Коом

Катар кайрымдуулук уюму 2025-жылы Кыргызстанда төрт мектеп курат

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Кечээ, 17-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Катар кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Катарлык уюм Кыргызстандын мектептери үчүн 500 даана мектеп партасын жана 500 даана отургуч тапшырган.
“Колдоого муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруу керек. Өлкө боюнча отуздан ашык окуу жайы бар. Алардын жатаканаларын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын кесип алып чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү керек”, – деди министр.
Катар кайрымдуулук уюмунун директору Абдулькадыр Имам Аль Башейр маселелердин баарын чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, министрлик алдыдагы реформаларды ийгиликтүү ишке ашырарына ишенерин билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button