Коом

24-августка карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көлдүн көпчүлүк, Нарын аймагынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас жергесинде +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көлдө +24…+29, ал эми Нарын районунда +25…+30 градуска жетет.

Бул күнү Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +33…+35, Ошто +35…+37, ал эми Чолпон-Атада +26…+28 градуска көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-июлга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө, Талас аймагында +33…+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл чөлкөмүндө +27…+32 жана Нарын жергесинде +28…+33 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36…+38, Ош калаасында +37…+39, Чолпон-Ата шаарында +27…+29 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-июнга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк жеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көлдө +25…+30 жана Нарында +24…+29 градус болот.

Термометр бул күнү Бишкекте +29…+31, Чолпон-Атада +27…+29 жана Ош шаарында +33…+35 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-майга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19…+24, Талас өрөөнүндө +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл чөлкөмүндө +12…+17, Нарын жергесинде +14…+19 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20…+22, ал эми Ошто +25…+27 градус болот.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Улуттук банктын алтын кору 2,4 миллиард сомго төмөндөдү

Апрель айында Улуттук банктын кору 2 миллиард 446,8 миллион сомго азайды.

Башкы банктын сайтындагы маалыматтар:

апрелдин башына карата — 86 миллиард 950,4 миллион сом;

майдын башына карата — 84 миллиард 503,6 миллион.

Эмнеге мындай болуп түшүп кеткени түшүндүрүлгөн эмес.

Алтын менен доллардын курсу кандай болуп өзгөрдү

1-апрелден 1-майга чейин Кыргызстанда доллардын расмий курсу 10 тыйынга өстү. Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксинги (алтынга болгон дүйнөлүк баа, ал күнүгө жаңыланып турат) бул мезгилдери бир аз өзгөргөн.

Алтын корунун өйдө-ылдый болуп турушу

2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомду чапчыган. Ал эми сентябрда 29 миллиард сомго чейин түшкөн. Кийинчерээк башкы банк 2021-жылдын башында 20 тоннага жакын алтын сатканын кабарлады. Андан соң көлөмү өйдө-ылдый болуп жатты, бирок негизинен өсүү байкалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,1 млрд куб метрден ашты

Бүгүн, 2-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 141 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 396 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 238 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-апрелге карата аба ырайы

Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас өрөөнүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +15…+20, ал эми Нарында +18…+23 градус болот.
Термометр Бишкекте +24…+26, Ошто +28…+30 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-мартка карата аба ырайы

Жума күнү республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл жеринде +13…+18, Нарында +9…+14 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +22…+24 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-февралга карата аба ырайы

Жума күнү күндүз республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Талас өрөөнүндө +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көл жергесинде +8…+13, ал эми Нарында -1…-6 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ош калаасында +18…+20 градуска көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстандыктар 24 өлкөгө визасыз эле бара алат. Тизме

Кыргызстандын жарандары 24 өлкөгө визасыз режим менен чыга алат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтык тиркемеде көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, кыргызстандыктар 30 күндөн бир жылга чейинки мөөнөткө жалпы жарандык паспорту менен эле жүрө алат, анын ичинде төрт өлкөдө виза такыр талап кылынбайт.
Кыргызстандын жарандары визасыз бара ала турган өлкөлөр жана мөөнөтү:

Азербайжан — 30 күн;

Армения —180 күн;

Грузия — 360 күн;

Молдова — 90 күн;

Вьетнам — 90 күн;

Малайзия — 90 күн (кайра кайта турган авиабилети, барчу мейманканасы брондолгон, картасында акчасы болушу шарт);

Монголия — 90 күн;

Беларусь — мөөнөтсүз;

Казакстан — мөөнөтсүз;

Россия — мөөнөтсүз;

Тажикстан — мөөнөтсүз;

Сербия — 90 күн;

Түркия — 90 күн;

Украина — 90 күн;

Өзбекстан — 60 күн;

Мальдив — 30 күн;

Антигуа жана Барбуда — 180 күн;

Барбадос — (кайра кайта турган авиабилети, барчу мейманканасы брондолгон, картасында акчасы болушу шарт);

Гаити — 30 күн;

Микронезия — 30 күн;

Намибия — 90 күн;

Сент-Винсент жана Гренадины — 30 күн;

Филиппин — 30 күн;

Эквадор — 90 күн;

Сейшель аралдары — 30 күн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Күн ачык болот. 24-январга карата аба ырайы

Шейшемби, 24-январда, күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -2…-7, Талас аймагында -7…-12, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө -2…+3, Нарын облусунда -11…-16 градус болот.
Борбор калаада термометр -2…-4 градусту, Ош шаарында +1…+3 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт

Кыргызстанда бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

“Азыр мага Саламаттык сактоо министрлигинен кат келди. Жугуштуу оорулардын көрсөткүчү жогорку чекке жеткендиктен 24-декабрга чейин өлкө боюнча бардык мектептерди онлайн режиминде билим берүүгө өткөрүп жатабыз”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-ноябрга карата аба ырайы

Бейшемби күнү республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас өрөөнүндө +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көл жергесинде +8…+13 жана Нарын аймагында +4…+9 градус жылыйт.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +14…+16, Ош калаасында +16…+18 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24 жыл Казакстанда иштөөгө аргасыз болгон кыргызстандыктын документтери калыбына келтирилди

Ош облусунун Ноокат районунун 1995-жылы туулган Кадыров Санжарбек Саибжоновичтин паспорт алуусу үчүн баштапкы документтери калыбына келтирилди. Ал жаштайынан мекенин таштап кетүүгө аргасыз болуп, бул аралыкта Казакстанда иштеп жүргөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-ноябрда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Санжарбек Кадыровду кабыл алып, Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) каттоого жана берүүгө негиз болгон калыбына келтирилген баштапкы документтерди тапшырды. Кадыровго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алып берүү маселеси КР президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болгон.

«Ушул жылы 20-октябрда С.Кадыров Кыргыз Республикасынын Президентине (@tezkabar.official Instagram социалдык баракчасында) видео кайрылуу жолдоп, ага Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 1998-жылы С.Кадыровдун ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Ал жакта С.Кадыров документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн. 2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам С.Кадыров үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы С.Кадыровдун атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган», — деп айтылат маалыматта.

С.Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен КР паспортун берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан майнап чыккан эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абанын күндүзгү температурасы

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +19…+24

Талас облусунда +16…+21

Баткен облусунда +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26

Ысык-Көл облусунда +12…+17

Нарын облусунда +13…+18

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз +21…+23° болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

«Кумтөрдөн чыккан алтын 24 саат бою көзөмөлдө турат». Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда алтын куйма кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди.

— Урматтуу Садыр Нургожоевич, саламатсызбы!

— Саламатчылык.

— Учурда социалдык түйүндөрдө агаңыз Сабыр Жапаровдун чет элдиктерге окшош бир бейтааныш киши менен алтын куймасын кармап түшкөн сүрөтү талкууланып жатат. Бул талкууларды акыркы убакта «19 тонна алтын жок» деген сөздөр да кызытып жаткандай. Ушуга кандай жооп бересиз? Дегеле агаңыздын тиешеси кандай?

— Бул сурооңузга так жооп берип кетейин. Мамлекетке тиешелүү алтындарга менин бир туугандарым эле эмес, мен дагы жолой албайм.

Өткөн жылы «Кумтөрдү» кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңгиз мырзага: «Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат», — деп айткан элем.

Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби «Мына сиз кийлигишип, «Кумтөр» ишин толук аткара албай калды» деген дооматтар болбосун дедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген.

«Кумтөрдөн» баштап “Кара-Балтага”, андан бери “Кыргызалтын”, анан Улуттук банкка чейин 24 саат бою видеокамералар, сакчылар, текшерүүчүлөр коюлуп, бири-бирине акт менен өткөрүп берип турушат.

Ал эми кен иштетүүдө керектүү товарларды сатып алууда жогорулатылган баа көрсөтүлгөн учурлар аныкталды. Ал боюнча азыр тергөө тобу иштеп жатканын билесиздер. Теңгиз мырзанын катышы барбы же жокпу, аны тергөө аныктайт.

Убагы келгенде аны да айтабыз. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Мындан ары эч нерсе жашыруун болбойт.

Ал эми 19 тонна алтын боюнча өткөндө эле жооп бердим эле, азыр да жооп берип коеюн. 19 тонна эмес, 19 грамм алтындын эсеби дагы архивде түбөлүк сакталат.

«Кумтөр», “Кыргызалтын”, Улуттук банктын жооптуу кызматкерлери жана башка алтын сатууга катыштыгы бар жүзгө жакын киши алтындын ар бир граммына чейин жооп берет. Бир грамм жоголсо же кемисе да жооп беришет.

Менин бийлигим түбөлүк эмес. Менден кийин кайсыл бийлик келбесин, текшерип чыкса баары калкып чыгып калат. Ошондуктан эч кимиси алтын уурдоого даап барбайт.

Анткени система ошондой коюлган. Бир грамм алтын көзөмөлсүз эч жакка сатылып кетпейт.

Айрым депутаттар, саясатчылар текшерип чыгалы деген сунуштарын айтып жатышпайбы, эч каршылык жок. Текшерүү комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун. Же эң сабаттуу депутатты комиссиянын башына коюп, былтыртан берки алтындын ар бир граммын текшерип чыгышсын. Коомчулуктун атынан Азимбек Бекназаровду, алтындын «а» тамгасынан түшүнүгү жок жаш балдар чыгып атышат, аларды да кошуп алса болот. Алтын боюнча тагыраак маалымат билип алгандары өздөрүнө да жакшы болот. Канча алтын чыкты, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыялашсын.

Жашыра турган эч нерсебиз жок. Учурда ал жакта тергөө тобу иштеп жатат. Ошолор менен бирге иштешсин.

Азыркы жаңы жетекчиси Алмаз Барктабасов мырзага да Теңгиз мырзага койгондой эле, «Кумтөрдөн” бир грамм алтын, бир сом уурдалбасын. Уурдалган каражат үчүн катуу жооп бересиң» деген талаптарды койдум.

Менимче эч ким түрмөгө баргысы келбесе керек.

Ал эми сүрөт боюнча, мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон.

Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да).

«Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп кайрылышыптыр.

Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн.

Чамасы, бизди дүйнөлүк биржада алтыныбызды сата албай калат деп ойлошсо керек. Бирок жыл айланбай эле LBMA менен көйгөйүбүздү чечип алдык.

Алтындар бир жылдан бери сатылбай чогула берген. “Кыргызалтын” аркылуу бир гана Улуттук банк сатып алып турган. Эми LBMAдан андай чектөөлөр алынып салынды. Буюрса, дүйнөлүк биржада эң жогорку баа менен сатабыз.

Мага жана менин бир туугандарыма бир грамм алтындын кереги жок. Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек экен деп ойлонушат.

Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым “мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен” дешип, сарсанаа боло башташат.

Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болушканы эсимде. Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес.

“Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен.

Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес.

Бардык эле өлкөлөрдө чет өлкөдөн келген конокпу, инвесторбу президенттин жакындарына чыга беришет. Мындай иштер буга чейин да болуп келген. Мурдакылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм.

Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле, мамлекет өзү билип алат.

Президент болуп бир мөөнөт олтурамбы, эки мөөнөт олтурамбы, кыскасы, мөөнөтүм бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетем.

Эми учурдан пайдаланып, “Кумтөр” жана башка мамлекеттин үлүшү бар алтын кендери жөнүндө дагы маалымат бере кетейин. Мен мамлекет башына келгенге чейин бир дагы алтын кен толугу менен 100 пайыз мамлекеттики болгон эмес. Таблицада көрүп турганыңардай бир аз гана үлүштөрү мамлекетке таандык болгон.

Нет описания.

Мен мамлекет башына келгенден бери “Кумтөр” 100 пайыз мамлекетке өттү. Башка кен байлыктарга дагы мамлекеттин үлүшүн киргизе баштадык. Малекеттин үлүшү жок алтын кендерге мындан ары таза кирешенин 30 пайыз үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам кабыл алдык.

Мындан ары элдин байлыгын элге иштетүү боюнча иш алып барабыз.

— Маегиңизге чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 784 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 26-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 784 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 644 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

25-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 25-мартта, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 8…13, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 5…10 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 12…17 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 11…13 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жалал-Абадда кар астында калган 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

ӨКМдин куткаруучулары бүгүн саат 12:30да тынымсыз издөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы К.А., атуу кыргызстандыктын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлине өткөрүп беришкен. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, издөө иштерин улантуу максатында жеринде КР ӨКМнен жалпы 74 куткаруучу, “Чайна Роуд” ишканасынан 7 атайын техника, УКМКнын Чек ара кызматынан 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМнин ЖКККББдан 4 кызматкер иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Кар көчкү түшкөн аймакта буга чейин 4 адам дайынсыз болгон. Азыркы тапта калган 3 кытай жаранын издөө иши жана унаа жолду тазалоо иш-чаралары жеринде жүрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 24-январда, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Нарын облусунун тоолорунда кар жаашы ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 0…5 градус, Талас облусунда -2…+3 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүзгү абанын табы 0…5 градус, Нарын облусунда -5…-10 градус суу болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы 3…5 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баасы 24 млн сомго жакын. Маданият үйү менен стадион Шопоков шаардык мэриясына өткөрүлдү

Чүй облусттук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы баасы 23 млн 728 миң сом болгон социалдык объектилер – маданият үйү менен стадион Сокулук районунун Шопоков шаардык мэриясынын балансына коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдөгү мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда Шопоков шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Объекттерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө» токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбай калгандыгы аныкталды.

Мамлекеттик мүлктү коргоо жана сактоо максатында прокуратура тарабынан Шопоков шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жогоруда аталган объектилер муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу, президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндө кайрылуу сөзү:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Март элдик революциясынын күнү. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары эсте калды. Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз ошол күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, Президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышты.

Кыргыз элинин бул күнү революцияга белсенип чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр, атап айтканда, адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу себеп болду.

Кыргыз эли — байыртадан эле эрки күчтүү, кайраттуу, адилетсиздикке эгерим моюн сунбаган эл. 30 жылдык эгемен жашоосунда өлкөбүз кандай гана окуяларды баштан кечирген жок! Саясий толкундоолор менен коронавирус пандемиясы, оор жоготуулар менен экономикалык кыйынчылыктар сыяктуу оорчулуктарга карабастан, саясий эркиндикке жана демократияга умтулуу мүдөөсүн моюбай сактап келет.

Урматтуу калайык журтум!

Биздин алдыбызда Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландыруунун максаты турат.

Өлкөбүздө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы.

Элибизде ар дайым биримдик, ынтымак-ырашкерлик, жергебизде тынчтык болсун!»

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстандык 24 студент “КМШнын мыкты студенти-2020” наамын алды

КР Билим берүү жана илим министрлигинде “КМШнын мыкты студенти-2020” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Ведомствонун басма соз кызматы билдиргендей, жеңүүчүлөрдү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев куттуктады.

Долбоордун негизги максаты жаш окумуштуулардын инновациялык долбоорлорун аныктоо болду. Ошондой эле, КМШдагы бардык ЖОЖдордун ичинен илимий-изилдөө иштеринде, чыгармачылыкта, студенттик башкармачылыкта, спортто жана билим берүү тармагын өнүктүрүү аянтчаларын түзүүдө, КМШ өлкөлөрүнүн студенттик кызматташуусун калыптандырууда өзгөчөлөнө алган студенттерди аныктоо жана мындан аркы ийгиликтерге шыктандыруу дагы долбоордун максаттарынын бири.

Аталган конкурска КМШ өлкөлөрүнөн 600 арыз ташталган. Кыргызстандан 70 студент катышып, алардын 24ү “КМШнын мыкты студенти” аталган.

“КМШнын мыкты студенти-2020” эл аралык долбоору 2020-жылдын март айында башталган. Долбоор “Бобек” жалпы улуттук кыймылы жана КМШ жаш окумуштуулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстандын аймагында чаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир аймактарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +19…+24

Талас облусунда +18…+23

Баткен облусунда +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустарында +23…+28

Ысык-Көл облусунда +18…+13

Нарын облусунда +18…+23

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +21…+23 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +18…+20 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-августка күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 24-августта күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +31…+36

Талас облусунда +29…+34

Баткен облусунда +32…+37

Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37

Ысык-Көл облусунда +24…+29

Нарын облусунда+25…+30

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын күндүзгү температурасы +34…+36 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын күндүзгү температурасы +24…+26 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-июль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20  метрге жетиши күтүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Бүгүн, 24-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым райондорунда, Чүй облусунун толуу жана тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй жана Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +32…+34

Талас облусунда +28…+33

Баткен облусунда +30…+35

Ош жана Жалал-Абад облустарында +30…+35

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +18…+23

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +32…+34 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Парад жана «Өлбөс полктун» жүрүшү 24-июнда өтөт

Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парады коронавирус эпидемиясынан улам өтпөй калгандыгына байланыштуу, 9-майга пландалган парад жана «Өлбөс полктун» жүрүшү 24-июнда өтөөрүн, билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы иш-чарага даярдык көрүүнү баштоого буйрук берген. Путин «Өлбөс полктун» жүрүшүндө аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин айтып, аны 26-июлда, тагыраагы, Аскер-деңиз флотунун парадынан кийин өткөрүү пландалып жатканын белгилеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Орозо Айт майрамы качан экени айтылды

24-май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына  карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен 2020-жылдын 24 – май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди.

 Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өкмөт: 24-апрелге карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өлкө аймактарында 2020-жылдын 24-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча жалпысынан 53 540 жардамга муктаж үй-бүлөгө 502,91 тонна ун, 70,3 тонна макарон, 55440 литр өсүмдүк майы, 68,8 тонна күрүч, 57,5 тонна кум шекер, 4815,3 кг чай, 24855 кг буурчак (горох), 3825 кг гречка, 10468 кг китлап, 402 кг эт, 250 банка коюлтулган сүт, 3 418 кг картошка, 372 даана бульон берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 296 326 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, 75980 бет кап, 36303 кол кап, 1250 литр антисептик, 379 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 2796 даана коргоочу костюмдар (бир жолу кийилет), 7000 даана буткап (бахилы), 9500 даана шпатель таркатылды.

Ош шаары:

Шаар боюнча муктаж 27 706 үй-бүлөгө жардам катары 301 тонна ун, 13500 кг макарон, 23000 л өсүмдүк майы, 6300 кг күрүч, 5500 кг кумшекер, 800 кг эт, 44100 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 15 864,0 миң сомду түздү.

Медициналык каражат түрүндө 4,7 тонна хлор, 133 514 даана бет кап, 2 615 л антисептик, 9 003 даана коргоо костюмдары, 32 430 даана кол кап берилди.

Ош облусу:

Облус боюнча муктаж 64 миң 676 үй-бүлөгө жардам катары 2791 тонна 900 кг ун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик резервдер фондунан 1249,75 тонна ун, 27 882 кг макарон, 95956 л өсүмдүк майы, 36 т 876 кг күрүч, 11 466 кг кумшекер, 5 525 кг эт, 22 т 500 кг картошка берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 146 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 т 360 кг хлор, 235 898 даана бет кап, 2780 л антисептик, 4586 даана коргоо костюмдары, 380 080 даана кол кап, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир жасалма дем алдыруучу жабдуу, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир жасалма дем алдыруучу жабдуу берилди.

Чүй облусу:

Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө.

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 660,701т ун, 39789 кг макарон, 48569 литр өсүмдүк майы, 24770 кг күрүч, 38428 кг кумшекер, 3656 кг эт, 20972,0 картошка жана пияз таратылды. Ошондой эле, 6 баш кой жана 10 баш уй берилди.

Мындан тышкары, финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366 000 сомду түздү.

Жалпысынан 30521 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 37142,0 кг хлор, 135850 даана бет кап жана респираторлор, 2823 даана коргоо костюмдары, 65624 даана кол кап, 883 даана атайын көз айнек, 6823,2 л антисептиктер, 95 даана тепловизор/термометр жана 14756 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 2562,57 тонна ун, 24917 кг макарон, 54661 л өсүмдүк майы, 17560 кг күрүч, 9406 кг кумшекер, 2402,4 кг эт, 38609 кг картошка берилди.

Жалпысынан 67068 үй-бүлөгө жардам берилди.

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 14 360 003 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 25 672 тонна хлор, 339 367 даана бет кап, 6 377 л антисептик, 3 684 даана коргоо костюмдары, 48 142 даана кол кап, 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, облустагы эпидемиялык кырдаалга  байланыштуу иш-чараларды жүргүзүүгө облусттук клиникалык ооруканасына, үй-бүлөлүк медицина  борборуна, Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнө, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жана Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларындагы жана областун аймагындагы калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунун эсебинен 2 млн 301 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн сом акча каражатын жана 5 тонна унду облустук клиникалык ооруканасынын медициналык кызматкерлерине, шаардык ички иштер бөлүмүнө 2 млн сом акча каражаты тапшырылган. 

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 1219,5 тонна ун, 19135 кг макарон,  36726 л өсүмдүк майы, 9623 кг күрүч, 8116 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2855 кг картошка берилди.

Жалпысынан 19334 үй-бүлөгө жардам берилди.  Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 5 млн 534 миң сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93297 даана беткап, 1847,5 л антисептик, 1778 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 557 тонна 770 кг ун, 28 тонна 750 кг макарон, 19 310 л өсүмдүк майы, 9 тонна 347 кг күрүч, 11 тонна 370 кг кумшекер, 14 тонна 725 кг эт, 9 т 490 кг картошка берилди.

Жалпысынан 19 миң 908 үй-бүлөгө жардам берилди. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө   12 миң кг хлор, 118 миң 716 даана бет кап, 6 миң 360 л антисептик, 4 миң 67 даана коргоо костюмдары, 177 миң 17 түгөй даана кол кап берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 530 тонна 200 кг ун, 12 тонна 746 кг макарон, 21 475 л өсүмдүк майы, 4 тонна 112 кг күрүч, 10 тонна 966 кг кумшекер, 1 218 кг эт, 472,5 кг чай жана 215 500 сом акчалай берилди. Жалпысынан 12 450 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 161,5 кг хлор, 81 069 даана беткап, 2 куб 997,3 л антисептик, 8 957 даана кол кап берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 272 тонна ун, 5 тонна 197 кг макарон,  4724 л өсүмдүк майы, 5 тонна 520 кг күрүч, 100 даана чай, 1542 кг кумшекер жана 998 кг эт азыктары таркатылып берилди. Жалпысынан 7109 үй-бүлөгө жардам берилди. 

Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 340,6 миң сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 849 кг хлор, 83800 даана бет кап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол кап берилди.

Бакай-Ата районунун аймагындагы   жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө «Бишкек жаштар уюму» тарабынан демөөрчүлүк көрсөтүлүп, жалпы 1350 кг (27 кап) ун, 270 кг макарон азыктары жана 124 л өсүмдүк майы 49 жаранга таркатылган.

Демилгелүү жаштардын атынан өтө муктаж 30 үй-бүлөгө 30 кап ун, 150 литр май, 150 кг макарон берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамы уюштурулат

Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн жетишилген макулдашууларынын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек каттамы боюнча чартердик авиарейс уюштуруу пландалууда.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте улуу муундагы жарандар, жаш балдар, аялдар, ошондой эле ооруп жаткан жарандар алынп келинмекчи.

Учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги траабынан жарандарды Түркиянын башка шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилеринен уруксат алуу маселеси чечилүүдө.

Өткөн аптада Кыргызстандын 212 жараны Түркиядан алынып келинген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Акыркы 24 саатта дүйнөдө коронавирустук инфекция жөнүндөгү жаңылыктар

Акыркы 24 саатта дүйнөдө коронавирустук инфекция жөнүндө кандай жаңылыктар бар? Эмне болду? Мунун бардыгы 15-апрелде ташкенттик кесиптешибиз Сарвар Анвар уулу изилдеп, окуянын өзөгүнө сарасеп салды. 

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө 1981 239 адам коронавируска чалдыккан. Каза болгондордун саны — 126,681. Инфекциядан айыккан адамдардын саны көбөйдү. Акыркы маалыматтар боюнча, болжол менен 486,000 бейтап айыгып кеткен.

Өзбекстанда дагы көрсөткүчтөр өзгөрдү. 14-апрелде саат 23: 00гө карата Өзбекстанда катталган коронавирустук инфекциялардын саны 1165 адамды түздү. Бүгүнкү күндө бейтаптардын 99 айыгып, 4 адам көз жумду. Учурда колдо бар бейтаптардын саны 1062 адамды түзөт.

Казакстанда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 29 кишиге көбөйдү. Өлкөдө жалпысынан 1261 инфекция учуру катталган. Оорулуулардын эң көп саны Алматыда (364), борбору Нур-Султанда (291) жана Караганды облусунда (80).

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкарада БУУнун Коопсуздук Кеңешинин коронавирустун жайылышына байланыштуу кечиктирилгис реакциясын карап, эртерээк реформалоого чакырды. «Менин оюмча Коопсуздук Кеңеши COVID-19га кеч реакция кылды. Алар пандемиядан кийин дээрлик 4 айдан кийин аны талкуулашты. Бул укмуштуу!» деди ал. 

Чавушоглунун айтымында, коронавирус менен байланышкан кырдаал, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин эл аралык маселелерди, айрыкча Сирия, Ливия жана Йеменди чечүүдөгү натыйжасыз тажрыйбасы «Коопсуздук Кеңешинде олуттуу структуралык өзгөрүүлөрдүн» зарылдыгын көрсөтүп турат.

АКШнын Коргоо министрлиги аскер-деңиз жана ядролук күчтөрдүн бардыгын коронавирус илдетин аныктоо үчүн текшерет, деди штабдын биргелешкен башчылары генерал Марк Милли. Бардык кемелердин экипаждары 14 күнгө коопсуз болушат. Өзөктүк стратегиялык суу астындагы жана суу астында жүрүүчү кайыктарга, айрыкча өзөктүк триадага өзгөчө көңүл бурулат. Иликтөө жөнүндө чечим Теодор Рузвельт коронавирусунун учак ташуучу жайга жайылышынан кийин кабыл алынган.

Боливиянын президенти Джанин Анес өлкөдө жалпы карантин жана коменданттык саат 30-апрелге чейин узартыларын жарыялады. «Илимий кеңештин сунуштары боюнча, карантин 30-апрелге чейин созулат, бирок 7 күндөн кийин бул чараларды жеңилдетүү маселесин карайбыз» деди ал.

99 жаштагы Бразилиянын Экинчи Дүйнөлүк Согушунун ардагери коронавирустан айыгып кетти. Эрнандо Армелиндо Пивета 13-апрелде Бразилиядагы ооруканага коронавирус диагнозу менен түшкөн жана кечээ, 14-апрелде жооп кайтарылган. Ардагердин текшерүүсүнүн жыйынтыктары чыкпай калганда, дарыгерлер анын ден-соолугу жакшы болгондуктан ага уруксат беришкен.

Дүйнөнүн башка жерлеринде, 15-апрелге карата, Молдовада 40тан ашык бейтап өлгөн. Кошмо Штаттарда каза болгондордун саны 25000ден ашты. Россиянын борбору Москвада бул көрсөткүч 106 адамды түзөт. Ошондой эле Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 449 учур катталып, 5 адам каза болду. 

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button