Коом

2022-2023-окуу жылына Венгриянын ЖОЖдорунда окууга конкурстук тандоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу улантылууда

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында окууга 2022-2023-окуу жылына карата конкурстук тандоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу улантылып жатканын маалымдайт.
Стипендиялык программага катышууга шарттар жана талаптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында (https://edu.gov.kg, “Стипендиялар” бөлүмү) http://student.edu.gov.kg/» онлайн системасында жайгаштырылган.
Алдын ала конкурстук тандоого:
– Кыргыз Республикасынын жарандары;
– 2004-жылдын 31-августуна чейин төрөлгөн талапкерлер, башкача айтканда, 2022-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгондор;
– 2022-жылдын 14-январына саат 23:59га чейин “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” программасынын онлайн системасына (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, керектүү документтердин баарын тиркеген жана ушундай эле жумушту кыргыз тараптын онлайн системасында (https://student.edu.gov.kg) да 2022-жылдын 15-январына саат 23:59га чейин аткарган жана эки системада тең техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер катыша алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкөдө 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепке медициналык кабинеттерди ачуу пландалып жатат

Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепке медициналык кабинеттерди ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка  ылайык, буга чейин мектепте шарт жоктугунан ар кандай оорууга кабылган  балдардын айрым категориялары билим берүү мекемелерине бара албай калган учурлар болгон.

Мындан улам, 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачып, анда иштеген медайымдарга айлык маяна (0,25тен 1 ставкага чейин) төлөп берүү пландалууда. Медициналык кабинеттер ачылса аларды жабдууга 386,7 млн. сом, мед кызматкерлердин эмгек акысына жалпы 232,1 млн. сом сарпталат.

«Кант диабети бар балдар, эгерде үйрөтүлүп-окутулган персонал жана инъекцияны алуу же аны өз алдынча жүргүзүү үчүн орун-жай болсо, мектепте окуй алышат. Талма оорусу кээде эле кармай калган балдар, эгерде мектепте медициналык кызматкер болсо, кадимки класста окушса болот. Башкача айтканда, медициналык мектептерди ачуу жана мектептин штабына медайымды киргизүү ар кандай оорусу бар балдардын билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн бир кыйла көбөйтүүгө шарт түзөт» — деп жазылган маалыматта.

Белгилүү болгондой, өлкөдө 2020-жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча 2283 мектеп бар. Окуучулардын жалпы саны 1,3 млнду түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button