Коом
Ашууларда жолдор ачык, каттам бар
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында каттам бар, жол ачык.
Учурда жолчулар тарабынан тынымсыз инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүнөн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыккан айдоочулардыжол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.