КоомКылмыш-кырсык

Жездесинин унаасын уурдап кетип, кайра өзү издешип жүргөн жаран кармалды

Ошто жаран тууганынынын унаасын уурдап, аны менен эки унааны сүзүп, жараксыз болуп калган унааны таштап кеткен. Бирок кийин унааны чогуу издешип жүргөн. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 19-декабрда билдирди.

Ош шаарынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 15-декабрь күнү өзүнүн үйүнүн алдынан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын саат 17:00 чамасында уурдап кеткендигин билдирген.

Маалыматка ылайык, шектүү уурдалган унааны айдап бара жатып дагы эки унааны сүзүп, аларга материалдык зыян келтирген. Уурдалган Хонда Фит жараксыз абалга келгенде, көчөгө таштап кеткен. Андан соң ачкычын үйгө алып келип, ордуна коюп койгон.

Унаа жоголгондугу үй-бүлө мүчөлөрүнө белгилүү болгон соң, шектүү аларга кошулуп, издеп жүрө берген.

«Уурдалган унаа шаардагы көчөлөрдүн биринен авариялык абалда табылган. Аталган кылмышка шектүү катары Ош облусунун Чоң-Алай районунун 1998-жылы туулган тургуну кармалып, тергөөгө тапшырылган. Ал унаасын ээсинин кайын иниси болгон», — деп жазылат маалыматта. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button