Эл үнү

2018-жылы Башкы прокуратура “Кактус” жана “Азаттыкты” 13 млн сомго доого жыккан

 Чагымчылык, бузукулук жана бейтараптуулукту сактабаганы үчүн “Азаттык” радиосун бир кездери күтүп укккан окурмандары күн сайын азайып баратат. Себеби, алар Кыргызстанда болуп жаткан ички саясый окуяларды дайыма бир тараптуу, калыстыгы жок чагылдырып, кандай гана бийлик келбесин аларга каршы маалыматтарды байма бай чыгарып турушат.  Бул маалымат булагы Батыштан каржыланат. Ошондон улам Батыштагы кожоюндарынын тапшырмасын гана аткарып калышкан.

2010-жылы июндагы кандуу Ош окуялары, Баткендеги чек арадагы куралдуу кол салууларды “Азаттык” дайыма кыргыз тарап күнѳѳлүү деген таризде дүйнѳлүк коомчулукка маалымат таратып келишет. Мындай иш-аракеттери коомчулук тарабынан сынага кабылып,  нараазычылыктарды жараткан.

Жакында “Азаттыктын” Ош шаарына кеңсесинин ачылышына каршы болгон билдирүүлѳр жана жергиликтүү тургундар митингке чыгышты. Алардын айтмында “Азаттык” ѳзбек, тажик тилдеринде берүүлѳрдү ачканы, улуттар аралык кастыкты күчѳтүп, арты жаңжалга жетиши мүмкүн. Нараазычылыкка чыккан тараптар мындай пикирлерин “Азаттыктын” буга чейинки ишмердүүлүгүнѳн улам айтылып жатканын түшүндүрүштү. Эгер “Азаттык” элге жаккан, бейтарап маалыматтарды берип, пайдалуу уктурууларды жасаса мындай нерселер чыкмак эмес.

2022-жылдын 19-октярында “Азаттык” радиосу адаттагысындай, ар кандай себептер менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган блогер, журналист, жарандык активисттер тууралуу макала жарыялады. Анда “Кыргызстанда тогуз айдын ичинде “Массалык баш аламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен 25 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 23 иш социалдык тармактардагы билдирүүлөр боюнча ачылган. Мындай айыптар көп учурда бийликти сындаган активисттер менен блогерлерге коюлат. Алардын айрымдары азыр камакта отурат” деп жазылат.

Туура, “Азаттыктын” иликтегени жакшы нерсе. Бирок, ошол эле учурда 25 кылмыш иши оор беренелер менен эмнеге козголуп жатканына да кайрыла кетишсе болмок экен. Ɵздѳрүн саясатчы сезген, жогорку билими же саясаттан жакшы түшүнүгү жок жаш балдар, карт бѳрү саясатчылардын же Батыштын бузуку саясатынын курмандыгы болуп калууда. Мисалы, Ырыс Жекшеналиев, Адилет Балтабай уулу. Ал эми журналист Болот Темиров болсо батыштын ырын ырдайт.

“Азаттык” Кыргызстанда сѳз эркиндигине кысым күчѳп,  “Соңку жылдары Кыргызстанда блогерлер камалып, журналисттерге жана эркин медиага каршы козголгон кылмыш иштери бар. Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөгөн” деп жазган.

Эске сала кетсек, Атамбаев кадыр-баркыма шек жаратып, аброюмду түшүрдү деген жүйѳ менен ѳзү баш болуп журналист Дайырбек Орунбековду жана да башка бир топ журналисттерди куугунтукка алып, миллиондогон сомдорго доого жыккан. Ал эми 2018-жылы “Кактус” жана “Азаттыкты” 13 млн сомго Башкы прокуратура доого жыккан. Кийинчерээк ар кандай жагдайлардан улам  Атамбаев “Занозанын” негиздөөчүлөрүнө жана Жакуповага коюлган материалдык дооматтарын кайтарып алган.

Акаевдин, Бакиевдин бийлиги деле журналисттерди куугунтуктап, түрмѳгѳ камап, кол салуулар болуп, жадакалса ѳлтүрүлгѳн журналисттер дагы болгон. Белгилүү журналист Павлюк Алмата шаарында журналисттик ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳн.

Ар бир бийлик ѳзүнүн жасап жаткан иштерин жана саясатын коомчулукка түз жана бурмалоосуз жетишин каалайт. Кыргызстанда жарандык коом күчтүү ѳнүккѳн. Бийликтин ар бир кадамы социалдык тармактар аркылуу талкууланып турат. Албетте, айрым учурда жарандык активист, блогер, журналисттер аша чаап, туура эмес жана ар кандай жаман кесепеттерге алып келүүчү чакырыктарды жасаган учурлар кездешет. Аларды укук коргоо органдары кѳзѳмѳлдѳп, укуктук баа берип, керек учурда жаза колдонууда. Мунун баарын сѳз эркиндигине басым жасоо деп түшүнүү туура эмес. Коомдук пикирди бурмалоо, мамлекеттик түзүлүшкѳ шек келтирүү, улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу иштери жүрүп жаткан учурларда ар бир жаран жасаган кыймыл-аракетине мыйзам чегинде жооп берүүгѳ тийиш. “Азаттык” тизмектеген 25 блогер, журналисттер кылмыш ишинин беренелерин окуган кишиге иштин чоо жайы түшүнүктүү болот.

Айтбек Токтобаев

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2018-жылдан бери канча балага «сүйүнчү» акча берилбей калды?

«Балага сүйүнчү» долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери 326 миң 671 балага акча берилгендигин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын башынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейин «балага сүйүнчү» төлөмүнүн негизинде республикалык бюджеттен 1 миллиард 459 миллион 995 миң 350 сом акча каражаты каралган.

Электрондук саламаттык сактоо борборунун тастыктоосу боюнча, 2018-жылы өлкөдө 171 миң 149 бала төрөлсө, былтыр 173 миң 485 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ал эми быйылкы жылдын алты айынын эсеби менен 72 миң 654 эне көз жарган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, «Балага сүйүнчү» долбоору ишке киргизилгенден баштап 90 617 ата-эне наристеси үчүн каралган каражатты алган эмес. Министрликтин айтымында, буга ата-энелердин арыз жазбаганы себеп болушу мүмкүн.


«Балалуу болгон ата-энелер алты ай ичинде сүйүнчү төлөмүн алуу боюнча калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органына (ЗАГС) арыз менен кайрылуусу кажет. Ал үчүн ата-энесинин биринин паспорту жана ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү талап кылынат. Калкты тейлөө борборлоруна келип түшкөн арыздар бизге жиберилет. Биз кайрылгандардын бардыгына сүйүнчү акчасын кечиктирбей, аз убакыттын ичинде төлөп беребиз», — деди Кадыралиева.

Ошондой эле арыз менен бирге төмөнкү документтерди кошо тиркөө зарыл:

  • арыз ээсинин паспорту;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • банктагы эсеби жөнүндө маалымат;
  • арызды камкорчу адам тапшырса, балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү керектелет.

Эгер арыз менен кайрылман барса, анда кайрылман деген күбөлүгүн көрсөтүү зарыл болот.

«Балага сүйүнчү» төлөмү боюнча долбоор 2018-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген. Анын өлчөмү ар бир балага — 4 000 сом.

Алгач сүйүнчү акчаны алуунун жол-жобосу ата-энелерди нааразы кылса, кийин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жөнөкөйлөштүрүлүп, айрым документтер кыскартылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button