Коом

Бишкекте Ак-Ордо жаңы конушунда №102 орто мектептин ачылыш аземи өттү

Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда №102 орто мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Белгиленгендей, жаңы курулган үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталган. Окуу имаратында негизги жана көмөкчү жайлар долбоорлонгон, анда окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Эдил Байсалов жалпы билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги борбордун негизги көйгөйү болгондугуна токтолду.

«Борбордо мектептердин жетишсиздиги актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон. Кыргызстандын президентинин тапшырмасы менен Бишкек шаарында 15 мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө 15 мектептин 13ү окуучуларга өз эшигин ачты. Бул чоң жетишкендик. Жакынкы жылдары билим берүү тармагына инвестициялоо артыкчылыктуу багыт катары саналат жана кеп билим берүү мекемелерин куруу жөнүндө гана болгон жок. Бул окуу китептерин даярдоо, мектеп программасын өзгөртүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу маселелерди камтуу менен билим берүү системасын толугу менен кайрадан карап чыгуу дегенди билдирет”, — деди министрлер кабинетинин орун басары.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Өлкөдөн 10,2 млн сомдук алтын буюмдарды алып чыгууга аракет жасашкан

Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары 10 млн 200 миң сомдон ашуун суммадагы тиешелүү документтери жок жүктү кармашкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, “Чалдыбар-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайына Казакстанга багыт алган Mersedes Benz Sprinter автоунаасы келген. Унааны айдоочусу 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.А.уулу болгон. Текшерүү учурунда чек арачылар унаанын кабинасынан 3 кг 648 гр алтын жасалгаларды табышкан. Ювелирдик жасалгалар – сөйкөлөр, шакектер, билериктер, чынжырлар жана кулондор 10 кутучага салынып, олтургучтун астына катылган баштыктын ичинде болгон.

Айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Алдын ала баалоо боюнча кармалган товардын жалпы суммасы 10 млн 214 миң 400 сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Аксылык 102 окуучу Россиянын диплому менен сыйланды

Аксы районундагы мектептердин 1-11-класстарынын окуучулары Бүткүл россиялык билим берүү онлайн-олимпиадасына активдүү катышып 1, 2, 3-даражадагы дипломдорго ээ болушту. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Уулжан Жанузакова маалымдады.

Окуучулар үчүн өткөрүлгөн “Время знаний” Бүткүл россиялык олимпиадасына катышкан окуучулар айрыкча, англис тили, математика, география, биология предметтери боюнча байгелүү орундарга жетишкен.

– Окуучуларыбыз эл аралык олимпиадаларда ат салышып, ал тургай байгелүү орундарды ээлеп жатышканы бизди чексиз кубандырды. Алсак, Э.Арстанбаев атындагы №18 мектептин окуучусу Рабия Арстаналиева – биология предмети боюнча, ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу Айжан Кушназарова – география боюнча жана №44 А.Мырзабеков атындагы мектептин 5-классынын окуучусу Айдинай Абдрашитова анлгис тили боюнча 1-орунду ээлешсе, Гүлшан Курманалиева (алгебра), Айелита Нурболотова (математика) 2-орунду багындырышты. Бизди айрыкча райондогу эң чакан А.Жуманазаров атындагы мектептин окуучуларынын ийгиликтери сыймыктуу болууда. Онлайн-олимпиадасына катышуу азыр да жүрүп жатат, андыктан, алдыда дагы жеңүүчүлөрүбүз болот деп ишенебиз-дейт Уулжан Шакыевна.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button