Коом

18-сентябрга карата аба ырайы

Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +17…+22 жана Нарында +20…+25 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +24…+26 жана Ош шаарында +26…+28 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-августка карата аба ырайы

Бүгүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33,Таласта +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23…+28, Нарын өрөөнүндө +25…+30 градусту көрсөтөт.

Абанын табы Бишкекте +31…+33, Ош калаасында +33…+35, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-июлга карата аба ырайы

Бүгүн, 18-июль, шейшембиде, күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +35…+40, Талас аймагында +33…+38, Ысык-Көл, Нарын облустарында +31…+36 градуска көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +37…+39, Ош шаарында +38…+40, Чолпон-Атада +31…+33 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18- апрелге карата аба ырайы

Бүгүн айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында +6…+11, Таласта +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10…+15 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +13…+15 градусту көрсөтүп турат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкектин айрым райондорунда 18-апрелде суу болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 18-апрелде суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин “Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт:

Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы — Л. Толстой көчөсү;

Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) – ЧЧК.

Ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер» жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичирайонунда дагы суу болбойт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомКылмыш-кырсык

18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек. Өзгөн районунда жер көчкү болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн.

ӨКМден кабарлашкандай, кырсык 22-мартта таңкы саат 05:00дө орун алган. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралык калган.

Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда. Ошондой эле Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына «айгай» жарыяланып, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-мартка карата аба ырайы

18-март ишембиде айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас жана Нарын аймактарында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17…+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +6…+11 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +20…+22 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-февралга карата аба ырайы

Ишембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүдө 0…-5, Таласта -2…+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл жана Нарында -2…+3 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +2…+4 жана Ош шаарында +4…+6 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ишкерлер 18 банктан «Кепилдик фондунун» колдоосу менен насыя алса болот

Өлкөнүн кичи жана орто бизнесин каржылаган «Кепилдик фонду» ААКнын өнөктөштөрүнүн саны өткөн жылы жыйырма үчкө өстү. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

18 банктан, үч микрофинансылык мекемеден жана эки өнүктүрүү фондундан бизнесмендер «Кепилдик фонд» ААКнын колдоосу менен насыя ала алышат.

2022-жылы «Кепилдик фонд» ААК «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонд» ААК, «ФинансКредитБанк» ААК, «Элет-Капитал» ЖАК МК жана «АБН» МФК ААК менен чакан жана орто бизнеске кепилдиктерди берүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшкан.

Кепилдик менен бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер республиканын бардык аймактарында берилет. Өлкөнүн алты облусунда «Кепилдик фонду» ААКтын филиалдары, өнөктөш банктарда 300гө жакын филиалдар бар.

2022-жылдын 31-декабрына карата «Кепилдик фонд» ААКнын ишинин бүткүл мезгилине өнөктөш банктар тарабынан кепилдикке берилген кредиттердин көлөмү 18 млрд сомдон ашыкты түздү.

Эске сала кетсек, «Кепилдик фонд» ААКнын өнөктөш банктары болуп төмөнкүлөр саналат:

• «Айыл Банк» ААК

• «Бай-Түшүм» ААК

• «Бакай Банк» ААК

• «Азия Банкы» ЖАК

• «Банк Компаньон» ЖАК

• «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ААКсы

• «Капитал Банк» ААК

• «Керемет Банк» ААК

• «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК

• «KICB» ЖАК

• «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК

• «Оптима Банк» ААК

• «РСК Банк» ААК

• «ФИНКА Банк» ЖАК

• «Халык Банк Кыргызстан» ААКсы

• «Дос-Кредобанк» ААК

• «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы

• «Салым Финанс» ОАО МФК

• «Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААК

• «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААК

• «ФинансКредитБанк» ААК

• «Элет-Капитал» МК ЖАК

•  «МФК AАК».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-январга карата аба ырайы

Шаршембиде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас жергесинде -4…-9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көл чөлкөмүндө -4…+1, ал эми Нарында -12…-17 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -4…-6 жана Ош калаасында -1…+1 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкөдө жумушсуздардын саны 1,8%га кыскарды

Былтыр, 2022-жылдын 1-декабрына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 101,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бул сан 2021-жылдын 1-декабрына салыштырмалуу 1,8% аз. Маалыматка ылайык, 76,4 миң адам жумушсуз деп катталган, же 2,9%га аз.

“Каттоодо турган жана жумушсуз деп катталгандардын ортосундагы айырма сунушталган жумуштан эки жолу баш тарткан, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде келбеген адамдар”,-деп айтылат маалыматта.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,5%ын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,9%ды түздү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

УКМК: 18 кг баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен эки адам кармалды

Жалпы салмагы 18 килограммдан ашык болгон баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан жеринен 63 жаштагы К.Г.Г. жана 54 жаштагы Н.Н.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүздү.

Кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2022-жылдын 27-ноябрында К.Г.Г. жана Н.Н.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-ноябрга карата аба ырайы

18-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +5…+10

Талас облусунда +5…+10

Баткен облусунда +6…+11

Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11

Ысык-Көл облусунда +4…+9

Нарын облусунда +4…+9

Бишкек шаарында +8…+10° болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-октябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 18-октябрда көпчүлүк аймактарга мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектерине кар аралаш жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө +9…+14,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +11…+16,

Ысык-Көл облусунда +10…+15,

Нарында +8…+13 градус болот.

Бишкекте +11…+13 градус болору айылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абанын күндүзгү температурасы

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда күндүз Ысык-Көл облусунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +19…+24

Талас облусунда +18…+23

Баткен облусунда +26…+31

Ош, Жалал-Абад облустарында +26…+31

Ысык-Көл облусунда +20…+25

Нарын облусунда +21…+26

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы +22…+24° болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,3 млрд куб метрден ашты

Бүгүн, 5-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 327 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 312 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 203 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 725 куб метрди түздү

Бүгүн, 24-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 725 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 816 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 403 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Мындан ары майып жарандардын жашы 18ге толгондо аларды караган жеке камкорчусуна каражат төлөнөт

1-июндан баштап өлкөдө багууга жана көзөмөлгө муктаж майыптыгы бар балдардын жашы 18ге толсо да алардын жеке камкорчусу үчүн каражат төлөнө берет. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин 18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар баланы бакканы үчүн жеке ассистентке же камкорчуга мамлекеттик бюджеттен 4900 сом өлчөмүндө айлык акы төлөнүп келген. Бала 18 жашка толгондо айлык төлөө токтотулчу.

Эми үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып айлык акы төлөө улантылат жана анын өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго жогорулатылат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Ошто 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун 18 жаштагы тургунун зордуктоого шектелип эки жаран кармалды.

Шаардык милициядан кабарлашкандай, шектүүлөр 17 жаштагы Н.И., жана анын теңтушу Ю.М., болгон.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүлөр 17-майда кечки саат 17:30дар чамасында жабырлануучуга Ош шаарынын эс алуу бактарынын биринде кол салып, күч колдонуу менен зордукташкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 154-беренесинин белгилери менен иш козголуп, тергөө иштери уланууда.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдү тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-май Эл аралык музейлер күнү

1978-жылдан тарта жыл сайын 18-майда дүйнөдө Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ушул күнү музейлер бардык каалоочулар үчүн эшигин толугу менен акысыз ачышат жана көргөзмө залдарын, жаңы экспонаттарды көрсөтүшөт, “Музейлер — бул маданий алмашуунун, маданиятты байытуунун жана өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана ар кандай элдердин дүйнөсүн өнүктүрүүнүн маанилүү каражаты» деген ураан рухунда иштешет. Майрамга жаңы көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын ачылышы арналып, музейлерде тематикалык лекциялар, экскурсиялар, илимий окуулар, балдар менен атайын сабактар уюштурулуп, музей-театр спектаклдери өткөрүлөт.

Кыргызстандын музейлери тарыхый, этнографиялык, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-аймактык коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлер менен көрсөтүлгөн.

2021-жылы республиканын аймагында 68 музей болгон. Келгендерге 330 миңге жакын көргөзмө экспонаттары сунушталат. Музейлердеги экспонаттардын эң көбү Бишкек шаарына (182 миң), Ысык-Көл облусуна (38 миң) жана Ош шаарына (33 миң) туура келет.

2021-жылы музейлерге 1,6 млн адам келген, бул мурунку жылга салыштырмалуу 10 эсеге көп. Келгендердин эң көп санын Талас облусунуна (48 пайызы), Ош шаарынына (19 пайызга жакыны), Жалал-Абад облусунуна (16 пайызы) жана Бишкек шаарынын музейлерине (10 пайызы) туура келди.

Музейлердин кызматкерлери тарабынан 2021-жылы болжол менен 8 млн экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына тиешелүү 650 миңге жакын лекциялар даярдалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-майга карата аба ырайы

Бүгүн, 18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +10…+15

күндүз +24…+29

Талас облусунда

түнкүсүн +8…+13

күндүз +23…+28

Баткен облусунда

түнкүсүн +12…+17

күндүз +25…+30

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +12…+17

күндүз +25…+30

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +7…+12

күндүз +17…+22

Нарын облусунда

түнкүсүн +4…+9

күндүз +18…+23.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, кечинде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13 градус, күндүз +27…+29 градуска жетет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Бишкекте 18-май күнү «Музейдеги түн» өтөт

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде «Музейдеги түн» өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Аталган иш-чара Эл аралык музей күнүнө карата уюштурулган. Маданий мекеменин эшиги 18-май күнү саат 11:00дөн 22:00гө чейин ачылып, конокторду кабыл алат. Кирүү акысыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды

 

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта Билим берүү жана илим министрлиги жалпы 272 автомектепке лицензия бергени айтылат.

4-апрелден тарта 142 автомектеп текшерилип, жыйынтыгында 111 мекеменин жооптуу кызматкерине тийиштүү эскертмелер берилген. Айдоочуларды даярдаган дагы 130 автомектеп текшерилип жатат.

«Текшерилген автомектептердин 13ү эле лицензиянын талаптарына жооп берет. Ошондой эле айдоочуларды чыгарган 47 мекеменин жооптуу кызматкерлерине айып пул салынып, талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды», — деп жазылган маалыматта.

ЖКККББ кемчиликтерди жойбогон башка автомектептер жоюларын эскертти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 18-апрелде, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 26…31 градус, Таласта 24…29, Ысык-Көл облусунда 9…24, Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 28…33 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз 27…29 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 18-мартта, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…5, Таласда -1…+4, Ысык-Көл облусунда 2…7, Нарында күндүз 1…6 градус болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүз жамгыр аралаш кар жаайт. Абанын температурасы 3…5 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Спорт

18 млн сомдон ашуун. Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгында мыйзам бузуулар аныкталган

Бишкек шаарынын мэриясынын ички аудит башкармалыгы тарабынан текшерүүнүн алкагында дене тарбия жана спорт башкармалыгында 18 млн 67 миң 800 сом суммасында мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Бул тууралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган факт борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов менен жолугушуусу учурунда айтылды.

“Айбек Жунушалиев Мирлан Пархановго аныкталган кемчиликтерди көзөмөлгө алып, калыпка салууну тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө мэр департаменттин жетекчилигине маданият жана спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына бирдей көңүл буруу милдетин койду.

Айтмакчы, буга чейин туризм тармагы муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функцияларына кирген эмес.

Эске салсак, аталган башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле маданият башкармалыгынын жана дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

БШК бир мандаттуу округ боюнча 18 талапкерди каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округ боюнча 18 талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

  1. Кенжебек Жаналиев;
  2. Анара Исиралиева;
  3. Шаршеналы Касенов;
  4. Азамат Койчубаев;
  5. Рустамжон Юсупов;
  6. Ильязбек Якубов;
  7. Үсөн Камбарбек уулу;
  8. Толонбай Калбаев;
  9. Максатбек Жорокулов;
  10. Муртазали Козубаев;
  11. Маматурайым Кадырбердиев;
  12. Уланбек Конурбаев;
  13. Гузель Камиль кызы;
  14. Сазыкбай Турдумалиев;
  15. Бекмамат Алымбеков;
  16. Талантбек Чынтемиров;
  17. Абдыш Токторова;
  18. Жеенбек Искендеров.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

18 талапкер бир мандаттуу система боюнча ЖКга шайлоого катышуу ниетин билдирди

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 18 талапкер (өзүн өзү көрсөтүү) катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, төмөнкү талапкерлерден шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түшкөн:

1. Сариев Акылбек Аблабекович;

2. Малиев Арсланбек Касымакунович;

3. Дурсунов Атамша Латифвич;

4. Ибраимов Санжар Кубанычбекович;

5. Сейтказиев Анаш Токтосунович;

6. Танабаев Нурлан Исамидинович;

7. Курманов Байыш Жантаевич;

8. Алтынбеков Айбек;

9. Арланбеков Актилек Нурланбекович;

10. НасировАбдижалил Жусупович;

11. Исаев Канат Кедейканович;

12. Тологонов Бакыт Талантович;

13. Алымжанов Айбек Орозбекович;

14. Шаимкулов Манас Каныбекович;

15. Бекмуратов Баймурат Асатович;

16. Талипов Нуралы Орозалиевич;

17. Усупов Тилек Сабырович;

18. Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Пермь Университетине ок чыгарган 18 жаштагы жигит кармалды, анын акыркы жазган постту жарыяланды

 Пермь Университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров кармалды, курал ок атуучу курал экенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Аны кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, жарадар болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттары 5 адам каза болгонун кабарлады. Маалымат дагы такталууда.

Бир нече саат мурун Бекмансуров интернетте төмөнкү мазмундагы постту жарыялаган:

«… Болгон окуя террордук чабуул эмес (юридикалык жактан алып караганда). Мен экстремисттик жана диний уюмдардын мүчөсү болгон эмесмин, саясаттан алысмын. Менин эмне кыларымды эч ким билген жок, мен бардык аракеттерди өзүм жасадым.

Балким, мен муну тергөө комитеттинин ишин жөнөкөйлөтүү үчүн жазып жатам. Мен жолдо ойлорумду кошом, бирок азыр иш -аракеттеримдин хронологиясынан баштайм.

Ачуум келип турат, мен жолумдагынын баарын жок кылгым келет, бул дүйнөдө мүмкүн болушунча көп  азапты калтыргым келет, мен өлтүрө албагандар бул күндү түбөлүккө эстеп калышат. Мен ушул жылдар аралыгында тегерегимдеги бардык адамдарга чыдап келдим. Мен баарыңарды жек көргөндөй өзүмдү да жек көрөм. Бул абдан жакшы, ал жакында бүтөт. Мен жок дегенде ушул 10 мүнөттө тирүү экенимди сезип жатам … «, — деген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-сентябрда өлкө боюнча масштабдуу ишембилик өтөт

18-сентябрда Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өлкө боюнча жарыяланган масштабдуу ишембилик өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен басма сөз кызматынан  кабарлады.

Маалыматка ылайык, ишембиликке мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат. Дүйнөлүк тазалык күнү биздин өлкөдө төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

Иш-чаранын максаты – экологиялык абалга, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, жаратылышы ресурстарын аң-сезимдүү пайдаланууга, үнөмдөөчү технологияларды пайдаланууга жана таштандыны туура иштетүүгө көңүл бурдуруу.

«Эко Деми» коомдук фонду республиканын шаарларындагы жана аймактарындагы булганыч аймактардын виртуалдык картасын иштеп чыкты, аны ыктыярчылар тазалашат. Бишкек шаарында 100 түйүн аныкталды, ал – эс алуучу жайлардагы таштандылар. Алар активисттер тарабынан тазаланмакчы. Ар бир каалаган адам акциянын катышуучусу боло алат, жарандар өз турак-жайларынын аймагын, парктарды жана эс алуу жайларын тазалоого катыша алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

БШК: 18 партиядан шайлоого катышуу тууралуу билдирме түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына «Ынтымак» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө  18 партиядан билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Турдубаев Сүйүнбек Баатыровичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары – Токтосунова Гулира Базаровнаны дайындады.

Буга чейин КР БШКга төмөнкү партиялардан билдирме түшкөн

  1. «Социал-демократтар»
  2. “Улуттар биримдиги”
  3. “Ишеним”,
  4. «Альянс»

5.“Кыргызстандын жашылдар партиясы”

  1. “Жаратман Эл”
  2. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»
  3. «Ата Мекен»
  4. «Ыйман Нуру»
  5. «Эл үмүтү социалдык саясий партия»
  6. “Актив”
  7. “Бийлик элге”
  8. ”Акыйкат Кыргызстан”
  9. «Ар-Намыс»
  10. «Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы»
  11. «Күч биримдикте» социалдык-саясий партиясы”
  12. «Азаттык” демократиялык партия”

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы кош бойлуу келин каза болду. Маркумдун жакындары окуя үчүн медицина кызматкерлерин күнөөлөшкөн.

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, факты ЕРПП катталып, текшерүү башталды. Дарыгерлер жана медайымдар суракка алынууда.

Жабырлануучулардын өздөрү азырынча милицияга арыз менен кайрыла элек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-июндан тарта Бишкек-Балыкчы поезди жүрө баштайт

Жайкы туристтик сезонго карата 18-июндан тарта Бишкек-Балыкчы поезди жүрө баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, поезд жумадан жекшембиге чейин каттайт.

Поезд каттамынын жүгүртмөлөрү төмөндөгүчө:

“Бишкек I-Балыкчы” каттамы саат 07.00дө “Бишкек I” темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:59да Балыкчыга барат.

Ал эми “Балыкчы-Бишкек I” поезди ошол эле күнү саат 17:15те Балыкчы бекетинен жөнөп, кечки саат 22:03тө “Бишкек I” темир жол бекетине келет.

Билет баалары:

Чоңдор үчүн: 69 сом

Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин, 5 жашка чейинки балдарга акысыз)

Кошумча маалымат үчүн телефондор: +996(312)92-68-40, +996(312)92-68-54.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда курагы 18 жашка чейинки балдардын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түздү. Статистика

Кыргызстанда 2020-жылдын аягында 340 миңден ашык бала жашаган үй-бүлөлөр социалдык жактан корголбогон, абалы оор үй-бүлөлөр болуп катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү.

Балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат.

2021-жылдын башында Кыргызстанда курагы 18 жашка чейинки 2 млн 512 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түздү. 2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миң балага же 2,3%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынан:

44%ы — 7 жашка чейинки балдар (1 млн 118 миң адам);

43%ы — 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн 74 миң адам);

13%ы — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (320 миң адам).

Балдардын көпчүлүгү (67%) айыл жергесинде жашашат.

2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар, башкача айтканда, кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын бештен бир бөлүгүнө жакыны (19%) бул катталган никеде турбаган энелердин балдары. Бирок, акыркы жылдары мусульмандардын салтына ылайык, никелешеүү кеңири жайылып кеткендигин белгилей кетүүгө болот. Ошондуктан юридикалык никеге турбай төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да энеси да бар. Муну менен бирге, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын санынан 50% ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 50% — энелеринин гана арызы менен катталган, мындай балдар үй-бүлөдө атасыз тарбияланышат.

Өлкөдө жугуштуу ооруларды төмөндөтүү максатында оорулардын алдын алуу боюнча эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2020-жылы 99,6% кургак учукка каршы эмделген 1 жашка чейинки балдарды камтыды, көк жөтөл, дифтерия жана столбняк — 87,1%, корь, эпидемиялык паротит жана краснухага каршы эмделгендердин саны – 93%ды түздү. 2020-жылдын аягына карата республикада 18 жашка чейинки жаштагы майыптуулугу бар 32 миңден ашык бала эсептелген, бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жалпы санынын 16,5 пайызын түзөт. Жыл сайын 4 миңге жакын бала биринчи жолу майыптуулук статусун алышат.

2020-жылдын аягында үй-бүлөлүк тарбияланууда 13,9 миң бала болгон, анын ичинен 5,4 миңи томолой жетимдер, анын 8,3 миңи – камкордук көрүүдө жана башкалардын багуусунда, 5,6 миң бала багып алынган. 2020-жылдын ичинде ата-энесинин багуусусуз калган 18 жашка чейинки курактагы 1,9 миң балдар жана өспүрүмдөр табылган, анын ичинде 674 — томолой жетимдер.

2020-жылы 1 263 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тариялануусуна алынган, алардын ичинен 643 бала — кыргыз үй-бүлөсү, 7 – чет өлкөлүк жарандар тарабынан багып алынган. 2020-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 2 миңге жакын жетим бала жашаган.

2020-2021-окуу жылынын башында республикада 2 296 күндүзгү жалпы билип берүү мектептери иштеген, анда 1 млн 357 миң бала окуган. Алардын ичинен ар турдүү предметтерди тереңдетип окутуучу 424 мектептерде 334,8 миң бала, 141 гимназияда – 182,8 миң бала жана 64 лицейде – 43 миң бала окуган.

Мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын саны өсүүдө. 2020-2021-окуу жылынын башында биринчи класска кабыл алынган балдардын санынан 87% жакыны (же 131 миң бала) мектепке чейинки даярдыкты алышкан, ал эми 2016-2017- окуу жылдарында биринчи класстардын арасынан мектепке чейинки даярдыктан өткөндөрдүн саны 76% түзгөн. Балдардын негизги бөлүгү (51%дан ашык) 240 сааттык программа боюнча жана 17% жакыны 480 сааттык программа боюнча мектепке чейинки даярдыктан өткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Түптө жол кырсыгынан 18 жаштагы жигит каза болуп, 3 досу жаракат алды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 өспүрүм жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп районунда 7-май күнү саат 00:57 чамасында Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ болбой жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы жигит каза болуп, 18 жаштагы 3 жигит жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте 18 миңге жакын турак-үйүнө жаратылыш газы орнотулду

Бишкекте 18 миңге жакын турак-үйүнө жаратылыш газы орнотулду. Бул тууралуу 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдиргенин парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн автоунаалардын түтүнүнүн зыянын азайтуучу катализаторлордун сыртка чыгарылып кетүүсүнө тыюу салуу, электромобилдерди алып келүү жана пайдалануу үчүн инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, таштанды полигонун рекультивациялоо, жеке менчик турак-жайларды газдаштыруу багытында кандай иштер жасалып жаткандыгы боюнча маалымат берди.

“Атап айтканда, 38 калктуу пункттарда жана турак-жай конуштарында 875 газ куурлары орнотулду, 18 миңге жакын турак-үй газга уланды. Ошондой эле шаардагы мончо комплекстери жана өнөр жай ишканалары тарабынан тазалоо системдерин орнотуу боюнча милдеттенмелер кандай аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөө жаатында иштер жасалды», — деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Бишкекте 18 жаштагы жигит курулушу жүрүп жаткан үйдүн 9-кабатынан кулап, эки буту жана далысы сынды

Бишкекте 18 жаштагы жигит курулушу жүрүп жаткан үйдүн 9-кабатынан кулат түштү. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 1-мартта «102» кызматына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө 18 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Анын баш мээси чайкалганы, биринчи жана экинчи даражада эки буту, ошондой эле далысы сынганы айтылат.

Ооруканага милициянын ыкчам тергөө тобу жиберилген. Анда Ж.Э. 1-мартта Токомбаев көчөсүндөгү 14 кабаттуу турак үйдүн курулуш иштери жүрүп жатканда 9-кабаттан кулап түшкөнү аныкталган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, бийиктиктен кулап түшкөн жигит орто оор абалда дарылануусун улантууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-январдан баштап Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча учуулар калыбына келтирилет

 18-январдан баштап Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча учуулар калыбына келтирилет.Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, каттам жумасына бир жолу — дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

«Исфана» аэропорту 1970-жылы курулуп, колдонууга берилген. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы «Исфана» аэродромунун заманбап талаптарга жооп берүү абалын текшерген. Иштин жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, аэродромду пайдалануу тастыктамасы жокко чыгарылган.

Буга байланыштуу 2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек — Исфана — Бишкек каттамы аэродромдун пайдалануу тастыктамасынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

2020-жылдын 7-декабрында аба майдандын иши жанданып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

БШК президенттикке 18 талапкерди каттады. Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттик шайлоого 18 талапкерди каттоого алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Талапкерлердин тизмеси:

  1. Адахан Мадумаров;
  2. Арстанбек Абдылдаев;
  3. Канат Исаев;
  4. Рашид Тагаев;
  5. Женишбек Байгуттиев;
  6. Клара Сооронкулова;
  7. Аймен Касенов;
  8. Мыктыбек Арстанбек;
  9. Бактыбек Калмаматов;
  10. Имамидин Ташов;
  11. Курсан Асанов;
  12. Каныбек Иманалиев;
  13. Равшан Джеенбеков;
  14. Эльдар Абакиров;
  15. Улукбек Кочкоров;
  16. Бабыржан Тольбаев;
  17. Абдил Сегизбаев;
  18. Садыр Жапаров.

Фамилиялар БШКнын сайтына жарыяланган тартипте жазылды.

Талапкерлер каттоо үчүн керектелген бардык документтерди тапшырган:

  • Талапкерлигин көрсөткөн арыз;
  • Мамлекеттик тил билими жөнүндөгү сертификат;
  • Шайлоо күрөөсүн (1 миллион) төккөндүгүн тастыктаган документтер;
  • 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колу;
  • Талапкер тууралуу маалыматтар.

18 жарандын бардыгына талапкердин документи ыйгарылды. Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18-августка карата абанын температурасы

Бүгүн, 18-августта эртең менен жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо жаан карга айланат. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +21…+26

Талас облусунда +20…+25

Баткен облусунда +31…+36

Ош, Жалал-Абад облустарында +24…+29

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда +14…+19

Бишкек шаарында эртең менен жана күндүз нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы күндүз +24…+26 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алардын ичинен 8 адам республика боюнча жана Бишкекте 10 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 195 адам.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

18 саат. Сыра. Өлүм тобокелдиги

Кытай провинциясы Чжэцзяндын тургуну дааратканага барбай 18 саат уктап тургандан кийин табарсыгы жарылып кетип, доктурга кайрылууга аргасыз болгон.

10 шише сыра ичип алып уктап калган эркек адам бир сутка боюу төшөктө оонап жата берип, табарсык тушу чыдатпай ооруй баштаганда доктур чакырган. Өткөрүлгөн томографиянын натыйжасында 40 жаштагы бул адамдын табарсыгы жарылып кеткендиги аныкталган. Табарсык үч жеринен жарылгандыгы өткөрүлгөн операциянын жүрүшүндө белгилүү болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Сот Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү ишти караган судья Марат Сыдыков окуду.

Ага ылайык, Сапар Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен күнөөлүү деп табылды.

Исаков бул иштерден мамлекетке келтирилген 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп бериши керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Өрт кырсыгынын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна туура келет. Анда айрым айылдарда короодо жыйылган чөбү күйүп, жеринде куткаруучулар тартылып, чектөөгө алышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенде 18-майдан баштап көчмө лаборатория иштеп баштады

“Баткен облусунда коронавирус илдетин ыкчам аныктоо максатында 18-майдан тартып көчмө лаборатория иштеп жатат. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди.

Анын айтымында лаборатория күнүнө 150гө жакын ПЧР-анализ алууда. 12 күн аралыгында лабораториядан 1000ден ашык анализ чыгарылды.

Ошондой эле Баткен шаарындагы калкты тейлөө борбору күнүнө 400гө жакын адамды тейлөөдө.

Ал жерде бардык санитардык талаптар сакталган. Келген жарандар электрондук кезекке турушат. Жарандар үчүн керектүү болгон бардык электрондук кызмат көрсөтүү шарттары түзүлгөн. Мындан сырткары, дагы башка калкты тейлөө мекемелеринде санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери тарабынан кызматкерлерге эпидемиологиялык кырдаалда иштөө тартиби боюнча семинарлар өтүп жатат”, — деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова.


Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Нур-Султан шаарында бала бакчалар 18- майдан тартып иштеп баштайт

18-майдан баштап, Нур-Султандагы бардык мектепке чейинки уюмдар, жеке менчик формасына карабастан иштей башташат. Бул тууралуу борбор калаанын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шолпан Кадырова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалар биринчи кезекте баласын үйдө калтырып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер үчүн иштей башташат.

“Ата-энелердин муктаждыгын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүлөт. Бул үчүн, ата-энелер бир күндөн кийин баланын бала бакчага келиши жөнүндө мугалимге билдириши керек. Балдарды кабыл алуу жергиликтүү педиатрдан баланын ден-соолугунун абалы жөнүндө справка бар болгондо гана жүргүзүлөт ”, — деп түшүндүрдү Кадырова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жалал-Абад: өткөн суткада 18 кылмыш катталды

Өткөн суткада Жалал-Абад облусунун аймагында 18 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 3 атуул, ал эми Сузак районунан – 1 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 123 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 129 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди бузган, б.а. бет каптарын коомдук жайларда тагынбай жүргөн – 3 жаран аныкталып, санитардык кызматтар менен биргеликте чаралар көрүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Апрелде Жогорку Кеңештин чыгашалары 1,8 млн сомго көбөйөт

Апрель айында Жогорку Кеңештин Аппаратын күтүү боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары1 млн 881.5 миң сомгө өсүп, 37 млн 704.8 миң сомду түзмөкчү. Мындай маалыматтар Финансы министрлигинин 2020-жылдын апрель айына карата республикалык бюджетти кассалык пландоонун чектик суммасы көрсөтүлгөн документинде келтирилген.

Кошумчалай кетсек, Аппараттын март айындагы сарптоолору 35 млн 823.3 миң сомду түзгөн. Жалпы жолунан алганда Жогорку Кеңештин  апрель айындагы сарптоолору  50 млн 227.4 миң сомду түзүп, өсүү 2.3 млн сомго жетмекчи.

Белгилей кетсек, Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев  шейшемби күнкү видео-конференцияда өлкө катаал үнөмдөө режимине өткөндүгүн жарыялаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button