Коом

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда азык-түлүк арзан — СТАТИСТИКА

2024-жылдын ноябрында октябрь айына салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Кыргыз Республикасында баанын өсүшү 1,2 пайыз деп белгиленди.

Бул азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын өсүшү менен шартталды.
2024-жылдын ноябрында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (8,1пайыз) Россияда катталган.
Алсак, баалардын өсүүсү мурунку айга карата Арменияда 2%, Беларуста 0,7% Казакстанда 1,1%, Кыргызстанда 1,4% Россияда 2,3%ды көрсөтүүдө.
Статистика комитети турмушта көп колдонулган товарлардын жана кызматтардын бааларына тынымсыз көз салып турат. Учурда ал тизмеде 371 позиция бар. Салыштырсак, Европа өлкөлөрүндө 700-1000, Кытайда 600, Орусияда 500дөй товар-кызмат эсептелет.
Баалар боюнча маалыматты 18 шаардагы 2000ден ашуун дүкөн-ишкана берип турат. Статистиктер керектүү учурда жерине да барып текшеришет. Статкомдун маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын 40% чыгымы азык-түлүккө туура келет. Бул үйдө гана тамак жасаганга кеткен чыгым.
Дуйнөлүк статистика көрсөткөндөй, өлкө канчалык бай болсо, жарандар азык-түлүккө ошончо аз акча коротот экен. Мисалы, АКШнын жашоочулары уй-бүлөлүк бюджетинин 7% гана тамак-ашка сарптайт. Ал эми Нигерияда -59%.
Жакыр үй-бүлөлөр андан да көп коротот. Кыргызстанда колунда жоктор кирешесинин 65% тамак-ашка сарптайт.
Кыргызстандын импортко көз карандылыгы 38 пайыз, бул – ЕАЭБдеги эң төмөн көрсөткүч. Жалпысынан бизде азык-тулук баалары башка өлкөлөргө сальштырмалуу 11-12 пайызга арзан.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда азык-түлүк Казакстанга салыштырмалуу 14,7 пайызга, Россияга салыштырмалуу 15,2 пайызга арзан экенин билдирген.
Салыштырып көрөлү: Кумшекердин дүйнөлук баасы былтыркыга салыштырмалуу 21% арзандаган. Алсак: 1 кг кум шекер Кыргызстанда 67 сом 90 тыйын, Россияда 69 рубль болсо, Беларуста 66 сом 66 тыйын. Ал эми Арменияда 73 сом 90 тыйын, Тажикстанда 102 сом 61 тыйын, Өзбекстанда 63 сом 98 тыйын
Өсүмдүк майынын 1 литринин орточо баасы Кыргызстанда 119 сомдон жогору, Казакстанда 147 сом 50 тыйын, Россияда 110 сом, Беларуста 106 сом, Арменияда 208 сом 50 тыйын, Тажикстанда 173 сом 20 тыйын, Өзбекстанда болсо 133 сом 60 тыйын.
Биринчи сорттогу 1 кг ундун орточо баасы Кыргызстанда 69,43 тыйын, Россияда 27 сом 20 тыйын Беларуста 33 сом 90 тыйын, Арменияда 80 сом 60 тыйын, Тажикстанда 86 сом 10 тыйын, Өзбекстанда 51 сом 20 тыйын.
1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын килограммы Кыргызстанда 61 сом 20 тыйын, Орусияда 187 сом 80 тыйын, Беларуста 286 сом 40 тыйын, Арменияда 275 сом 20 тыйын, Тажикстанда 170 сом 90 тыйын, Өзбекстанда 187 сом 80 тыйындан сатылууда.
Өздүк өндуруштун эсебинен Кыргызстан өзүн нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу азык-түлүк менен болгону 40%га, ал эми өсүмдүк майы менен 24% га гана камсыз кылат. Демек, республика импортко көз каранды болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөгү баалардын өзгөрүүсү сезилбей койбойт.
Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө ноябрь айына карата жылдык инфляция: Арменияда — 1,4%, Белоруссияда — 5,5%, Казакстанда — 8,4%, Кыргызстанда — 5,7%, Россияда — 8,9% түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button