Коом

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштөн 50 млрд сом түштү

Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында мамлекеттик бюджетке 50 миллиард сом кайтарылганын билдирди.

Анын айтымында, бул каражатка Камчы Көлбаев, Кадыр Досонов, Чыңгыз Жумагулов, Эркин Мамбеталиев жана башка уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнөн камакка алынган мүлктөр кирет.

«Бир кыйла көлөмдөгү мүлк, анын ичинде ири дүкөндөр камакка алынды. Буга чейин бир нече пансионаттар, спорттук комплекстер сатылып кеткен», — деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Ал ошондой эле учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор дээрлик калбаганын баса белгиледи.

«Эгер башка бирөө калса, алар азыр эч нерсеси жок көчөдө. Кыргызстандыктар эч нерседен коркпой, тынч иштей алышат», — деди УКМКнын башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button