2023-жылдын май айында жыйналган салыктын суммасы 16 млрд сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, министрлер кабинетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.
Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртуу, экономика тармактарын талдоо, бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштердин жана салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн аркасында салыктардын жыйноосун олуттуу жогорулатууга жетише алды.
Алсак, 2021-жылдын январь айында 6,5 млрд сом салык чогулган болсо, 2022-жылдын октябрында 13,5 млрд сом жыйналган.
2023-жылдын май айында жыйналган салыктын суммасы 16 млрд сомду түздү, ал эми быйыл октябрь айында 18 млрд сом жыйноо боюнча тийиштүү чаралар каралууда.
2024-жылы ай сайын жыйналуучу салыктардын суммасын 20 млрд сомго чейин жогорулатуу пландалууда.
Слайдда көрсөтүлүп тургандай, жыйналган салыктардын суммасы жыл сайын олуттуу өсүүдө.
Акыркы 3 жылдын 6 айынын жыйынтыгын алсак, 2020-жылдын 6 айында 33,5 млрд сом, 2021-жылы – 46,9 млрд сом, былтыр болсо – 73,6 млрд сом чогултулган.
Ал эми 2023-жылдын 6 айында 84,5 млрд сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 100 %га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд сомго көп же өсүү ыргагы 114,7 %ды түздү.
Пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу факторлорунун бири салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле, салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Салык кызматы экономиканын ар кайсы тармактарына системалуу талдоо жүргүзүп турат, бул ишкерлер тарабынан салыктарды төлөбөө тобокелдик факторлорун аныктоого жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берди. Белгилей кетсем, бул жаатта алгылыктуу иштер укук коргоо органдарынын, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитетинин жардамы менен ишке аша алды.
Мындан тышкары, контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу санариптик чечимдерди киргизүү салык жыйноону жакшыртууда чоң роль ойноду.
Слайдда көрүнүп тургандай, салыктардын дээрлик бардык түрлөрү боюнча өсүү темпи 2 эседен 3 эсени түздү.
Технология өнүгүп турган доорунда кассалык машиналар салык салуунун адилеттүү жана ачык системасын түзүүдө алдыңкы курал болуп калды.
Кассалык машиналардын санын көбөйтүү мамлекетке өзүнүн социалдык программаларын кеңири ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы учурда салык кызматы субъекттердин ККМдерин контролдоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген кассалык машиналарды башкаруунун жаңы системасын колдонууда.
Жаңы системанын артыкчылыктары болуп кассалык машиналардан маалыматтар оперативдүү реалдуу убакытта түз салык кызматына келип түшүүсү. Башкача айтканда, маалымат берүүдө ортомчул уюмдары жок. Ортомчул уюмдар (ОФД) жок маалыматты түз алуу салык төлөөчүлөргө кассалык машиналарды тейлөө аксынын өлчөмүн түшүрүүгө шарт түздү.
Жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Акыркы 2 жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйүп, 2023-жылдын жыл башына карата 65 422 ККМди түздү.
ККМди колдонгон субъекттердин мындай үч эсеге көбөйүшү салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле 10 миңден ашык гибриддик ККМди ишкерлерге бекер таратуунун натыйжасы болду.
Ошондой эле, ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы да өз салымын кошту.
Ушул слайдда облустар, Бишкек жана Ош шаарларында катталган ККМ боюнча маалымат келтирилген.
6 айда республика боюнча ККМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер урулган
2022-жылдан тартып Мамлекеттик салык кызматы Министрлер Кабинетинин колдоосу менен «Чек талап кылып, байге утуп ал» кызыктыруучу лотерены өткөрүп келүүдө.
Салык кызматы өткөрүп жаткан Лотереянын негизги максаты – жарандарды кассалык чектерди талап кылууга үндөө, бул ишкерлердин мыйзамсыз иш аракеттерин азайтууга жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүүгө шарт түзөт.
Быйыл лотереянын утушуна 2376 баалу байге коюлган, анын ичинде башкы байгелер – Бишкектен 10 батир жана 20 электромобиль.
Электрондук эсеп-фактуралардын көчүрмөлөрүн талдоонун жүрүшүндө «электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасына жакшыртуулар киргизилди, алар кошумча нарк салыгынын түшүүсүн жогорулатууга өбөлгө түздү
Салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун натыйжасында, айрым соода борборлору боюнча салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпи өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 123,8 %дан 386,8 %га чейин жогорулады
2020-жылдын 31-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин «электрондук эсеп-фактура» маалымат тутумунда катталган субъекттердин саны 5 эсеге көбөйүп, 49 201ди түзөт.
Бул слайдда жазылган эсеп-фактуралардын жана сумманын көбөйүү динамикасы чагылдырылган.
2023-жылдын 1-январынан тартып 1 триллион 71 млрд сомго 8 млн 449 миң электрондук эсеп-фактура жазылды.
Салык кызматы 2022-жылдын декабрынан тартып кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында «КНСти контролдоо системасы» ишке киргизди.
Системанын жардамы менен салык кызматкерлери КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн тууралыгын жана толуктугун контролдой алышат, анын ичинде КНСтин отчеттуулугу боюнча салык төлөөчүлөргө камералдык салык текшерүүлөрүн жүргүзө алышат.
Система пайдалануу салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы карама-каршылыктарды издеп ыкчам жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү бир катар чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышып, «Google салыгын» төлөшүүдө.
Учурда 43 чет өлкөлүк компания Кыргызстандын бюджетине тийиштүү салыктарды төлөөдө.
Урматтуу кесиптештер, бул слайдда көрсөтүлүп тургандай, ички продукциядан КНСтин үлүшү өсүүдө.
Демек, бул өлкөнүн ички өндүрүшүнүн көбөйүшүн тастыктап турат
Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алкоголдук продукциядан акциздик салыгынын жыйналышынын туруктуу өсүү тенденциясы байкалууда.
Буга бирден-бир себеп болуп алкоголдук продукциянын жүгүртүүсүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү жана акциздик маркалардын жаңы дизайнын киргизүү саналат.
2022-жылдын 1-жарым жылдыгында акциз салыгынын орточо бир айлык түшүүсү 78,5 млн сомду түзгөн болсо, быйыл бул цифра 3 эсеге жогорулап, 240 млн сомду түздү.
Мында, Кыргыз Республикасынын Президентинин С.Н.Жапаровдун спирт өндүрүшүнө мамлекеттик монополияны киргизүү чечиминин негизинде алкоголдук продукциянын мыйзамсыз өндүрүшүн жоюу, акциз салыгынын көбөйүү тенденциясына карата ролун белгилейбиз.
Ошентип, монополия киргизилгенге чейин арактан акциздин орточо бир айлык түшүүсү 39,6 млн сомду түзсө, декабрь айынан кийин 362,5 млн сомго жеткен.
Мындан тышкары, киреше салыгын башкарууну жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Киреше алган жана отчет берген ар бир адам боюнча маалыматтар талданууда.
Алар боюнча Статистикалык комитеттин бир айлык орточо эмгек акы боюнча маалыматына ылайык көрсөтүлүүсү боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Ошентип, киреше салыгынын базасын көбөйтүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйымдарына да таасирин тийгизди.
Мисалы, слайдда көрсөтүлгөн субъекттерден түшкөн киреше салыгынын суммасы былтыркы жылга салыштырмалуу 170 пайыздан 290 пайызга чейин өстү.
Ишкердик субъекттерин бирдиктүү салыкка которуунун натыйжасында, коомдук тамактануу чөйрөсүнүн субъекттери боюнча салыктык түшүүлөр олуттуу көбөйдү
Алсак, 2022-жылы 240 % өсүү темпи менен жыйналды
2023-жылдын 6 айында болсо 729 млн сом салык түштү же былтыркы жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге өстү
Айрым коомдук тамактануу субъекттери боюнча салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпи 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эседен 6 эсеге чейин өстү.
Салыктык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында транспорт каражаттарына жана кыймылсыз мүлккө салыкты эсептөө жана төлөө автоматташтырылган.
Натыйжада, мүлк салыгын чогултуу деңгээли жогорулады.
Алсак, 2023-жылдын 6 айында 1,9 млрд сом түштү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 131,4 % түздү.
Товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында, 2022-жылдан тартып «Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз» маалыматтык системасы иштөөдө жана учурда бул система өлкөдө жүгүртүүдөгү товарлардын бардык түрлөрүнө колдонууда.
2023-жылдын 17-июлуна карата ЭТТН системасында 74 602 активдүү колдонуучу катталган, аларда 85 399 Активдүү товарларды эсепке алуу кампалары бар.
ЭТТН маалыматтык системасы ар бир кампа боюнча реалдуу убакыт режиминде товарларды контролдоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн түздү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө тыюу салуу жана өлкөнүн аймагында товарладын жүгүртүүлүшүн көзөмөлдөө боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө.
Товарларга байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында, салык кызматы “Жыйынды пост”, ЭТТН, электрондук эсеп-фактура, “Ички пост”, ККМ маалыматтык системаларын ийгиликтүү колдонуп келүүдө.
Учурда салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөө боюнча тийиштүү шарттар түзүлдү.
Алсак, салыктарды бардык банк мекемелериндеги кассалар, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөсө болот.
Быйыл салыктарды «салык төлөөчүнүн жеке кабинети» аркылуу салыктарды онлайн төлөө системасы ишке кирди.
Быйыл Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо системасын ишке киргизди.
Сервис Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле ишкерлерди салыктык каттоо процессин жөнөкөйлөтүү максатында иштей баштады.
Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында коюлган милдеттерди жигердүү ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди алып барууда. Мындан ары да салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн толугу менен жыйноо багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлө берээрине Сиздерди ишендирип кетким келет.
Рахмат!