Коом

2022-жылы кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешелери 3,2 пайызга өстү

2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелери 3,2 пайызга өстү, деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылы 637,1 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү.

Муну менен катар 2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 559,2 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 пайызга өстү.

2022-жылы калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери айына 7 396,7 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 5,5 пайызга көбөйдү.

2022-жылы милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча айына 7 948,4 сомду түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 19,6 пайызга өстү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралды.

Депутаттардын суроолоруна Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жооп берди.

Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 1 млрд 662 млн сомго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын айтып, бул багытта укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар барбы?» — деген суроону узатып, бул уюмга 8 ачык акционердик коомду жана 8 мамлекеттик ишкананы модернизациялоо үчүн 1 млрд сом бөлүнгөнүн айтты. «Кыргызиндустрия» аталган 16 ишкананын ишин жандандыруунун ордуна «Кыргызмык», «Кыргызтопчу» жана башка ишканаларды түзө баштады», — деген Ж.Токторбаев отчетто «Кыргызиндустриянын» текшерүүсү тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.

Буга Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов “Кыргызиндустрия” ААКда 2023-жылы аудит жүргүзүлүп, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча мыйзам бузуулар аныкталганын маалымдады.

Андан тышкары, депутат Гүлшаркан Култаева аудит системасынын натыйжалуулугуна көңүл буруп, максатсыз пайдаланган каражаттарды мамлекетке кайтаруу маселесине токтолсо, эл өкүлү Кундузбек Сулайманов уурдалган каражаттарды мамлекетке кайтарып берүү мөөнөтүн кыскартуу зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарына кызыкты. Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун айтымында, 2021-жылы аталган мекемеге 2 млрд 700 млн сом бөлүнүп, анан ичинде 46 млн сомдук мыйзам бузуулар табылган. “Азыркы учурда бул каражаттардын 92% мамлекетке кайтарылган”, — деди аудитор.

Ошондой эле депутат Марат Мураталиев Эсептөө палатасынын иши тууралуу сөз кылып, Министрлер кабинетин Эсептөө палатасынын корутундуларынын жана эскертмелеринин аткарылышына көңүл бурууга чакырды.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов Эсептөө палатасынын аудиторлорунан каражатты максатсыз пайдалануу жана уурдоо деген түшүнүктөрдү ажыратуу керектин айтып, жооптуу жетекчилердин кээ бир аракеттери мыйзам бузуу катары квалификациялоого дайыма эле негиз боло бербестигин жүйө келтирди.

Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиев коррупциялык тобокелдиктерди жана мыйзам бузууларды жоюу жана алдын алуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү маселелерин ортого салды.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар отчетту канааттандырарлык деп табышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны дээрлик эки эсеге көбөйгөн

2022-жылы Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Бул тууралуу журналисттерге УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан 649 миң 919 жаран келсе, 621 миң 232 жаран чыгып кеткен, 2021-жылы Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны 1,9 эсеге аз болгон.

Ошол эле учурда, ТАСС агенттигине Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, учурда дипломатиялык өкүлчүлүктүн консулдук бөлүмүндө 15,2 миңге жакын адам туруктуу каттоодо турат.

«Убактылуу 6,500гө жакын», — деп белгиледи дипломатиялык миссия. Бул көрсөткүчтөр акыркы бир нече жылда көп деле өзгөргөн жок.

Мыйзамга ылайык, республикадагы орусиялыктар ыктыярдуу түрдө консулдук каттоого тура алышат, ошондуктан алардын көбү консулдук бөлүмдөргө баруунун зарылдыгын көрүшпөйт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Дайырбек Орунбеков: “2022-жылы жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин көбөйтүлдү”

Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, чек арада жайгашкан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат.

Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк:

2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом
2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү төлөмдөр:

Бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан кийин 8000 миң сомго жогорулаган. Майыптын категориясына жараша төлөмдөр 100%дан 200%га чейин кошулду.

Ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр:

2022-жылдан тарта, жарым жетим балдардыкы 1000 сомдон 3000 сомго, томолой жетим балдардыкы 2000 сомдон, 6000 сомго көтөрүлдү.

Жалпы бюджети:
2021-жылы 4 млрд 136 миң 685 миң сом
2022-жылы 7 млрд 910 млн 498 миң сом

Персоналдык ассистент (дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын камкорчусу)

Мурда 4000 сом болсо, 2022-жылдан тарта 6300 сомго жогорулады.

Жалпы бюджети:
2021-жылы 491 млн 589 миң сом
2022-жылы 805 млн 933 миң сом

Интернат жатак үйлөрүндө жашаган майыптыгы бар жана улгайган жарандардын бир күндүк тамак ашына каралуучу төлөмдөргө эки эсе кошулду:

Бул үчүн, 2021-жылы мамлекет бюджетинен
79 млн 558 сом каралса,
2022-жылы 166 млн 938 миң сом бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, 2022-жылы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында 2800 үй-бүлөгө 100 000 сомдон кайтарымсыз акча каражаты берилген.

Быйыл, 2023-жылга 10 миң үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилет. Бул каражат, чакан ишкерчилик менен алектенүүгө, эмгек кылууга шыктандырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды

КР эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кыргыз улуттук театр өнөрүнүн мыкты актрисасы Анара Сыдыгалиеванын эл аралык сыйлыгы кут болсун”, — деген Раев.

Белгилей кетсек, эл аралык театр күнүнө карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түркиянын эң кадыр-барктуу “Театр” уюму 2022-жылдын Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр сыйлыгына татыктуулардын ысымын жарыялаган.

Сыйлык үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Түркиянын Стамбул шаарында тапшырылат.

Анара Сыдыгалиева Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Белгилүү театр жана кино актеру Азиз Мурадиллаевдин апасы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы Кумтөрдүн алтын сатуудан түшкөн кирешеси 1 млрд долларга жеткен

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Компаниянын маалыматы боюнча, 2022-жылы 555 миң 691 унций сатылып, бул 17 миң 284 кг алтынды түзгөн. Ошентип, 2022-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 986,5 млн долларды түзгөн.

2009-жылы «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана КР өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимде (РПСА) каралгандай, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатууга өзгөчө укук Атынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра түзүлгөн келишимдин жоболоруна ылайык «Кыргызалтын» ААКка гана таандык.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 миллиард сом бөлүнгөн

Акыркы дүйнөлүк окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук Министрлер Кабинетин тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү үчүн антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылды, деп белгиледи КРнын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев коллегиясынын жыйынындагы өзүнүн баяндамасында.

Кризиске каршы иш-чаралардын планына 51 иш-чара киргизилип, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 миллиард сом бөлүнгөн. Иш жүзүндө калкты жана бизнести колдоо үчүн 133 миллиард сом бөлүндү, анын ичинде:

-азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл чарба муктаждыктарына, ирригацияга жана эң керектүү товарларга бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларга 8,5 миллиард сом бөлүндү;

социалдык тармакка 35,8 млрд сом сарпталды;

финансылык туруктуулукка 36,0 млрд сом бөлүндү;

ишкерлерди колдоого 37,5 млрд сом бөлүндү;

энергетикалык коопсуздукка 15,3 млрд сарпталды.

Министр кризиске каршы план ички ресурстардын негизинде иштелип чыкканын жана тышкы демөөрчүлөрдүн жардамынан көз карандысыз болгонун баса белгиледи.

2022-жылы ички рынокту социалдык маанилүү товарлар менен толтуруу артыкчылыктуу багыт болду. Бул үчүн квоталарды бекитүү, нөлдүк ставкада маанилүү товарларды алуу иш чаралары кабыл алынды. Ошондой эле азык-түлүк товарларына рыноктук бааны кармап туруу жана турукташтыруу максатында, социалдык маанилүү товарлар үчүн КНСтин нөлдүк ставкалары белгиленди.

Натыйжада жыл аягына чейин жеңилдик 950 миллион сомдун тегерегинде болду.

Биринчи жолу кумшекер жана ун рыногунда бааларды кармап туруу үчүн өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, соода объектилери менен келишимдерди түзүү үчүн келишимдер түзүлдү колдонулду. Калкка күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү жана аларга болгон бааны кармоо максатында бюджеттик колдоо көрсөтүлүп, дээрлик 3 млрд сом кредит берилди.

Көмүрдүн баасы 8-10 миңге чыгып кеткенин эске алуу менен ыкчамдуу түрдө бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында: ундун баасы 45 сомдон 42 сомго арзандады; өсүмдүк майынын баасы 180 сомдон 145 сомго чейин төмөндөдү; кум шекерге болгон баа 100 сомдон 85 сомго чейин төмөндөтүлдү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Данияр Амангелдиев: 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү дээрлик 919 миллиард сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 7 пайызга өстү

Мындай маалыматты Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегияда билдирди.

ИДПнын өсүшү ыкчам кабыл алынган кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун жана жагымдуу иш чөйрөсүн түзүүнүн, ошондой эле ички резервдерди стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүүнүн эсебинен мүмкүн болду.

Мындай жогорку темпте өсүүнүн маанилүү шарты болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган олуттуу иш чаралар. Салыктык түшүүлөр 229 млрд сомду түзүп, анын ичинде дээрлик 154 млрд сому салык саясатынын чаралары менен, ал эми 74 млрд сому бажы төлөмдөрүнөн камсыз кылынды. Өткөн жылга салыштырмалуу салык жана бажы төлөмдөрүнүн өсүшүн 48,3 жана 58,5 пайызга жогорулады.
  • Монетардык эмес жана монетардык саясаттын чараларынын негизинде инфляция белгиленген чектерде сакталган. Жылдын жыйынтыгында инфляция 14,7% түздү. Кризиске каршы чаралар кабыл алынбаганда инфляциянын деңгээли 18% же андан да жогору болмок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Юстиция министрлиги 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Юстиция министрлигинде коллегиянын отуруму өтүп, анда 2022-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары каралды жана 2023-жылга карата пландар талкууланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, юстиция министри жана министрдин орун басарлары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коллегияда тейленген багыттар боюнча аткарылган иштердин отчеттору берилип, көйгөйлүү маселелер, Юстиция министрлигинин жана коллегиянын 2023-жылга карата иш планы бекитилди.

Коллегиянын соңунда министр Аяз Баетов 2023-жылга карата иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, биринчи кезектеги милдеттерди койду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы кыргызстандыктар эң көп кредитти соода жана айыл чарба тармагына алышкан

2022-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 204 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинде:

  • өнөр жайына берилген кредиттер — 13.7 млрд сомду түзгөн (1.1%га азаюу менен)
  • айыл чарбасына берилген кредиттер — 37.1 млрд сомду түзгөн (11.7%га өсүү менен)
  • соода чөйрөсүнө кредиттер — 56.2 млрд сомду түзгөн (9.6%га өсүү менен)
  • курулушка берилген кредиттер — 12.9 млрд сомду түзгөн (4.5%га азаюу менен)
  • ипотекага берилген кредиттер — 24.4 млрд сомду түзгөн (22.2%га өсүү менен)
  • керектөө үчүн берилген кредиттер — 33.1 млрд сомду түзгөн (48.9%га өсүү менен)
  • жана башкалар боюнча берилген кредиттер — 26.8 млрд сомду түзгөн (3.9%га азаюу менен).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылы миңден ашуун адам каржы пирамидасынын курмандыгы болгон

2022-жылы каржы пирамида фактылары менен жалпысынан 1 миң 52 кылмыш иши тергелип, 765 иш соттук кароого жиберилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Калгандары боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 27 жана 246-беренелеринин негизинде өндүрүштөн кыскартылган же токтотулган кылмыш иштери бар.

Ал эми жабырлануучулардын саны 1 миңден ашык адамды түзөт. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 млн сомдон ашык жана 1 млн 579 миң доллардан (болжол менен 137 млн 373 миң сом) ашык сумманы түзөт. Жалпы сумма болжол менен 410 млн 373 миң сомду түзгөн.

Каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү фактылары боюнча кылмыш иши козголгон: “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндс ассет мейважмемт”, “Ордо-Мурас”, “Аруке”, “Жүрөкө-Жүрөк”, “Балыкчы Ынтымагы”, “Мега Инвест”, “Аппи Трэвелс”, «Алмаз Авто», “Эл Биримдик”, “Нворк”, “Куестро Ворд”, “ОК платформа” жана башкалар.

Каржы пирамидалары өз ишмердүүлүгүн Бишкек, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында жүргүзүшкөн.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга акчаны күмөндүү уюмдарга салуу кооптуу экенин эскертет.

“Каржы пирамидалар каржы уюмдары эмес жана депозиттерди кабыл алууга лицензиясы жок. Жарандар каржы пирамидаларына акча салуудан мурда аларды жоготуу коркунучу бар экенин толук түшүнүшү керек. Анын катышуучуларынын ортосундагы мамиле өз ара ишенимге негизделген, демек, акчаңыздын коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Салык кызматы 2022-жылдын планын ашыгы менен аткарды

2022-жылы 207,9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Бул  белгиленген пландан 3,7 млрд сомго ашык.

Ал эми 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп.

Салык кызматы салык боюнча пландык тапшырмаларды бир катар факторлордун негизинде ашыгы менен аткарды.  Анын ичинде салыктык башкарууну өркүндөтүү, ишкерлерге онлайн кызмат көрсөтүү.

«СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, ККМ-онлайн, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башка долбоорлор да өзүнүн жыйынтыктарын берди.

Бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле, өз натыйжасын жаңы Салык кодексинин нормалары берди.

Ал ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө, ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда 2022-жылы кимдердин айлыгы көтөрүлдү? Тизме

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо жана статусун жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгеги үчүн кошумча стимул берүү максатында 2022-жылы эмгек акы 50%дан 100%га чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык:

— 2022-жылдын 1-апрелинен баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50%га жогорулады;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы (мектепке чейинки, жалпы орто, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында) 80%га, административдик персоналдыкы – 50%га, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдыкы – 50%га жогорулады;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып маданият, искусство, маалымат жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га көтөрүлдү;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык камсыздандыруу системасынын 2850 кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатылды;

— 2022-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү;

— 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларына кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.

Ошондой эле, укук коргоо органдарын чыңдоо, эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуунун алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы да жогорулатылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомЭкономика

2022-жылга карата аралыктагы жыйынтыктар. Максат – Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылуу

2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болуп, анда 2022-жылдагы негизги экономикалык жетишкендиктер талкууланды.

Бирок мен адегенде ата мекендик салык төлөөчүлөргө бул окуянын алдында эмне болгонун кыскача эскертип коюуну максатка ылайыктуу деп эсептейм.

Эл аралык эксперттердин жана дүйнөлүк каржы институттарынын 2022-жылдын башындагы Кыргыз Республикасы үчүн капа болгон божомолдору жыл аягына чейин кандай жыйынтыктарга жетебиз деген божомолдору ишке ашкан жок. Эң пессимисттик божомол Moody’s агенттиги тарабынан айтылып, Кыргыз Республикасынын экономикасы 1% го төмөндөйт деп күткөн. Бир аз жубатарлык, алар айткандай, экономикабыздын ɵсүшү начар болот деген эсеп-кысаптар болду. Бирок чындык түп-тамырынан бери башкача болуп чыкты: Кыргыз Республикасынын экономикасы олуттуу өсүш менен мүнөздөлдү. Ата мекендик экономика Украинадагы согуштун терс таасирине туруштук бере алды.

Бул Украинадагы кырдаалга байланыштуу финансылык рыноктордогу башаламандык, көптөгөн өлкөлөрдө көзөмөлсүз мамлекеттик чыгашалар сыяктуу чакырыктардын жана тобокелдиктердин терс таасирин тегиздөө үчүн, стимулдаштыруу саясатынын жогорку деңгээлдеги фонунда жоюлгандыгы менен байланыштуу. Инфляция, өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнүн басаңдашы РФ – Кыргыз Республикасынын жетекчилиги 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы планын жана Иш планын иштеп чыккан.

Салыктык башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечкиндүү аракеттери 2022-жылы акча каражаттарын чогултууну кыйла жакшыртты: 2022-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджетке кирешелер 122019,6 млн сомду түздү, бул 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 49,5%га өсүүгө туура келет. Кирүүчү ресурстардын негизги үлүшүн (76,3%) салыктык кирешелер ээлеген. Фискалдык саясат экономиканы колдоого жардам берди.

ИДП негизги металлдарды, полиграфия продукциясын, мунай жана тамак-аш продуктыларын, текстиль, булгаары, тоо-кен өндүрүшүн өндүрүүнүн эсебинен өскөн. ИДП сооданын, айыл чарбанын жана курулуш секторунун өнүккөнүнүн аркасында да өсүп жатат.

Алсак, январь-сентябрь айларында тышкы сооданын көлөмү өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 35,9%га өскөн. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасынын көлөмү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га өстү. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70,1%) жана Казакстанга (27,6%) туура келген.

2022-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарба дүң продукциясынын өсүү темпи 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 106,7% дытүздү. «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан 7 миң 930 айылдык товар өндүрүүчүгө 4 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилди.

Министрлер кабинетинин жогоруда аталган жыйынында КР Президенти Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып, январь-ноябрь айларында ИДП 781,4 млрд сомду түзүп, 7%га өскөнүн билдирди. Ошол эле учурда консолидацияланган бюджет 400 миллиард сомдон ашык көрсөткүч менен жабылат.

Андан ары мамлекет башчы мамлекеттик казынаны олуттуу толтуруунун аркасында 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана 200 социалдык объектинин курулуш-оңдоо иштери аяктаганын айтты. 2022-жылы мамлекеттик инвестициялык каражаттарды өздөштүрүү бекитилген бюджеттин 90,3%ын жана такталган бюджеттин 95,7%ын түздү. Бул акыркы 8 жылдагы мамлекеттик инвестициянын эң жогорку эффективдүү көрсөткүчү.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын январь-октябрь айларында көптөгөн тармактарда айлык акылар жогорулаганын эске салды. Тактап айтканда, искусство жана эс алуу чөйрөсүндө — 65,7%, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө — 52,2%, билим берүү тармагында — 43,5%, милдеттүү социалдык камсыздоо тармагында — 28,1% …

КР Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров салык чогултуу аркылуу социалдык милдеттенмелерди аткарууга болорун белгиледи: “Акыркы 10 жылда салыктын түшүүсү жылына эң көп дегенде 70 миллиард сомго жетти. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 155 миллиард сом киреше алып жатабыз… Мамлекеттик бажы кызматы менен Социалдык фонд жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Саясий эрк болуп, ар кандай “крышаларды” жоюп, фискалдык саясатты жакшырттык, киреше ала баштадык. Салыктын жаңы түрлөрүн киргизген жокпуз жана салык процедураларын фискалдаштыруунун негизинде компетенттүү салык-бюджет саясатын жүргүзүү менен гана ийгиликке жетиштик”.

Жыйында ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталганы айтылды. Жылдын орчундуу окуяларынын бири Кумтөрдүн Кыргыз Республикасынын көзөмөлүнө өтүшү. Евразия өнүктүрүү банкы алтын өндүрүүнүн көбөйүшү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнүн негизги фактору болот деп эсептейт. Көз карандысыз эл аралык эксперттердин (анын ичинде ЕӨБ эксперттеринин) пикири боюнча, “2022-жылдын жазынын орто ченинде башталган сомдун курсунун бекемделиши 2023-жылдын башында тышкы инфляциялык факторлордун таасирин жарым-жартылай жокко чыгарат. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасы 3,5% өсүшү мүмкүн”.

Министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылдагы министрликтердин жана ведомстволордун ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында 10 мамлекеттик орган “эң жакшы” деген баа алганы белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров мыкты деп табылган мекемелердин тизмесин берди: Мамлекеттик салык кызматы; Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Ички иштер министрлиги; Коргоо министри; Тышкы иштер министрлиги; Юстиция министрлиги; Улуттук статистикалык комитет; Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик; Социалдык фонд. 19 мамлекеттик орган «жакшы» деген баа алган.

Жыйында 2022-жыл Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү жылы деп айтылды.

Ар бир мамлекеттин стабилдүүлүгү соттордун иши менен байланыштуу. Андыктан, ошол кезде М.Кийизбаев (КАБАР) маалымдагандай, август айынын башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жогорку Сотко болгон жумушчу сапарынын алкагында сот системасын санариптештирүү процесси менен таанышып, сот системасында көп иштер аткарылды. Сотторго автоматтык маалыматтык системаны (АИС) киргизүү сот тутумунун иш кагаздарын жүргүзүү принцибин өзгөртөт, анын ачыктыгын жогорулатат. Сот аткаруучулар кызматынын ишин жакшыртуу максатында Сот департаментине 35 техника алынды. Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгү» программасы тарабынан көрсөтүлгөн эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасындагы сот реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүштү. Эми АИСге биринчи инстанциядагы 64 сот, экинчи инстанциядагы 8 сот, ошондой эле Жогорку соттун баары кошулган. Сот процесстерин автоматташтыруу сот системасынын ишин тездетти. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун айтымында, сот реформасы боюнча реалдуу иштер эми гана башталды. «…Соттордун айлыгы эгемендиктин тарыхында биринчи жолу 50%га көтөрүлдү. Биз санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн киргиздик. Соттордун иши автоматташтырылган, судьялар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү кыскарган. Биз ротация жүргүзүп, соттордун кынтыксыз иштешин камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түздүк», — деди ал.

Демек, биздин коомдо, албетте, жакынкы келечекке белгилуу оптимизм менен кароого негиз бар.

Ялкун Даутов,

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү,

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Министрлер кабинетинин башчысы 2022-жылдын негизги жетишкендигин белгиледи

Өтүп бара жаткан жылдын эң маанилүү жетишкендиги катары Кумтөр кенинин Кыргызстандын элине кайтарылышы саналат. Мындан ары «Кумтөр» Кыргыз Республикасынын элине таандык деп сыймыктануу менен айта алабыз, анткени бул экономикалык гана жетишкендик эмес, өлкөнүн жаңы тарыхын эки доорго бөлгөн окуя. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2022-жылдагы мамлекеттик органдардын ишинин негизги жыйынтыктары каралып жаткан министрлер кабинетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

«11 жылда (2010-2021-жылдары) өлкөгө төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 5,3 млрд сомду түздү. 2022-жылы 10 айда эле «Кумтөр» кенинен 26,5 млрд сом чогултулган”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров жана 2018-жылы тоо-кен тармагынан – 11 млрд сом, 2019-жылы – 13 млрд сом, үстүбүздөгү жылы 48 млрд сом каражат түшкөндүгүн, бул 3 эсеге көп экендигин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Садыр Жапаров быйыл Бишкек шаарында 15 мектеп жана 1 бала бакча курган курулуш компаниялардын өкүлдөрүн сыйлады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылдын 5 ай ичинде 15 жалпы билим берүү мекемесин жана 1 бала бакча курган курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сыйлады.
Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн азыркы жана келечектеги дүйнөдөгү ордун аныктай турган билим берүү системасын өнүктүрүүнүн чечүүчү ролун белгиледи.
Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы айтылган билим берүү мекемелерин кыска мөөнөттө курган курулуш компаниялардын өкүлдөрүн сыйлады.
Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана жалпы билим берүү мекемелерин курууга жана ишке киргизүүгө активдүү катышкандыгы үчүн:
— «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» ардак наамы «Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрнис Минкеевге тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:
— „Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары Сергей Белов;
— «Эталон Вин Спец Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бактияр Джаманбаев;
— «Аргын Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Кубанычбек Жарыкбашев;
— «Улар-Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Уланбек Калмаматов;
— «Лидер Хаус» Курулуш компаниясы“ жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Адилет Кененбаев;
— «Компания Рамзан» жоопкерчилиги чектелген коомунун инженер-куруучусу Сапарбек Омургазиев;
— «Ясин Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мирбек Эргешов.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан:
— «Лидер Хаус» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары Нургазы Асанбаевге;
— «Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун логистика боюнча орун басары Марат Матеновго алкыш жарыяланды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

2022-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5 млрд 189,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

“Салмак жагынан алып караганда 3 млн 471,6 миң тоннаны түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын товарлардын жалпы экспортунун көлөмү 500,2 млн доллар каражатты, салмак жагынан алганда 1 млн 936 миң тоннаны түздү. Ал эми импорттун көлөмү 4 млрд 689,1 млн доллар, салмагы 1 млн 535,6 миң тонна көрсөткүчтө болду.

Мындан сырткары, 2022-жылы Кытайдан товарлардын импорту 2 млрд 807 млн доллар же 607,3 миң тоннаны түзүп, андан 35,7 млрд сом бажы төлөмдөр чогулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров “АгроТехЭкспо-2022” айылчарба көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкесине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «АгроТехЭкспо-2022» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө коюлган айыл чарба техникалары, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы жетишкендиктер менен таанышты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Алтын күз»  жарманкесинде өлкөнүн аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары менен таанышты.

Возможно, это изображение 8 человек, ребенок, люди стоят и на открытом воздухе

Андан соң, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнүн 95 жылдыгына жана агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, агроөнөр жай тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын ак ниет эмгеги жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына байланыштуу төмөнкү ишкерлерге жана айыл чарба кызматкерлерине ыраазычылык билдирди:

Мирлан Мырзакановго — «Эфтар Агро Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Гүлүмкан Болотовага — «Чабрец» дыйкан-фермердик чарбасынын башчысынын мал чарбасы боюнча орун басары;

Александр Колодняжныйга — «Кирби» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Эмильбек Кыдыкмановго — Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин стратегиялык пландоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Мырзабек Орумбаевге — «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2022-жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет 12,5 млрд сом бөлгөн

Быйылкы жылдын башында энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 12,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө каржылоо 15,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

«Отун сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого — 9 млрд сом, Камбар-Ата-1 ГЭС курулуш иштерин баштоого даярдык көрүү этабына 1,6 млрд сом бөлүндү. Үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Токтогул ГЭСинин 4-гидроагрегатын ишке киргизүү пландалууда. Натыйжада, Бишкек ЖЭБиндеги жүктөм бир топ кыскарат», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал белгилегендей, быйыл өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырмалуу жакшы.

«Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,5 млрд куб метрге көп. 2022-жылы өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 млрд кВт саатты түзөт. Электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо максатында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан Республикасы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү», — деди Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси өтөт

20-22-октябрь аралыгында Бишкек шаарындагы эски аянтта “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү менен биргеликте Organic Expo 2021 органикалык көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, бул көргөзмө-жарманке КР Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда.

“Көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулат” , — деди ал.

Алишеров белгилегендей, аталган иш-чаранын алкагында Organic Expo 2021 жарманке-көргөзмөсүндө органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү сатылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт

15-17-сентябрда Ош шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча 10-өкмөттөр аралык Беларус-Кыргыз комиссиясынын жыйыны, бизнес-форум жана “Түштүк Экспо-2022” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэрияда аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өтүп, анын алкагында тиешелүү кызматтарга иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Беларусь делегациясынын башында Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары А. Сивактын келиши күтүлүүдө. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Беларусь-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлат.

Ошондой эле шаардын ири өнөр жай ишканаларына барып, анын ичинде “Кыргыз унаа курулуш” заводу менен таанышуу болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Без рубрики

Баткен облусунда “МАК-2022” иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат

Баткен облусунун аймагында “МАК-2022” иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Ушул иш-чаранын алкагында Кадамжай РИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары А.Масалиев айыл аймагынын өкүлдөрү менен топторду түзүп, иш-чараларды улантууда.


Чогуу иш алып барган топтор А.Масалиев айыл аймагындагы жашаган жергиликтүү тургундардын баңгилик кылмышына баруунун алдын алуу максатында жалпысынан 9,5 га жерди карап чыгып, болжол менен 5 тоннадай жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлүп жок кылынды.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Балыкчы шаарында ЖККУнун «Кобальт — 2022» биргелешкен машыгуусу башталды

Бүгүн, 3-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» аскер полигонунда КР Ички иштер министрлигинин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн катышуусунда «Кобальт — 2022» атайын-тактикалык машыгуусунун ачылышы болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, машыгуунун ачылышында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, машыгуунун негизги максаты ЖККУга мүчө мамлекеттердеги кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө болуп саналарын белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында тажрыйба алмашуу максатында уюштурулуп келет. Аталган машыгууга Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Россиянын өкүлдөрү катышты.

Ачылышында уюмга мүчө мамлекеттердин гимни жаңыргандан кийин аскердик салтанаттуу жүрүш болуп өттү.

Эскерте кетсек, аталган машыгуу «Эдельвейс» полигонунда 2022-жылдын 5-августуна чейин болуп өтөт. Машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.

Машыгуунун мерчеми боюнча атайын операцияны пландаштыруу, ар кандай күчтөр менен каражаттарды башкаруу жана өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелери боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (ФССН КСОР) Ыкчам штабы менен командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү каралган.

Машыгуунун соңунда ар кандай куралдардан ок атуу боюнча мелдештер, ошондой эле машыгууга катышкан командалардын арасында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке 104,5 миллиард сом түштү

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке 104,5 миллиард сом түштү. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Бакетаев бюджетке канча киреше түшкөнү жана каражат кайда жумшалганы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, ошондой эле Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин же консолидацияланган бюджетти камтыган мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстарынын пландык көрсөткүчтөрү 188 миллиард сомго, ал эми анын аткарылышы 190 миллиард сомго жетти.

Бажы кызма