге бекитилип, чечилбей жаткан көйгөйлөрдү чечип, өз убагында жардам көрсөтүп жатышат.

“2020-жылдагы жалпы айдоо аянты 1 миллион 221 миң гектар же өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 миң гектарга көп болот деп болжолдоп жатабыз. Аны менен бирге 2020-жылы 745 миң гектар аянтта жазгы сезүү иштери жүргүзүлөт” – деп билдирди Жаныбек Керималиев.

“Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн пайыздык катыштарын айта кетейин. Дан эгиндери – 631,9 миң гектарды түздү. Бул жалпы түзүмдүн 51,8%ы. Картөшкөнүн аянты – 71 миң гектар же 5,8% түзөт, жашылча жемиштер – 53,6 миң гектар, же 4,3%, бакча өсүмдүктөрү – 11,3 миң гектар же 0,9%, техникалык өсүмдүктөр 65,3 миң гектар же 5,5%, көп жылдык чөптөр – 332,9 миң гектар же 29,4%” – деп кошумчалады министрдин орун басары.

Булак: KyrgyzToday.kg    

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button