Коом

29-сентябрга карата аба ырайы

Жума күнү күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл менен Нарында +13…+18 градус жылуу болот.
Бул күнү Бишкек менен Ош калаасында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +20…+22, Ошто +23…+25 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,5 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 11-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 517 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымка ылайык, суунун агып келиши секундасына 360 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 155 куб метрге жетүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-августка карата аба ырайы

Шейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас аймагында +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл чөлкөмүндө +18…+23 жана Нарын жергесинде +17…+22 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +26…+28, Ош калаасында +28…+30, Чолпон-Ата шаарында +18…+20 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-июлга карата аба ырайы

Бүгүн аба ырайы өзгөрүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +35…+37, Ысык-Көл жергесинде +23…+28, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус болорун айтышты.

Термометр Бишкекте +33…+35, Ош калаасында +35…+37, Чолпон-Атада +23…+25 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды.

Өз сөзүндө, Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди.

“Жабдуулар, линиялар – баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президент бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет”, – деди ал.

Акылбек Жапаров энергетиктерге 29 атайын жаңы техникалардын ачкычын тапшырып жатып, жалпысынан 2023-жылга 359 млн сомго 76 атайын жаңы техника алынарын кошумчалады.

“Адистештирилген техникалар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат деп ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

29 жаштагы жигитти өлтүргөн. Кримтөбөл Карышкыр 14 жылга кесилди

Карышкыр каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаков буюртма аткарып, адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп 14 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү Аламүдүн райондук соту чыгарганын Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Кримтөбөл Кылмыш-жаза кодексинин 261 («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу»), 165 («Адам уурдоо»), 208 («Опузалап талап кылуу») жана 122инчи («Адам өлтүрүү») беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн катаал режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турган болду.

Аталган кылмышка катышкан шериктери К.В.М. менен С.у.С. 13 жылга кесилип, мал-мүлкү конфискацияланган. Ал эми А.Г.Ж. тогуз, А.М.Т. сегиз жылга эркинен ажыратылса, А.А.С. үч жарым жыл пробациялык көзөмөлдө болот.

Кылмыш ишинин чоо-жайы

29 жаштагы К.Д. абакта отуруп телефон аркылуу 51 жаштагы А.Г. аттуу аял менен таанышып, тынбай сүйлөшүп жатып ортолорунда жылуу мамиле пайда болот. К.Д. мурда дагы соттолгону белгиленди. Ал абактан чыккандан кийин аял менен бир үйдө жашап жүрүшкөн. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин экөө урушуп кеткен. Мындан улам А. Г. 21 жаштагы уулунан жардам сурап, К.Д. ага акча карыз экенин айткан.

Бирок эне-бала анын бандиттерче жүргөнүн, жанында дайым бычагы болорун билгендиктен уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири Карышкырга кайрылышкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, аял мурда чогуу жашаган жигитин өлтүрүүгө буюртма берген.

24-апрелде түнкү саат 23:30дар чамасында Бишкектеги көчөлөрдүн биринен ал жигитти унаага салып кетишкен. Андан соң аны катуу сабап, Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көрүстөнгө ыргытып жиберишкен. К.Д. алган жараатынан ошол жерде каза болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-июнга карата аба ырайы

Бүгүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көл жеринде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +21…+26 градус болот.

Термометр Бишкекте +29…+31, Ош калаасында +32…+34, Чолпон-Атада +20…+22 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-майга карата аба ырайы

Бүгүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас аймагында +23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +27…+32, Ысык-Көл облусунда +18…+23, Нарын өрөөнүндө +16…+21 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +26…+28, Ош шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-апрелге карата аба ырайы

Бүгүн, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25…+30, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көлдө +15…+20 жана Нарында +17…+22 градус болот.

Термометр бул күнү Бишкекте +26…+28 жана Ош шаарында +29…+31 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-мартка карата аба ырайы

Шаршембиде күндүз Чүй, Таластын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ал эми калган облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17…+22, Талас жергесинде +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл чөлкөмүндө +13…+18, ал эми Нарында +9…+14 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19…+21 жана Ош калаасында +23…+25 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Гомосексуалдарга берилеби? Депутат 29 млн. доллар гранттын чоо-жайына тынчсызданды

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттын көбү Кыргызстандагы гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын айтып чыкты.

Ал бүгүн парламентте кайрылуу жасап, бул маселеге каршы турууга үндөдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, Глобалдык фонд ар үч жыл сайын ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүү багытында Кыргызстанга грант берет. 2024-жылы 29 миллион доллар бөлүнөрү бекитилген. Садырбаева да ал каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссияга былтыр декабрда мүчө болуп кирген.

«Бул грант — өлкөнүн саламаттык сактоо системасына колдонула турган ири өлчөмдөгү сумма. Өткөн жылдары мындай гранттын негизги алуучусу ПРООН болгон. Коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда бул грантты Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу алып, мамлекетке отчет берип турат. Ал эми бизде ПРООН өзгөчө статуска ээ болгондуктан каражаттын бөлүштүрүлүшү тууралуу отчет бербейт. Демек, кайсы багытка канча сарпталып жатканын эч ким билбейт», — деди Садырбаева.

Ошондой эле ал комиссия кийинки жылы алына турган грантты кандай максатта колдонууга өтүнмө бергенин, бирок анда түшүнүксүз жагдайлар камтылганын айтууда.

«Гранттын 4,5 миллион долларын ПРООНдо иштегендер өздөрүнө эмгек акы катары алып калат экен. «Коомдорду бекемдөө системасы» деп 226,2 миң, «Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн алдын алуу чараларынын пакети» дегенге 884 миң доллар алууга белсенип жатат. Анысы эмне экенин эч ким түшүндүрүп бербейт, андыктан акча көмүскөдө калууда. Биз лесбиянкалардын, гомосексуалдардын коомун бекемдеп жатабызбы эмне, түшүнбөй жатам», — деди эл өкүлү.

Андыктан Садырбаева грантты бөлүштүргөн комиссияны жоюп, мамлекеттин атынан өтүнмө берүүгө жетишип калуу керектигин белгилеп, укуктук-ченемдик актыларды кабыл алып, жаңы комиссия түзүүнү суранды.

«Азыркы комиссиянын курамында мамлекеттик сектордон тогуз (алар да жыйындарга келишпейт), эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан 14 мүчө бар. Каражат бөлүштүрүүдө ушулар көпчүлүк добуш менен эле жеңип кетет. Алардын жеке кызыкчылыктары бар. Грантты алуучу катары өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги болушу керек. Ал ар бир тыйынына чейин жооп берип турат. Бул комиссия 2016-жылы түзүлгөн. Ошондон бери ушинтип эле бөлүштүрүп келишкен. Соңку ирет 2021-жылы да болжол менен ушундай эле суммада бөлүнгөн. Гранттын ВИЧ, кургак учукка каршы күрөш катары келип жатканы жакшы, бирок анын кандай сарпталып жатканында маселе болуп жатпайбы», — деди Садырбаева.

Андан соң төрага Нурланбек Шакиев депутаттын айткан сөзүнө терең маани берүү керектигин белгиледи.

«Бейөкмөт уюмдар биздин жаштарды кайсы жакка алып баратат? Келечегибизге өтө чоң сокку, бул жерде трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат. Тилекке каршы, биз маани бербеген менен мындай терс көрүнүш аябай тез өсүүдө. Аны менен кескин күрөшүүбүз керек. Улуттук чоң көйгөй, кесепети аябай жаман болот», — деди Шакиев.

Мындан улам спикер өкмөт менен парламенттин тиешелүү комитеттерине аталган маселе боюнча иш алып барууга тапшырма берди.

Булак: Спутник кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-декабрга карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Таласта +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +6…+11, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын облусунда -6…-11 градус болору айтылды.
Борбор калаада күндүн табы +5…+7, Ош шаарында +8…+10 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Кыргызстан он айда 29 млрд. сомго чукул карызынан кутулду

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында 28 миллиард 854,4 миллион сомдук карызын төлөдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен мамлекеттик тышкы карызга 19,5 миллиард, ички бересеге 9,3 миллиард сом жумшалган. Ал эми ушул эле он айдын аралыгында республикалык бюджетке баалуу кагаздарды чыгаруудан 12,4 миллиард сом түшкөнү белгиленди.

Азыркы тапта мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү (ички, тышкы) 5 миллиард 217,88 миллион долларды (418 миллиард 384,37 миллион сом) түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абанын күндүзгү температурасы

 Бүгүн, 8-ноябрда күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоолордо жана тоо этектеринде кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын болот, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +3…+8

Талас облусунда 0…+5

Баткен облусунда +3…+8

Ош, Жалал-Абад облустарында +3…+8

Ысык-Көл облусунда +5…+10

Нарын облусунда 0…+5

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +5…+7 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эртең, 29-сентябрда Бишкектин борборунда суу өчүрүлөт

Эртең, 29-сентябрда шаардын борбордук бөлүгүнө таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муздак суу Т.Молдо суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.

Муздак суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин Фрунзе, Манас, темир жол линиясы, Панфилов көчөлөрү менен чектелген аймакта болбойт:

— Манас пр. «55 дарегиндеги Россия Федерациясынын Элчилиги;
— Бөкөнбаев көчөсү №153 дарегиндеги №70 мектеп гимназиясы;
— Т.Молдо №1А дарегиндеги №6 клиникалык төрөт үйү;
— Чүй пр. № 215 дарегиндеги Бишкек техникалык колледжи;
— Исанов көч. №105 дарегиндеги «Биринчи стоматология» ЖАК;
— Чүй проспектиси №215 дарегиндеги Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын иштетүү университети;
— Чүй пр.150А «Бета Сторес»;
— Т.Молдо көчөсү №3/2 дарегиндеги Улуттук кардиология жана терапия борбору;
— Т.Молдо көчөсү №1 дарегиндеги Улуттук госпитал;
— Т.Молдо көчөсү №1 дарегиндеги Ардагерлердин поликлиникасы;
— Чүй пр. № 219/1 дарегиндеги «ПромПроект» ААК ;
— Чүй пр. № 219 дарегиндеги Мамлекеттик салык кызматы;
— Чүй пр., 227 дарегиндеги Кыргыз почтасы;
— Манас проспектиси №7 дарегиндеги №-17 Кыргыз почтасы;
— Чүй пр. № 160 дарегиндеги БУУнун үйү, ;
— Исанов көч., 105 дарегиндеги Тез жардам борбору ;
— Исанов көчөсү №42 дарегиндеги Транспорт жана жолдор министрлиги;
— Т.Молдо көч., 54А дарегиндеги «КыргызКоммерцБанк»;
— Москва көчөсү № 121 дарегиндеги Биринчи май райондук билим берүү борбору көч;
— Керимбеков көчөсү № 51 дарегиндеги №47 бала бакчасы;
— Исанов көчөсү №9 дарегиндеги №115 бала бакчасы;
— Бөкөнбаев көчөсү №9/1 дарегиндеги №184 бала бакчасы;
— Чүй проспектиси №213 дарегиндеги «Россия» кинотеатры; -«Билим кенчи» жеке мектеби;
— Чуйков көчөсү №134 дарегиндеги «Абитуриент плюс»;
— Исанов көчөсү №4Б дарегиндеги «Алтын түйүн» жеке башталгыч мектеби;
— Манас пр. №1 дарегиндеги Балдар инженердик-техникалык академиясы;
— Керимбеков көчөсү №13/1 дарегинде жайгашкан «Территория SPA»;
— Бөкөнбаев көчөсү №164 дарегиндеги «Развивайка» Балдар билим берүү борбору;
— Бөкөнбаев көчөсү №164 дарегиндеги «Карамель» кондитердик-нан бышыруучу фабрикасы;
— Бөкөнбаев көч., 164 дарегиндеги «Insta salon» маникюр студиясы;
— Бөкөнбаев көчөсү №148 дарегиндеги «TourAsia» мейманканасы;
— Бөкөнбаев көчөсү №146А дарегиндеги М.Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп-интернаты;
— Бөкөнбаев көчөсү 142 дарегиндеги Бишкек медициналык колледжи (жатакана) ;
— Бөкөнбаев көч., 142 дарегиндеги «Тесто Место» кафеси;
— Бөкөнбаев көчөсү №137/1дарегиндеги шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борбору;
— Т.Молдо көчөсү №1Б дарегиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын ооруканасы;
— Т.Молдо көчөсү 1 дарегиндеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
— Т.Молдо көчөсү 1 дарегиндеги «НейроАрт» диагностикалык борбору;
— Чокморов көчөсү №137 дарегиндеги №3 милициянын участкалык пункту;
— Исанов көчөсү №22 дарегиндеги «Кид и Карлсон» жеке бала бакчасы;
— Манас пр. № 41а дарегиндеги «Дипломат» медициналык борбору;
— Исанов көчөсү № 37 дарегиндеги Иорданиянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулдугу;
— М.Сагынбай көчөсү №131 дарегиндеги «Аман» жеке бала бакчасы;
— Киев көчөсү № 128 дарегиндеги «CARAVAN» соода борбору;
— Киев көчөсү №132 дарегиндеги Ж.Баласагын атындагы КУУ нун (юридикалык факультети);
— Токтогул көчөсү № 169 дарегиндеги » Diva effect» косметологиялык клиникасы;
— Исанов көчөсү №60 дарегиндеги «Поликлиника 312» Медициналык борбору;
— Киев көчөсү №148 дарегиндеги «Bishkek Park» соода жана оюн-зоок борбору;
— Киев көчөсү № 154 дарегиндеги №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
— Чүй пр.№158 дарегиндеги «Ай Пери» бизнес борбору;
— Киев көч. №93 дарегиндеги Кыргыз Республикасындагы Словакия Республикасынын Ардактуу консулдугу;
— Чүй пр. № 207 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасы;
— Чүй пр., 207 дарегиндеги Профсоюздар федерациясы;
— Чүй проспектиси 207 дарегиндеги «Чебак-паб» кафе-бары;
— Исанов көч., 105/2 дарегиндеги Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы;
— Логвиненко көч., 45 дарегиндеги Президенттин Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы;
— Логвиненко көч., 26 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы;
— Москва көч., 126/1 дарегиндеги Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 245 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 30-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 245 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 383 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 274 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкөдө 29-июлдан тарта абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаашы күтүлүүдө

Кыргызстанда 29-июлдан тарта абанын температурасы төмөндөп, жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирет.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 29-июлда Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.

30-31-июлда абанын температурасы 5 градуска төмөндөйт, өлкө боюнча жамгыр жаап сел жүрүшү күтүлөт.

Түштүк аймактарда абанын температурасы күндүз +35, түнкүсүн +25, 31-июлда күндүз +33, түнкүсүн +22 градуска чейин жетет.

Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз +26, түнкүсүн +14. Талас облусунда абанын температурасы +29, Чүй облусунда +31 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында 30-июлда күндүз +33, түнкүсүн +21 градус жылуу болушу күтүлөт. 31-июлда күндүз +31, түнкүсүн +20.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Шайлообек Атазов № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катталды. Дагы кимдер бар? Тизме

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына болчу шайлоого катышуу ниетин билдирген 14 жаран катталды.
БШКнын маалыматына ылайык, 4-январга карата эки округдан жетиден жаран талапкерлигин көрсөткөн.
Свердлов шайлоо округу:
1. Атазов Шайлообек Карыбекович;
2. Султанбеков Муратбек Кеңешбекович;
3. Бейшенбаев Эдил Нурбекович;
4. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
5. Жолдошова Назгүл Амантуровна;
6. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
7. Алмамбетова Гуля Идиновна.
Биринчи май шайлоо округу:
1. Гапаров Адылбек Абдикаримович;
2. Акылбеков Русланбек Акылбекович;
3. Аматов Рысбай Аматович;
4. Сартаев Анвар Айдарович;
5. Токтакунов Нурбек Акбарович;
6. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
7. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.
Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 7-26-февраль күндөрү өтөт.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Анда аталган эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-ноябрда шайлоо участкалары жайгаштырылган мектептер онлайн окушат

29-ноябрда шайлоо участкалары убактылуу жайгаштырылган мектептер жана бала бакчалар бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, калган мектептер жана бала бакчалар өз ишин штаттык режимде уланта беришет. «28-ноябрында Жогорку Кеңешине шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүү максатында өлкөнүн кээ бир мектептеринин жана бала бакчаларынын имаратында участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилген. Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт», — деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29 мамлекет катышкан мелдеште ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кенже лейтенанты Бекназаров Эмилбек 3-орунду ээледи

2021-жылдын 10-ноябрынан 15-ноябрына чейин Россия Федерациясынын Москва шаарында кармашып урушуу боюнча Дүйнѳ кубогу болуп ѳттү.

29 мамлекеттин мыктылары катышкан мелдеште ИИМдин “Шумкар”  атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкери милициянын кенже лейтенанты Бекназаров Эмилбек Дастанбекович катышып,  85 кг салмактагылар арасынан 3-орунду ээледи. Милициянын кенже лейтенанты Бекназаров Эмилбек Дастанбекович буга чейин Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча 2 жолку чемпиону жана башка бир нече спорттук таймаштарда байгелүү орундарды камсыз кылган.

Дүйнѳ кубогунан 3-орунду ээлеген кызматкерибизди Полктун командири милициянын полковниги А.Султаналиев куттуктап, полктун атынын акчалай сыйлык жана ардак грамота тапшырды.

 ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Чек арачылар Тажикстанга өтө турган 29 млн сомдук аткезчилик жүктү кармашты

Кечээ, 11-августта Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты жергесинде 29 млн сомдук аткезчилик жү кармалган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шарттуу чек арадан 500 метр аралыкта чек арачылар жана КР УКМК кызматкерлери эки жүк ташуучу унааны жана бир нече жаранды кыргыз номерлүү унаадан тажик номурлуу унаага көмүр жүктөн жатканын байкашкан. Чек ара кызматкерлери окуя болгон жерге келишкенде алар качып кетишкен. Кыргызстандын бир жараны – Кулунду айылдык аймагынын жашоочусу Н.Б. жана эки унаа кармалган.

Тажикстандын номери тагылган унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жаран, жүк жана унаалар андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Чек ара окуясынан 29 мугалимдин үйү өрттөнүп, 10у тонолгон

Баткенде чек ара окуясынан 29 мугалимдин үйү толугу менен өрттөлгөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, 10 мугалимдин үйү тонолсо, үчөөнүкү жабыркаган.

“Анын ичинен Баткен районунда мугалимдердин 7 үйү күйгөн, үчөө аткылоо учурунда жабыркаган. Лейлек районунда 22 үй күйүп, 10у тонолгон”, — дейт ал.

Жусупбекова билим берүү тармагынын кызматкерлери Баткен облусуна жардам көрсөтүп жатканын кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 соцобъект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Шайлоочулар тизмеден 29-декабрга чейин өзүн такташы керек

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоого активдүү катышууга чакырды.

Ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында тизмеден өзүнүн аты-жөнүн тактап, эгер ката табылса, БШКга арыз менен кайрылуу керектигин айтты. 29-декабрга чейин тизмеге алымча-кошумча киргизсе болот.

Шайлдабекованын маалыматында, Кыргызстандан сырткаркы өлкөлөрдө 39 миң жаран катталган. Орусиянын Москва шаарында шайлоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу дагы эки шайлоо участогу, Тюменде бир участок ачылды.

Чет жактарда жалпысынан 48 шайлоо участогу ачылды, анын 15и Орусияда.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ӨКМдин 29 жаштагы куткаруучусу каза болду

Катардагы жоокер Жолдошов Токтобек Жолдошович 2020-жылдын 9-октябрь күнү дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Жолдошов Токтобек Жолдошович 1991-жылдын 24-июнунда Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн.

Кызмат жолун 2015-жылдын декабрь айынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын административдик-чарба бөлүмүнүн инженери кызмат ордунан баштаган. Ал эми өзүнүн милдеттерине жогорку деңгээлде мамиле жасап, ак дилден эмгектенгендигине байланыштуу 2017-жылдын октябрь айынан тартып Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалган.

2019-жылдын декабрь айында анык аскер кызматына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан чакырылып, Куткаруу кызматында куткаруучу болуп аскер кызматын баштаган.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №1-техникалык камсыздоо отрядынын техникалык бөлүгүнүн офицери кызмат ордуна дайындалган.

Республиканын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды аткарууга чоң салымын кошуп, өзүнүн моралдык-ишмердүүлүк, кесиптик жана жеке сапаттарын, кызматтык жана аскердик милдеттерин аткаруудагы жетишкендиктерин эске алып жана 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Жолдошов Токтобек Жолдошовичти Кыргыз Республикасынын “Ардак грамота” менен сыйланган.

Туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз. З.М.Аскаров, А.М.Мамбетов, Д.К.Алимбеков, К.О.Ахматов, Р.Р.Рысбаев, Б.Дж.Оторбеков, А.Чаргынов жана ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыктын жамааты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет.

Күндүз Баткен облусунун айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +3…+8
күндүз +15…+20

Талас облусунда

түнкүсүн 0…+5
күндүз +14…+19

Баткен облусунда

түнкүсүн +8…+13
күндүз +16…+21

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +8…+13
күндүз +16…+21

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19

Нарын облусунда

түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7 градус, күндүз +18…+20 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 градус, күндүз +14…+16 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

29 жаштагы жаран кызганычтан улам аялын бычак сайып өлтүрдү

Москвада Каширское шоссесиндеги соода борборунун жанында бир аял өлтүрүлдү. Бул тууралуу, РИА Новости жазды. Каза болгон аял мигрант экени айтылат.

Окуя 10-сентябрь, бейшемби күнү болжол менен таңкы саат 5:30 чамасында болгон. Күбөлөр эркек кишинин аялды сабап жаткандыгын байкап, полиция чакырышкан.


Полиция келгенде, аял каза болуп калган — ага бир нече жолу бычак сайылган. РФ ИК Москвадагы башкы кеңсесинин башчысынын улук жардамчысы Юлия Иванова тергөөчүлөр ал адамды кармашкандыгын билдирди. Кармалган  29 жаштагы жаран аялына кызганычтан улам бычак сайгандыгын мойнуна алган.


Кылмыш иши козголгон. РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, адам өлтүрүлгөндөн кийин полиция чакырып, күнөөсүн мойнуна алган. Булак жубайлар Өзбекстандын жарандары экендигин кошумчалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

29-июлга күтүлгөн аба ырайы

Бүгүн, 29-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +28…+33

Талас облусунда +27…+32

Баткен облусунда +31…+36

Ош жана Жалал-Абад облустарында +31…+36

Ысык-Көл облусунда +19…+24

Нарын облусунда +18…+23

Бишкек шаарында күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы күндүз +30…+32 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ак-Сууда 29 киши пневмония менен ооруп жатат. Экөө медицина кызматкери

Ак-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 29 киши пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу райондук ыкчам штабдын башчысы, аким Акылбек Түкебаев билдирди.

Райондук оорукана 6-июлдан баштап пневмониядан жабыркагандарды кабыл алып баштаган.

«Төрт күндүн ичинде райондун 29 тургуну пневмонияга чалдыгып, ооруканага кайрылган. Алардын экөө медицина кызматкери. Ооруп жаткандардан коронавируска анализдер алынды. Ооруканада «Ак-Кеме» постунда иштеп келген 11 адам обсервацияда жатат», — деди Акылбек Түкебаев.

Булак: Турмуш

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда эртең мененки онлайн маалымат коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен 19 бейтап Бишкек шаарында. Март айынан бери пневмониядан жалпы 224 адам көз жумду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте ысык суу 29-июнда бериле баштайт

Бишкекте ысык суу 29-июнда бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, ысык сууну берүү баскыч-баскыч менен жүргүзүлүп, 3 күнгө созулат. Биринчи кезекте ысык суу медициналык мекемелерге жана башка социалдык мекемелерге берилет.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарына ысык суу “Бишкекжылуулук тармактары” (“Улуттук энергетикалык холдингдин” карамагындагы компания) жана “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы тарабынан берилет.

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын телефон номерлери:

Абоненттик кызмат: 212847;

Эсептик бөлүм: 212845;

Жылуулук энергиясын эсептөө жабдыктары жана ысык суунун көрсөткүчтөрүн кабыл алуу боюнча бөлүм: 492535, 212804.

“Бишкек жылуулук тармактары” ААКсы:

— (0312) 61-11-69 – керектөөчүлөрдү колдоо борбору;

— 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун нөөмөтчү инженерлери;

— 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун нөөмөтчү инженери;

— 56-85-58 – диспетчердик кызмат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Илон Маск өз үйүн 29 млн. долларга сатты


The Wall Street Journal гезитинин билдирүүсүнө караганда Америкалык ойлоп табуучу жана ишкер Илон Маск Лос-Анжелестеги өзүнө таандык хансарайлардын бирин 29 млн. долларга саткан.

Tesla жана SpaceX компанияларынын директору өзүнүн бул үйүн 2012-жылы Canyon Capital компаниясынын негиздөөчүсү Митчел Жулистен 17 млн. долларга сатып алган. ММК маалыматтары боюнча Лос-Анжелесте Илон Масктын мындан башка дагы беш хансарайы бар.

Forbes журналынын маалыматы боюнча Илон Маск дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын тизмесиндеги 31-орунду ээлейт жана анын байлыгы — 42,4 млр. доллар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткен облусунда 29 миңге жакын үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

Баткен облусунда 29 миңге жакын үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди, — деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өлкөдө кооптуу илдеттин алгачкы учурлары катталып, өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн тарта, аз камсыз болгон жана убактылуу жумушсуз калган, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жакындан көңүл бурулуп, жардам берилип келет.

2020-жылдын 11-майына чейин облус боюнча 28 миң 979 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Жардамдар негизинен азык-түлүк иретинде берилип, анын курамын 1358,4 тонна ун, 44218 кг макарон, 55569 л өсүмдүк майы, 29957 кг күрүч, 22412 кг кумшекер, 1493 кг эт, 5792 кг картошка түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93577 даана беткап, 1885,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Мындан сырткары, берилген финансылык жардамдардын көлөмү 7 млн 570 миң сомду туздү.

Жардамдар мамлекет тарабынан, материалдык резервдер фонду тарабынан, ошондой эле коомдук фонддор, кайрымдуулук уюмдар, жеке ишкерлер ж б тарабынан берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button