Коом

2021-жылдын февралынан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстанга 233 адам кайтарылды

2021-жылдын февралынан бери гуманитардык миссиянын алкагында Сирия жана Ирактан Кыргызстанга 233 адам кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин биринчи конференциясында билдирди.

Анын айтымында, 233 адамдын 184ү балдар болсо, 49у аялдар.

Белгилей кетсек, Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин биринчи конференциясы өтүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

2021-жылы чек ара чырынан жабыр тарткан баткендик ишкерлердин бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 24-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.

Мыйзамда 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2021-жылдагы бюджетинен мыйзам бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2021-жылга бюджетин түзүлүшүнө жана аткарылышына жургүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары менен 336834,4 миң сомдук бузуулар аныкталган.

Анын ичинен жалпысынан 41 402,9 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталган болсо.

Бюджеттик резервдер жана жоготуулар 259 168,3 миң сомду түзгөн

Мындан тышкары 36263,2 миң сомдук сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Парламент Министрлер Кабинетинин 2021-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетун кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчетун, ошондой эле төмөнкү мыйзам долбоорлорун кабыл алды:

— “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

— «2023-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө».

Белгилей кетсек, парламенттин пленардык жыйынына Министрлер Кабинетинин жалпы курамы катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин ишинин жыйынтыгы тууралуу жалпы маалымат берип, күн тартибинин маселелери боюнча каржы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады.

Талкуунун жыйынтыгында отчет канааттандырарлык деп табылып, ал эми мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2021-жылдын октябрынан бери мектептер үчүн дээрлик 330 миң нуска окуу китеби басылып чыкты

2021-жылдын октябрынан бери мектептер үчүн 329 миң 300 нуска окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, химия, физика, кыргыз адабияты, орус тили, орус адабияты, Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, биология китептери басылып чыгарылды.

“Ошондой эле көрүүсү начар балдар үчүн геометрия жана орус адабияты сабактарынан 2 миң 320 китеп жарык көрдү”, — дейт ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык анализ бөлүмүнүн башкы адиси Азизбек Мураталиев 329 миң 300 нуска окуу китебин басып чыгууга 55 млн сом сарпталганын билдирди.

Жусупбекова мындан сырткары, кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги 538 окуу китептеринин электрондук нускалары “Электрондук китепканага” киргизилгенин маалымдады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Мамлекеттик компаниялар 2021-жылга караганда бюджетке 15,7% көп киреше которду

Ушул жылдын төрт айында мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан бюджетке пайда түрүндө 225 миллион 245,9 миң сом которулган. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.

Маалыматка караганда, мындан бир жыл мурда ушул эле мезгилде мамлекеттик ишканалардан казынага 194 миллион 744,4 миң сом гана түшкөн. Айырмасы 30,5 млн сомду түзөт же 2022-жылы 15,7%га өскөн.

Республиканын Улуттук банкы тарабынан бюджетке чегерилген пайда өзүнчө карала тургандыгын белгилейбиз. Алсак, 2022-жылдын январь-апрель айларында ал 3,7 миллиард сомду түзсө, 2021-жылы бюджетке Улуттук банктан пайда түрүндө 5 миллиард 636 миллион 330,1 миң сом түшкөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМ: «Ихсан» турак жай кооперативине 2021-жылы кылмыш иши козголгон

«Ихсан групп ЛТД» турак жай кооперативине 2021-жылы кылмыш иши козголгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен тергелип жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштү министрликтин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

“Ихсандын” мүчөлөрү 4-апрелде ишкананын Бишкектеги кеңсесине чогулуп, нааразылык билдиришкен. Алар үй алууга акча берип, бирок турак жай албай калганын билдирип, акчаны кайтарып берүүнү талап кылган.

Кооперативдин өкүлдөрү нааразылык тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин бир нече турак жай кооперативдерине да ушундай эле нааразылыктар айтылып, милицияга арыздангандар болгон. Бишкекте «Белый Дом Кейжи» («Ак үй Кейжи»), Ошто S-LINE турак жай кооперативинин жетекчилери алдамчылыкка шек саналып кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров: 2021-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти

2021-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Акылбек Жапаров башкарган министрлер кабинетинин алдына койгон эң башкы милдет — бюджеттин кирешесин көбөйтүү.

“Жаңы команда кандай активдүү иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Натыйжалар көп деле күттүргөн жок. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 млрд сомго жетти. Бул жылы чогултууларды 400 млрд сомго жеткирүү милдети коюлган. Кийинки жылга 500 млрд сомго жеткирүү милдетин коюп жатам. Коррупцияны жок кылсак, сол чөнтөккө кетип жаткан акчаларды токтотсок бул көрсөткүчкө жетебиз”, — дейт президент

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМ: 2021-жылы Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүч талабы менен 2017-жылдан бери издөөдө жүрүшкөн Кыргызстандын эки жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде Польшада кармалды.
Биринчиси, Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан жана экинчиси Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мекемелеринен качып жүргөн.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол УББнын кызматкерлери тарабынан, эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалган, анын ичинен 14 адам чет өлкөлөрдө, 31 адам Кыргызстанда болгон.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен үзгүлтүксүз кызматташып келет.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Кыргызстан 2021-жылы ИДПнын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетти

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги натыйжасы ички дүн продукциянын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетишүү болду. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев  маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары өсүү темпи боюнча оң көрсөткүчтөрдү көрсөттү жана тейлөө чөйрөсүнүн жана өнөр жай тармактарынын өсүү темпин жогорулатуу менен камсыз болду.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча, 2021-жылга карата ИДПнын көлөмү 723,1 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 103,6%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды (2020-жылы — 91,1%) түздү.

ИДПнын дефлятору 116% деңгээлинде болду.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 5,0 %га, курулушта – 4,8 %га төмөндөгөн, ал эми өнөр жайда – 7,2 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 6,5 %га өскөн.

«Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4%ды, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 45,2%ды түздү», — деди министр.

2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы экспорттук жеткирүүлөрдүн азайышы алтынды берүүнүн 3,2 эсеге, тирүү жаныбарларды — 1,8 эсеге, жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү — 20,9%га, баалуу металлдын рудаларын жана концентраттарын — 2, 2%ге төмөндөшүнө байланыштуу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенде 2021-жылдын апрелинде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кошумча жөлөкпул дайындоо жана төлөө боюнча токтом кабыл алынды

Министрлер кабинети тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:

– курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;

– курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМ 2021-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

ИИМде ички иштер органдарынын 2021-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коллегияга министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, “Унаа” мекемесинин, ошондой эле жер-жердеги шаардык-облустук-райондук ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйынга чейин Акылбек Жапаровду ИИМдин командалык борборунун иши менен тааныштырышты. Кызматтык унааларды, көчмө портативдик радиостанцияларды жана патрулдук милициянын атайын техникасынын көптөгөн үлгүлөрүн көрсөтүштү.

Акылбек Жапаровго ИИМдин башчысы борбордун ишмердүүлүгү, күнү-түнү иштеген 400 видеобайкоо камералары, ыкчам маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле министрлик тарабынан өлкөнүн жолдорундагы кырсыктардын санын азайтуу максатында ЖКККББнын аймактык бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлө турган 60 унаа сатып алынгандыгын айтты.

ИИМдин коллегиясы алгачкы жолу электрондук документ жүгүртүү тутумун колдонуу менен өткөнүн белгилеп кетүү керек. Электрондук документ жүгүртүү санариптештирүүнүн негизги элементтеринин бири болгондуктан, коллегиянын бардык катышуучулары планшет менен камсыздалган. Кагаздан электрондук форматка өтүү заманбап стандарттардын жаңы деңгээлине чыгуу болуп саналат.

Министрлер кабинетинин башчысы жыйындын жүрүшүндө 2021-жылы ички иштер органдары алдыларына коюлган ар бир тапшырманы ыкчам чечкенин билдирди.

Коллегияда биринчи маселе боюнча ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов өз баяндамасында, ички иштер органдарынын 2021-жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгиледи.

“2021-жылдын 12 айында ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердиги кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызматкерлердин ишмердиктерине шарттарды түзүп берүүгө багытталды. Буга байланыштуу, азыркы заманбап шартта эл аралык кызматташтыкты жана калкка сервистик тейлөөнү чыңдоого максималдуу аракеттер көрүлдү. Ошону менен бирге, өлкөбүздө жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен бирге болуп өткөн маанилүү коомдук иш-чараларда коомдук тартип жогорку деңгээлде сакталды. Тактап айтканда, ири шайлоолор убагында, кышкы-жайкы туристтик мезгилдерде, андан тышкары, 28-30-апрелинде орун алган кыргыз-тажик чек ара жаңжалдарында “аскердик коркунуч” баскычында ишмердик алып барылып, өлкөбүздөгү ошол учурдагы ыкчам кырдаалды турукташтырууга өз салымыбызды коштук.

Жетишкен жактарыбыз негизинен ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүп, аларды жаңылоо иштеринин натыйжасында болду десек жаңылбайбыз. Отчеттук мезгилде 22 мыйзам долбоорлору жана 36 мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору боюнча иш алып барылды. Анын ичинен, 32 ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, 6 токтотулган, ал эми калган 20сы боюнча уюштуруу иштери алып барылууда.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги негизги басымды жер-жердеги ички иштер органдарын ишмердигин күчтөндүрүүгө багыттады. Борбордук аппараттардын түзүмдөрү оптималдаштырылып, бошогон штаттык бирдиктер шаардык-облустук ички иштер башкармалыктарына шаар-райондук бөлүмдөргө берилди. Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрү түзүлдү, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматтары күчтөндүрүлдү.

Бишкек шаарында Ыкчам – издөө бөлүмү түзүлдү жана Ысык-Көл облусунда Туристтик-экологиялык взводу ишке киргизилди. Бишкек жана Ош шаарларында пилоттук долбоор катары бодикамера, электрондук планшет жана жаңы формалык кийим менен камсыздалган милициянын участкалык инспекторлорунун жаңы образы киргизилди.

Жалпылап белгилегенде, республикалык бюджеттин эсебинен 900 миллиондон ашуун кошумча акча каражаты Ички иштер министрлигине бөлүнүп берилип, ички иштер органдарынын ишмердигин жакшыртууга жумшалды. Ички иштер органдарынын ишмердигин мындан ары чыңдап, иш алып баруу боюнча 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан тапшырмалар коюлган. Коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн профилактика иштерин күчтөндүрүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу тергөө жана элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча кадамдык иш-чаралар бекитилип азыр ар тараптуу иш-аракеттер жүрүүдө.

ашкы прокуратуранын статистикалык отчетуна ылайык, 12 айда ички иштер органдарында жалпы 143 миң 360 кылмыш жана жорук катталган. Анын ичинде, кылмыштар 82 миң 925 жана жоруктар 60 миң 435ти түзгөн. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде өндүрүштө турган жалпы 69 миң 742 кылмыштардын жана жоруктардын ичинен 38 миң 516 бети ачылган, бетин ачуу 55,2% түзгөн, салыштырмалуу 16,5%га көп ачылган. Өткөн жылы 26 миң 422 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, салыштырмалуу 13,4%га көп жиберилген.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 1 миң 203 кылмыштар жана жоруктар катталып, 3 тонна 737 кг. 485 гр. баңгизаттар алынган. Диний экстремизмге токтолсом, өлкө аймагында диний экстремизмди, улуттар жана аймактар аралык кастыктарды козутууну алдын алуу боюнча калк арасында 4 миң 647 маалымдоо иш-чаралары өткөрүлгөн. Иш-чаралардын жүрүшүндө диний экстремизм багытында 566 факты жана диний экстремисттик уюмдардын 5 уюшкан тобу аныкталган. Жалпысынан 2 миң 523 далил заттар алынган, анын ичинде, 8 ноутбук, 171 китепчелер, 1730 кол жазмалар, баракчалар, 182 телефондор, 148 атайын дисктер, 15 сим карталар, 136 плакаттар, 131 аудио-видео жазуулар, 1 жардыруучу зат жана 1 ок атуучу курал алынган. Андан тышкары, интернет тармактарында экстремисттик, террористтик мүнөздөгү жана рассалык, улуттар, диний же аймактар аралык кастыкты козутуучу 39 материалдар, 63 сайттар жана 20 аккаунттар аныкталып, соттун чечиминин негизинде 38 сайтка бөгөт коюлган. Андан тышкары, 315 фото-видео материалдар өчүрүлгөн.

Коомчулуктун чордонунда болгон жол унаа кырсыктарына токтоло кетпесем болбойт. Жол унаа кырсыктары бардык шаарларда, облустарда өсүүдө. Мисалы, 7 миң 437 жол унаа кырсыгы катталган, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 21,3%га, каза болгондор 14,8%га, жаракат алгандар 23,2%га өскөн. Адыл Бийбосунов жол кырсыктарынын жалпы абалына кыскача токтолуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын чаралар жогорку деңгээлинде жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи, демек бул багытта үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү керек”, — деди Адыл Бийбосунов.

Министрдин биринчи орун басары сөзүнүн аягында кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштардын бетин ачууну жакшыртуу, сапаттуу мыйзам чегинде тергөө жүргүзүү жана ошондой эле кызматтык тартипти да бекем сактоону, өздүк курам арасында таалим тарбияны жакшыртууну да учурдун негизги талаптары экендигин баса белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2021-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыктары: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жарык үчүн тариф төмөндөтүлдү

Электр энергиясын керектөөнүн тынымсыз өсүшүнүн шартында энергетикалык кубаттуулуктарды жогорулатууга байланыштуу чечимдер иштелип чыгууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыска убакыттын ичинде «Муз-Төр» чек ара заставасын электр менен камсыздоо», «Баткен облусунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу» сыяктуу орчундуу долбоорлор жыйынтыкталды, алардын ишке ашырылышы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап, Баткен облусунун электр менен камсыздоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Баткен облусунун аймагындагы жерлерди алуу маселелери да чечилип, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВ электр линиясынын курулушу башталды.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иш-чаралар активдүү жүрүүдө, анын алкагында №4 гидроагрегаттын жабдуусун монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзам иштелип чыгып, Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү ишин жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында 2021-жылдын 30-сентябрында 2021-2025-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилген.

«Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт⋅саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү.

Аталган чечим даректүү социалдык колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткен ОИИБде 2021-жылдын ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылды

2022-жылдын 20-январь күнү Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу жана келерки жылга аткарыла турган иштерди мерчемдөө, мындан ары эл арасында, чек аралаш аймактарда алдын алуу иштерин жандандыруу максатында, 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниктери катышты.

  


Жыйында Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов облус ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча баяндамаларын угуп, кенен талкуулады. 2021-жыл ичинде коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилиги, кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге, башкача айтканда өз кесибинин мыктыларына, ошондой эле мыкты ардагерлер кеңеши кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Баткен ОИИБнын атайын дипломдору, тасмасы жана вымпелдери тапшырылды. Ал эми 2021-жыл ичинде «Мыкты ички иштер бөлүмү» болуп 1-орунга Кадамжай РИИБү 1-даражадагы диплом жана Вымпел, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өткөрүлүп берүүчү «Кызыл туусу» менен сыйланды. 2-орунга Баткен РИИБү, 3-орунга Кызыл-Кыя ШИИБү ээ болушту. Ал эми “Мыкты ардагерлер кеңеши” наамына Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Саттаров Каримберди Камчыевич ээ болуп, 1-орунду ээледи. 2-орунга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Боронов Алимбек Абдилазизович татыды. Ал эми 3-орунга Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы капитаны Исманов Мийзам Джумагулович ээ болду.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов ИИОнун кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу болбогон кээ бир ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана бөлүм башчыларына кескин сындарды айтып, кемчиликтерди жоюу максатында талаптарды катуу койду. Жыл ичинде өз деңгээлинде жумуш алып бара албаган жетекчилерге, кызматкерлерге кызматтык жазалар берилди.
Жыйындын аягында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов: “Ар бир кызматкердин билим деңгээли жогору болуп, аткарган иштерине чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоо керек, ошондо элдин ишеничин актайбыз” деп ар бир кызматкерди эл менен сылык мамиледе болууга жана ар бир кызматкер өз милдетине жигердүү мамиле жасоого чакырып кетти.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берди

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы барасына билдирүү калтырып, анда 2021-жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу кеңири маалымат берди.

«Былтыр консолидацияланган, жөнөкөйлөтүп айтканда, өлкөбүздүн жалпы бюджети 281,3 миллиард сом деңгээлинде бекитилген.

Республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8,5 миллиард сом деңгээлинде болжолдонгон.

2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калып жатканы байкалган. Май айынан тартып Салык кызматын санариптештирүү, фискалдаштыруу, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана байкоо жүргүзүү иштери күчөтүлүп, өз жемишин берди.

2021-жылдын жарымынан – август айынан тарта салык жыйымдарынын динамикалык өсүшү байкалды. Мындан улам 2021-жылдын бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды 7,9 млрд сомго ашыра аткарып, бюджетке 104,2 млрд сом түшүргөнүн белгилейбиз.

Өз кезегинде Бажы кызматы акыркы эки айда пландан артта калуусун 3,2 миллиард сомдон 1,6 млрд сомго чейин кыскартууга жетишип, бюджетке 46,8 миллиард сом түшүрдү.

Жалпысынан, жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151,0 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери толугу менен аткарылып, 44,7 млрд сомду түздү. Салыктык эмес кирешелердин өсүшү бекитилген пландагы 31,3 миллиард сомго салыштырмалуу 13 миллиард сомдон ашык болду.

Муну менен, алдын ала маалыматтар боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 млрд сомго өскөн.

Жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул өсүш бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча зарыл иш-чараларды 19,5 миллиард сомго ишке ашырууга мүмкүндүк берди, анын ичинде:

— медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50% жогорулатууга 1,8 млрд сом бөлүндү;

— маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 0,2 млрд сом бөлүндү;

— кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү (COVID-19);

— 1,5 млрд сомго COVID-19га каршы вакциналар сатылып алынды;

— азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, тактап айтканда, буудайды, данды сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1,9 млрд сом бөлүнгөн;

— кыштан көйгөйсүз өтүү максатында энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3,4 млрд сом каралган;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөкпулдарды, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды 50 пайызга көбөйтүүгө болжол менен 0,6 миллиард сом жумшалды.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпулдар 100%га көбөйдү. Мисалы, ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү жөлөкпул 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 4000 сомдон 6000 сомго чейин көтөрүлгөн. 2022-жылдын 1-январынан тарта бул жөлөкпулдардын өлчөмү 8 миң сомду түзөт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башка бардык жөлөкпулдар боюнча көрүнүш ушундай эле. 2021-жылы алар жогорулоо жагына карай өзгөрдү.

Маалымат үчүн:

ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, майып балдарга жана кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 4000 сомдон 6000 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге — 4000 сомдон 8000 сомго чейин көтөрүлдү.

Кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 3300 сомдон 4950 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге көтөрүлүп, 6600 сомду түздү.

Ал эми кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 2700 сомдон 4050 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге 5400 сомго чейин көтөрүлдү.

Ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдарга ай сайын жөлөкпул:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 1000 сомдон 1500 сомго жогорулатылган.

-​2022-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 2000 сомду түздү.

Ошону менен катар тоголок жетим балдардын жана ата-энеси дайынсыз балдардын жөлөкпулдарын 50 жана 200 пайызга (3 эсе) көтөрүү каралган:

-​мындай балдарга 2021-жылдын 1-октябрынан тарта жөлөкпул 2000 сомдон 3000 сомго көтөрүлгөн;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып 3 эсе көтөрүлүп, 6000 сомду түздү.

Мындан сырткары, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө максатында 2021-жылы 7 млрд сомдон ашуун кошумча каражат бөлүнгөн. Ал каражаттар аскер кызматчыларын социалдык жана материалдык жактан колдоого, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө, ошондой эле аскер техникаларын сатып алууга багытталган. Бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бюджет аркылуу алгачкы жолу сатылып алынып олтурат.

Жыйынтыгында, ресурстук бөлүк жана берилген бардык милдеттенмелер аткарылып, бул жылга бюджет 5,6 млрд сом деңгээлиндеги запас менен аткарылды».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМ: 2021-жылдын ичинде Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жаран өлкөнүн аймагынан чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү 2021-жылдын ичинде сот өкүмүнүн аткарылышы менен Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жарандар биздин өлкөдөн чыгарып жиберилди. (Тажикстан – 13, Өзбекстан – 2, Казакстан — 4).

Алсак, 2021-жылдын январь айында Чүй облусунун аймагында Казакстан Республикасынын 1987-жылы туулган Ч.К. аттуу жараны баңгизаттарга байланышкан кылмышты жасагандыгы үчүн кармалган. Бул жаран, Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан 1 жыл 5 айга эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү жөнүндө өкүмү чыккан.

Ошондой эле, 2021-жылдын апрель айында миграциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Тажикстан Республикасынын жарандары мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндүктөрү аныкталган. Текшерүү учурунда, ал жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өткөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча кармалган жарандар Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү жөнүндө өкүмү чыккан.

2021-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстан Республикасынын 1984-жылы туулган М.Ж. аттуу жараны жасалма документтерди колдонгондугу жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалган. Аталган жаран, өзүнүн мекенинде оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун өкүмү менен 2 жыл 6 айга эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу чечим чыгарылган.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Республикалык “Сайма чемпионаты – 2021” өтөт

2021- жылдын 19-декабрында саат 11:00дө Кыргыз Улуттук тарых музейинде “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду Kiyiz Duino Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин колдоосу менен саймачылардын үчүнчү жолку Республикалык “Сайма чемпионаты – 2021” сынагын өткөрөт.
Сынак өткөрүүнун максаты:
“Өнөрдүн көркү – саймачылык” Салттуу билимдердин эң ирилеринин бири сайманы кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу. Иш-чара бүгүнкү күндөгү салттуу маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма сайуунун жандандырууга өбөлгө тузөт.
Сайма чемпионатына Кыргызстандын баардык аймактарынан “керме сайма” сайганды билгендер катыша алат.
Шарттары:
1. Сайма ЧЕМПИОНАТКА катышуу үчүн, катышуучунун баракчасын толтуруп уюштуруучуларга 0708-32-62-64 номерине жиберүү керек.
2. Чемпионатта сайылуучу сайманын багыты 18-декабрь саат 19:00 дө катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан жөнөтүлөт. Ар бир катышуучу багыт алат, даярдык көргѳнгѳ убактылары болот.
3. Ар бир катышуучу белдемчисин кийип келүүсү шарт (дресс код)
4. Ар бир катышуучу керме сайма саюуга керектүү кергич, шибегени ѳзү менен ала келет.
5. Берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу, кездемени кермеге керип, берилген темага жараша өзүнүн оюусун чийип, анан сайманы сайып чыгуу керек.
Баалоо:
1. Сайманын сапаты (сайманын сайылышы, жиптин аралыгынын жайгашышы)
2. Чыгармачылыгына (берилген теманын туура так жана ошондой эле өзүнүн чыгармачылыгын кошуп аткаруусу)
3. Убактысына (берилген убакыттын ичинде канчалык көлөмдө сайма сайгандыгы)
тез арада тапшырманы сайып бүтүүсү эске алынбайт
Чемпионаттын алкагында:
1. “Саймачынын чебердиги” атайын иштелип чыккан эн белгиси баардык белдемчи курсун бүткөндөргө берилет .
2. Атайын белдемчилердин дефиле сынагы болот. Бул сынака 2021-жылы өзү колго саймасын сайып, тиккен белдемчилери бар уздар катышат. Сынакка катышуучу уздар уюштуруучу топ менен байланышып каттоодон өтүүсү зарыл. Сынактын алкагында мыкты белдемчилерге белектер бар.
3. Биринчи жолу керме сайма менен сайылган буюмдардын көргөзмө сатыгы уюштурулат
Уюштуруучулар: Кийиз Дүйнѳ коомдук фонду Kiyiz Duino жана Кыргыз улуттук тарых музейи
Чемпионатка катталуу: 7-декабрда башталып, 18-декабрь саат 17-00 бүтѳт.
Өтүү убактысы: 19-декабрь катоо 10:00 башталышы саат 11:00
Өтүү орду: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Шайлоо 2021: Кыргызстандыктар Түркиядагы 3 шаарда добуш беришет

Кыргызстандын Жогорку Кеңешин шайлоо үчүн Түркиядагы жарандарга Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында шайлоо тилкелери уюштурулган деп жазат Haberturk түрк басылмасы.

Консулдук каттоого алынып, биометрикалык маалыматтардын базасына кирген жарандар жергиликтүү убакыт менен саат 08:00 — 20:00 аралыгында добуш беришет.

Түркияда Кыргызстандын 84 миң 128 жараны катталган.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо өтүп жатат. Шайлоо аралаш система боюнча өтүүдө. 54 мандат үчүн талапкер партиялык тизме боюнча, парламенттеги дагы 36 мандат үчүн – бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлер күрөшүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомСаясат

Садыр Жапаров: «Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол»

Президент Садыр Жапаров бүгүн «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев менен маек курду. Анда мамлекеттеги эң маанилүү Кумтөр, Мегаком маселелери тууралуу пикирлерин ачык айткан. Маекти окурмандарга сунуштайбыз: 

– Садыр Нуркожоевич, саламатсызбы?!

– Саламатчылык.

– Мамлекеттин, элдин тагдырына кайдыгер карабаган журналист катары сизге бир нече суроолор менен келдим. Маектешүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат.

Эч нерсе эмес.

– Анда биринчи суроом: Кечээ Өмүрбек Текебаевге теледебатта оппоненти суроо берди. Сиз 2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөрдү мамлекетке алалы (!) дегенде каршы болгонсуз. Эмне үчүн деген суроосуна мындай деп жооп берди: “Биздин сунушубуз токтом долбооруна кирбей калган, ошол үчүн каршы болгонбуз, азыр деле Кумтөр мамлекетке өткөн жок” деди. Ушул чынбы? Чын болсо ал эмне сунуш эле? Дегеле Кумтөр мамлекетке өттүбү же өтө элекпи?

– Текебаев алжып калган, же ич күйдүлүк кылып жатат. “Алжып калган” дегеним өзү көрүп турган эле жолду “мына ушул жол туура” деп эле көгөрүп тура берчү адаты бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды.

Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. Кумтөр талаш жок 100 пайыз мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер өздөрү да моюндады. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалышты. Тигилер тараптан дагы жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз. Сабыр этип тургула.

Ал эми “ич күйдүлүк кылып жатат” дегеним, 2012-жылы Текебаев ич күйдүлүк кылып, андан сырткары Атамбаевдин буйругун аткаруу менен каршы чыккан. Экөө бир команда болчу.

Мен көп саясатчыларга жооп бербей эле коеюнчу дейм. Бирок өздөрү келип эле тийишип алат. Анан жооп бергенге туура келет.

2012-жылы мен “Кумтөр мамлекетке өтсүн” деген маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеш ызы-чуу түшүп турганда Текебаев фракциясын кабинетине чогултуп алып, «неужели» “Ата-Журтчулар” ушул маселени көтөрүп чыгат? Эмне, биздин арабызда жокпу көтөрүп чыкчулар (?) деп фракциясын зекийт. Ичи күйөт. Бул окуяны ошол мезгилде Текебаевдин партиясынан депутат болгон Бактыбек Калмаматов өз оозу менен ошол замат бизге айтып берген. «Азыр фракцияда ушундай сөз болду.

Кумтөр маселеси өтпөйт Садыр аке. Жөн эле убара болбоңуз, мен добуш берем, бирок менин добушум эч нерсе чечпейт», — деп.

Калп десе Бактыбек Калмаматов айтып чыксын азыр. Ошондогу жаш депутаттар Дастан Жумабеков, Жыргал Саматов, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев болуп баарыбыз чогуу туруп укканбыз. Залда танапис болгондо жаш депутаттар чогулуп, баарлашып калаар элек.

Кийин добуш берерде “Ата-Мекен” фракциясы тобу менен добуш бербей залдан чыгып кетишкен. Жогорку Кеңештин архивин көтөрүп карап көрсөңөр болот. Архив калп айттырбайт.

Андан кийин 2015-жылкы шайлоо алдында элге пиар кылыштын амалын кылып, “Кумтөр элге өтсүн, мөңгүлөр талкаланбасын” деп мыйзам долбоорун чыгарымыш болушту. Эч жыйынтык чыккан жок. “Эл көрсүн” деген эле амалы болду. 2012-жылы эле колдоп коюшса өлөт беле? Ошондо колдоп коюшканда андан бери 8 миллиард доллар өзүбүздө калмак. Анын баары тышка чыгып кетти.

Кыргыздар ичи тарлыктын кесепетинен көтөрүлө албай келебиз. Андан көрө баарыңар буттан чалбай мага жардам бергиле. Моралдык эле жардамыңар керек. Азыр мен карапайым калктын гана моралдык жардамын сезип турамын. Анча-мынча саясатчылар каршы чыгып жатасыңар. Тескерисинче, Кумтөр, Мегаком жана башка эл аралык маселелерде бир муштум болуп колдоп тургула да. Баарыбыз үчүн керек. Кичине бир кемчилик кетсе эле табалап ураалап калбай. Кыргыз жаранысыңар го акыры.

И баса, Мегаком да толук мамлекетке карады.

– Шайлоо жакындап калды. Тынч өтөрүнө кепилдик бере аласызбы?

100 пайыз кепилдикти бир гана Кудай берет. Мен 99 пайыз кепилдик берем. Мурдагыдай бийлик тараптан административдик ресурс колдонулган жокпу? Жок. Сатып алуу, сатуу дегендерди колубуздан келишинче тыйып жатабыз. Талапкерлер менен 3,5 миллион шайлоочунун ар биринин артынан киши кое албайт экенбиз. Ошондуктан, эл өзү добушун сатпаш керек. Бийлик тараптан админресурс колдонулбагандан кийин тынч өтөт. Эмне шылтоо менен эл көчөгө чыгыш керек? Шылтоо жок.

Ооба. Анча мынча саясатчылар “куралдуу төңкөрүш кылабыз” деп сүйлөшүп жаткандар бар. Алардын ар бирин билебиз. Далилдер топтолду. Шайлоодон кийин аларга катуу чара көрөбүз. Азыр чара көрө баштасаң “шайлоого карата болуп жатат” деп тарапташтары кыйкырып чыгышат. Ушул акыркы шайлоо. Мындан ары беш жыл бою саясатты унутабыз. Баарыбыз экономиканы көтөрүү менен алек болобуз. «Повод» жок эле чыга бергендер болсо катуу жазасын алышат. Биз өзүбүз дагы «повод» бербейбиз. Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол.

– Садыр Нуркожоевич, көңүл буруп, маек бергениңизге чоң рахмат!

Маектешкен Асланбек Сартбаев

Булак: Арыба сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Шайлоо-2021. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоо жол-жобосун бузган 73 факты катталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ жарандардын арасында коомду тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатат.

Шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган учурдан тартып, 2021-жылдын 11-ноябры, саат 08:00гө карата шайлоо жол-жобосун бузган 73 факты катталган.

Алардын ичинен 19 факты Жазык кодексинин 192-беренесинде «Шайлоочуларды сатып алуу», 182-беренесинде «Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» жана 200-беренесинде «Уурдоо» көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 17 факты Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинде «Майда бейбаштык», 87-1-беренесинде «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу», 94-беренесинде «Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу» жана 90-беренесинде «Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо» каралган жоруктардын белгилери менен катталган.

Мындан тышкары, маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 37 материал катталган, анын ичинен 20 номенклатуралык иш көктөмүнө тиркелген, 7 аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 7 сотко чейинки өндүрүш ишине коштурулган, дагы 3 материал каралууда.

Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган, ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Видео. УКМК:“Ош-Антитеррор-2021” аталышындагы командалык-штабдык машыгуу болуп өттү

2021-жылдын 29-октябрында «Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын аймагында учакты басып алуу жана уурдоо боюнча терроризмге каршы атайын операцияны даярдоо жана өткөрүү боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун компетенттүү органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын сынактан өткөзү максатында «Ош-Антитеррор-2021» командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бул командалык-штабдык машыгуунун максаты, ведомстволор аралык туура координациялоо, иш жүзүндөгү өз ара аракеттенүү, ошондой эле атайын бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана алардын аракеттеринин ырааттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Машыгуулардын алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, анын көзөмөл астында террористтик коркунуч келип чыккан учурда терроризмге каршы иш-аракеттердин субъекттеринин жана башка мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелери иштелип чыкты.

“Ош-Антитеррор-2021” командалык-штабдык машыгуунун жыйынтыктоочу этабында Ош шаарынын аэропортунда КР УКМК атайын бөлүмү тарабынан учакты уурдоого аракет кылган шарттуу кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюу жана барымтадагыларды бошотуу операциясы аткарылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Акылбек Жапаров «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө айыл чарба кызматкерлеринин эмгегин жогору баалап, үстүбүздөгү жылы алар жогорку кесипкөйлүктү жана өжөрлүктү көрсөткөндүгүн белгиледи.

«Аба ырайындагы жагымсыз шарттарга карабастан, атамекендик айыл чарба кызматкерлери өлкө калкынын азык-түлүккө карай муктаждыгын камсыздоого чоң салым кошо алышты. Жеңилдиктер, насыялар, аба ырайынын катаал шартында дыйкандарды колдоого алуу, экспорттук субсидиялар жана жер семирткичтерди, транспортту жана күйүүчү-майлоочу майларды колдоо чаралары улантылат. Учурда биздин алдыбызда өзүбүздүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу милдети турат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы айыл чарба секторунун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айыл чарба кызматкерлерин энчилүү сааттар менен сыйлап, ошондой эле айыл чарба техникасын жана республиканын аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Көргөзмөдө жер-жемиштердин ондогон түрү жана сүт продукциялары тартууланган.

Тектеш материалдар