ДүйнөКоом

Коркунучтуу “Милтон” бороону Флоридага жетти

«Милтон» бороону Флорида штатынын батыш жээгине жеткенин АКШнын Ураган боюнча улуттук борбору билдирди. Ураган коркунучтуулук боюнча үчүнчү категорияда деп аталды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымдан ашып жатат. 

Poweroutage.us мониторинг кызматынын маалыматына караганда, бүткүл Флоридада 1,1 миллиондон ашык тургун электр жарыгысыз калган. 

Агенттиктин маалыматына караганда, Флорида штатындагы Сент-Люси округунун шерифи санын тактабастан, бир нече адам каза болгонун билдирген. ABC News телеканалы Марин округунда бороон олуттуу зыян келтиргендигин жазган. Ондогон үйлөр ураганын жергиликтүү өрткө каршы кызматы билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button