Коом

Садыр Жапаров: Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга чейин көтөрүлөт

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барганда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, илимпоздордун маянасы келерки жылдын 1-январдан тарта жогорулайт.

“Реформалардын алкагында илимий багыттар конкреттүү максаттарга, өлчөнө турган натыйжаларга байланышы кажет. Андан тышкары, иш тартибин катуу көзөмөлгө алуу, аткарылбаган милдеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарыл экенин баса белгилейм. Түзүмдүк реформалар аркылуу ийгиликтүү жүргүзүлүшүн, илимде реалдуу натыйжаларды жаратууну талап кылуу менен бирге, Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык акысын келерки жылдын 1-январынан тарта 100 пайызга чейин көтөрүлөрүн расмий түрдө билдирем”, — деди мамлекет башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button