Коом

Балдар арасында вирустук оорулар күч алууда

Учурда 14 жашка чейинки балдар арасында курч вирустук респиратордук оору күч алууда. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы Майрамкан Чомуева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир суткада Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпы 551 жаран кайрылып, алардын 486сын жаш балдар түзгөн.

“Жалпы жугуштуу оорулардын ичинен курч вирустук респиратордук оору менен акыркы суткада 226 жаран кайрылган. Анын ичинен 136 адам врачтын текшерүүсүнөн өтүп, тийиштүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйгө дарыланууга жиберилген. Ал эми ооруканага 90 бейтап жаткырылды. Алардын ичинен 81 балдар, чоңдор 9 адам. Жандандыруу бөлүмүндө 3, 4 бейтап жатат. Булар башка оорулар менен коштолуп, көпкө чейин дарыгерге кайрылбай, үйдө өзүн-өзү дарылоо менен алектенип, ооруну өчүштүрүп жибергендер”,- деди Майрамкан Чомуева.

Азыр курч вирустук респиратордук оору күчөп жаткандыгына байланыштуу дарыгер транспорт каражаттарында, эл көп топтолгон имараттардын ичинде, коомдук жайларда беткап кийип жүрүүгө чакырат.

Биринчи кезекте ооруган адам башкаларга жуктурбоо үчүн беткап тагынышы керек, ал эми сыртта, ачык абада беткап кийүүнүн зарылчылыгы жок экендигин дарыгер кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button