Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча 24 сааттык борбор ишке кирди
Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргоо максатында, жарандар менен ыңгайлуу жана жеткиликтүү байланыш түзүү үчүн жарандардын кайрылууларын кароо боюнча күнү-түнү иштей турган Борбордун (мындан ары – Борбор) ишке киргенин жарыялайт.
Бул Борбор аркылуу консулдук кызматтардын кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде төмөнкү багыттардагы тиешелүү маалыматтарды ала алышат:
визаларды тариздөө;
паспорт маселелери;
жарандык абалдын актыларын каттоо;
Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча арыздар;
Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу;
башка консулдук кызматтар.
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өздүк документтерини жоготкон учурда, укук коргоо органдары тарабынан кармалган же консулдук-укуктук маселелер боюнча башка кырдаалдарда «ыкчам байланыш» телефон аркылуу онлайн-консультациялык жардам көрсөтүшөт.
Жардам алуу үчүн +996 999 312 002 номерине WhatsApp же e-consul.gov.kg сайты, ошондой эле Facebook, Instagram, WhatsApp, Telegram социалдык тармактары аркылуу кайрылууга болот.
Бардык кайрылуулар кыска мөөнөттө каралып, зарыл болгон учурда, андан ары көмөк/консультация көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине жана консулдук мекемелерине же Министрликтин жооптуу кызматкерлерине багытталат.
Бул Борбордун ишке кириши Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой элк чет элдик жарандар үчүн консулдук-укуктук, виза маселелери боюнча кеңеш алууну кыйла жеңилдетет.