Коом

1-апрелден тартып 4-чейрек башталат. Мектепке кайсы класстар барары такталды

Бишкекте башталгыч класстын окуучулары жана 5, 9, 11-класстардын окуучулары гана салттуу режимде окуусун улантышат. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева билдирди.

“Өз кезегинде 6, 7, 8 жана 10-класстын окуучулары онлайн режиминде окушат”, — деди ал.

Мындан тышкары, билим берүү башкармалыгынын башчысы балдар бакчаларына дагы даярдоо жана жогорку топтогу балдар жана ата-энесинин биринин тарбиялануусундагы балдар кабыл алынат. Топтордо мурдагыдай эле 10 баладан ашык болбошу керек.

Белгилүү болгондой, салттуу режимде окутуу башталгандан бери 18-январдан 9-мартка чейин Бишкекте COVID-19 18 мектепте, ошондой эле 14 мугалимде жана 13 балада катталды.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button