Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумду. Кылмыш иши козголду, бирок үй-бүлө күнөөлүүлөр жазасыз калат деп кооптонууда.
Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушууну каалаган.
Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон. «Апасын эки киши кармап турду. Ал баласына тийишпөөнү, аны өлтүрбөөнү суранып жатты»,- деди окуянын күбөсү.
Полиция кылмыш иши козголгонун, 7 шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти.