Коом

Баткен облусунан 300гө жакын бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Кечээ, 23-июлда Баткен облусунан Ысык-Көлгө эс алууга 293 бала жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдарды узатууга президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.

«Балдардын эс алуусу акыркы чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдарын, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо макстында мамлекет тарабынан уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аларды 17 мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти. Балдар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-балалык” ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында күн электр станциясынын курулушу башталды. Анын кубаттуулугу 300 МВт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу иш-чарасына Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышка

Министрлер кабинетинин башчысы энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууда Кыргызстандын потенциалы жеткиликтүү деңгээлде ишке ашырылбаганын белгиледи.

“Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, биз күн жана геотермалдык энергияны, шамал энергиясын жана биогаз технологияларын толук пайдаланбай жатабыз. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы технологиялары — энергиянын ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булагы болуп саналат. Бул керектөөчүлөр үчүн арзан, эң негизгиси айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыяны жок. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – бул биздин өлкөнүн энергетика тармагынын келечеги”, — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле күн электр станциясын куруу биринчи биргелешкен “жашыл” МЖӨ долбоору болорун кошумчалады.

“Долбоорду ишке ашырууда мамлекет бардык зарыл жардамдарды көрсөттү: жер тилкеси бөлүнүп, ченемдик укуктук актылар даярдалып, кол коюлуп, каржылоо булактары аныкталды. Электростанциянын курулушуна баары даяр”, — деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча келишимге Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунда кол коюлган (Бишкек ш., 29.03.2023-ж.).

Долбоорду кыргызстандык “Бишкек Солар” жана орусиялык “Юнигрин энерджи” компаниялары ишке ашырат. Инвестициянын көлөмү 300 млн АКШ долларын түзөт, электростанциянын курулушу жана эксплуатацияланышы менен 500дөн ашуун жумуш оруну түзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

300дөн ашуун соцпедагог окутууларда юридикалык көндүмдөрүн жогорулатат

2023-жылдын 23-январынан 7-мартка чейин окутууларда 300дөн ашуун жалпы билим берүү уюмдарында иштеген социалдык педагогдор юридикалык көндүмдөрүн жогорулатат.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Кыргызстан юридикалык клиникаларынын ассоциациясы окутууларды онлайн форматта өткөрөт.

Окутуулар 2022-жылдын 9-декабрында билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун жана Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси Артур Бакировдун кызматташуу тууралуу кол койгон Меморандумдун алкагында уюштурулуп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Кыргызстанда депозиттин көлөмү 300 млрд. сомдук чекке жакындады

Сентябрдын аягына карата Кыргызстандагы депозиттик база 295,7 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын статистикалык маалыматтарынан белгилүү болду.

Аталган көлөмгө аманат акча (бардык түрү) менен эсептеги акчалар кирген. Кеп юридикалык жактар менен жеке тараптар тууралуу болууда.

Августтун соңунда депозиттик база 281 миллиард 876,4 миллион сом болчу. Бир айдан кийин 295 миллиард 714,3 миллионго жеткен.

Эмненин эсебинен көбөйүүдө?

Өсүү мөөнөтүнө чейин колдонулат деп салынган депозиттер (7 миллиарддан ашуун кошулган) жана жеке эсептердеги каражаттын (6 миллиард кошулган) эсебинен болду.

Салыштыруу үчүн айтсак, 200 миллиард сомдук чектен өлкө былтыр өткөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылы депозиттик базанын көлөмү көбөйүп отуруп, быйыл үч ай катары менен төмөндөп (30 миллиардга) кеткен. Андан кийин кайра турукташып, июнь айынан тарта жаңы рекорддор жаралууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында күн электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, күн электр станциянын кубаттуулугу 300 мегаватты (МВт) түзөт.

“Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга биринчи Евразия экономикалык форумунда Евразия өнүктүрүү банкы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, “Астана” эл аралык финансы борборунун Жашыл финансы борбору жана “Бишкек Солар” жоопкерчилиги чектелген коомдун ортосунда кол коюлган. Евразия өнүктүрүү банкы долбоорго 40 млн долларын бөлүп берүүдө”, — дейт ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ысык-Көлдө 300 млн доллардык күн электр станциясы курула баштады

Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВ, инвестициясы 300 млн долларга барабар күн электр станциясынын курулушу башталды. 21-июнда курулушка капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү, деп билдирди Казакстан элчилигинин басма сөз кызматы.

Буга чейин кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген казакстандык «ТехноГруппСервис» ЖЧШ инжиниринг компаниясы кыргызстандык «Бишкек Солар» компаниясы үчүн күн электр станциясын жана электр энергиясын өндүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны курары белгилүү болгон.

Кубаттуулугу 50 МВт күн станциясын куруу боюнча долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) жана казакстандык AIFC Green Finance Centre Ltd компаниясынан каражаттар тартылууда.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө бул долбоор «жашыл» энергетика тармагында казак-кыргыз кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөргө бийик экологиялык стандарттарга жараша энергия менен камсыздоо маселелерин биргелешип чечүүгө жардам берерин белгиледи.

«Бул долбоорду ишке ашыруу жашыл энергетикага мындан ары инвестиция тартууга, өлкөлөрүбүздүн күн жана шамал потенциалын натыйжалуу пайдаланууга түрткү берет», — деп кошумчалады Жошыбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бакиров: Бишкектеги завод Украинага 300 млн. ок жасоого заказ алган эмес

Бишкек штамп заводу (БШЗ) Украина аскерлери үчүн 300 миллион даана ок-дары чыгарууга буйрук алган эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Буга чейин интернетте польшалык компаниянын өтүнүчү менен Түркиядан шашылыш буйрук түшкөнү тууралуу маалымат тараган. Картридждерди Түркия аркылуу Польшага, андан соң Украинага жөнөтүү пландалып жатканы айтылган.

«Таратылган маалымат чындыкка дал келбейт. БШЗ өтө кылдат объект болгондуктан, кандай гана буйрук болбосун Коргоо министрлиги, УКМК жана башка түзүмдөр менен макулдашат. Ошондо бизге да маалымат келип түшөт. Андай буйрук болгон эмес», — деди Бакиров деди.

Завод мамлекеттик ишкана катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Кумтөр иши. Пирматовго жаза түрүндө 300 миң сом айып салынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов Кумтөр долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Пирматовго жаза түрүндө 300 миң сом айып салынды. Чечим бүгүн кабыл алынды.

Эскерте кетсек, экс-депутат Кумтөр боюнча кылмыш ишинде айыпталуучулардын бири болгон. 2021 -жылдын 2 -июнунда Пирматов КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынган, бирок бир айдан кийин тергөө менен кызматташкандыктан бошотулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Салык туумдарынан бюджетке 300 млн сом түштү

2020-жылдын август айынан 2021-жылдын 24-майына чейин 5749 жаран салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын жойду. Аларга карата 256,7 млн сом туум жана санкция эсептен чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык карызынан бюджетке 312,6 млн сом салык карызынын негизги суммасы төлөндү. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын туумдарынан бюджетке 148,7 млн сом түштү.

«Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарандар карыздын негизги суммасын төлөп, туум, санкция жана айып пулдарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Быйыл 300дөй аял үй-бүлөлүк зомбулук боюнча адвокаттык жардам алды

2020-жылдын 9 ай ичинде Юстиция министрлигинен 300дөй аял үй-бүлөлүк зомбулук боюнча адвокаттык жардам алды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдан тарта адвокаттар зордук-зомбулук боюнча билимин жогорулатып, атайын тизме түзүлөт.

«Ушул жылдын 9 ай аралыгында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 1 миң 163 жаранга укуктук кеп-кеңеш берилди. Ошондой эле 300дөй аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча адвокаттык жардам көрсөтүлдү», — дейт ал.

Калбеков кошумчалагандай, Кыргызстанда иштеп жаткан адвокаттардын саны 2 миң 500 адамды түзөт. Жалпы 4 миңден ашык адвокатка лицензия берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кагылыштан 300дөн ашык милиция кызматери жабыркаган

“Ала-Тоо” аянтындагы кагылыштан 300дөн ашык милиция кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, миңден ашык адам жабыркап, бир киши көз жумган.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жабыркаган укук коргоо органдарынын ичинен азыркы учурда 198и ооруканада дарыланып жатат. Калганы медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда.

“ИИМдин коомдук кеңешинин мүчөлөрү ооруканада жаткандардын абалын сурап, аларга гуманитардык жардам көрсөттү. Ал эми жабыркагандар компенсация төлөп берүү, жеке менчик клиникаларда анализдерди акысыз тапшыруу өтүнүчтөрү менен кайрылган”, — деп айтылат маалыматта.

Митингде жарадар болгондордун арасында бир көзүнөн, колунан айрылган жигиттер да бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомКылмыш-кырсык

«Жыныстык катнаш үчүн 300 сом берди»: Ошто башканын кумарын кандырууга жардам берген бойдок келин соттолду

Ош шаарында сойкукана уюштурууга шектелген айымга карата өкүм чыкты. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Асел (аты өзгөртүлдү А.Б.) 1985-жылы Өзгөн районунда туулган. Эч жерде иштебейт, билими орто, бойдок. Ага Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Асел 2020-жылдын 16-июнь күнү Ош шаарынын Нурматов көчөсүндөгү имаратты сойкулук менен алектенүүчү көмүскө жай кылып, сойкулардын иштөөсүнө шарт түзгөн. Ал жерде иштеген сойкуларга кардарлар бир жолку жыныстык катнашка кирсе 300 сомдон алып, денесин саткан кыздарга 150 сомун берип, калган теңин өзү алып турган.

Соттук териштирүүдө Асел айыбын мойнуна толугу менен алып, соттон жеңил жаза берүүнү суранды.

«Мен Нурматов көчөсүндөгү мончодо администратор болуп иштейм. 16-июнь күнү бир бейтааныш жигит кирип, «кыз барбы, чакырып бериңиз» деп, жыныстык катнаш үчүн 300 сом акча берди. Ал кыз менен бир бөлмөгө кирип кетти. Артынан көп өтпөй эле милиция кызматкерлери келип, жанагы берген 300 сом акчаны сураганда бергем. Мен бул мончодо администратор болуп иштеп, «кыз чакырып бер» деп суранганда чакырып коюптурмун», — деди ал.

Сот иштин материалдарын карап чыгып, аны Жазык кодексинин 167-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча айыптуу деп тапты.

«Айыпталуучу А.Б. Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү менен айыптуу деп табылып, ал боюнча 1 жылга эркиндигинен ажыратылсын. Айыпталуучуга 1 жылга пробациялык көзөмөл дайындалсын. Бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылсын. А.Б. туруктуу жашаган жериндеги пробация органына каттоого туруп, мезгил-мезгили менен каттоодон өтүп туруусу, алардын уруксатысыз туруктуу жашаган жерин өзгөртпөөсү милдеттендирилсин», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Булак: Турмуш

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түркиядан дагы 300 дөн ашуун кыргызстандык жаран келди

Борбор калаага Түркиядан дагы 300дөн ашуун кыргыз жараны кайтып келди. Стамбулдан чартердик авиакаттам менен алынып келгендердин көбү Түркияда дарылануудан кайткандар, балалуулар жана улгайган адамдар экени буга чейин айтылган.

Учурда Саламаттык сактоо министрлиги чет жактан кайткандардын баарын медициналык байкоого алыш үчүн обсервацияга жаткырууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Москвада коронавирус жуккандар 300 миңге жакындаганы белгилүү болду

Москванын мэри Сергей Собянин Москвада коронавирус жуккандар расмий статистикада көрсөтүлгөн 93 миң кишиден үч эсе көп экенин билдирди. «Шаарда чынында ооруп аткандар дагы көп экени талашсыз. Скринингдик изилдөөлөргө караганда алар Москванын жалпы калкынын 2-2,5% түзөт. Санга которсок 300 миңге жакын», — деди орус баш калаасынын мэри Собянин «Россия-24» каналына берген маегинде. Россияда 7-майда акыркы суткада дагы 11 миң адамдан вирус аныкталып, коронавирус эң көп таралган өлкөлөрдүн бешинчи сабына чыкты. Өлкө боюнча 177 миң киши COVID-19 илдетинен жабыркады. Алардын арасында кыргызстандык мигранттар да бар экени айтылып, азырынча так саны белгисиз бойдон калууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Пандемиянын айынан 300 миң сойку кирешесиз калды

Коронавирус пандемиясынан улам Таиландга туристтер барбай, 300 миңдей сойкулар кирешесиз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай кризиске сойкуканалардын көптүгү боюнча алдыда турган Паттайя шаарындагылар кабылган.

Белгилей кетсек, Таиландда сойкулук кызматы мыйзамсыз болгону менен өтө популярдуу. Сойкулар мындай кризистик абалда мамлекеттен жардам күтө алышпайт. Ошол эле учурда сойкулук бизнеси өлкөгө көп туристтерди чакырары айтылат. Мындай «кесип» менен алектенгендер тапкан акчасына балдарын, ата-энесин багып келсе, эми киреше булагынан айрылып, кризиске батып отурат.

Эске салсак, 5-майга карата Таиландда 2988 адам коронавирус жуктуруп, 54 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Комитет 300» бул уюшулган жашыруун коом

“… Комитет 300 бул таптакыр жашыруун коом, ал Англиянын ханышасы, Нидерланд ханышасы, Даниянын ханышасы жана Европанын падышалык үй-бүлөлөрүн камтыган кол тийбестик башкаруучу топтун өкүлдөрүнөн турат. Мамлекеттер бул кудуреттүү топту «Магам» деп аташат. Аларды Сталин «Караңгы күчтөр» деп аныктама берген,бирое, президент Эйзенхауэр эч качан «сот жөөтүнүн» даражасынан жогору чыкпагандыктан, бул күчтөрдү «аскер-өнөр жай комплекси» деп атаган. Сталин СССРде кадимки жана өзөктүк куралдарды эң жогорку деңгээлде сактаган. Анткени, ал «Үй бүлөө» деп аталган адамдарга ишенбеген. Анын тубаса ишенбестиги жана Комитет 300дөн корккону негизделген болуп чыкты.

… Комитет — бул дүйнөдө бийликтин бирден-бир уюшулган иерархиясы, канчалык күчтүү жана коргонуу болбосун, бардык өкмөттөрдөн жана жеке адамдардан ашып түшөт. Ал ар кандай түстөгү жана түрдөгү каржы, коргонуу жана саясий партияларды камтыйт.

… Комитетти көзөмөл кыла алган бир дагы уюм жок, бул уюшулган дүйнөлүк диндерге да тиешелүү.

Демек, бул күчтүү Олимпия тобунун борбору Лондондо жана Лондон шаарынын финансы борборлорунда жайгашкан. Аларда бардык минералдар, металлдар жана баалуу таштар, кокаин, апийим жана фармацевтикалык дары-дармектер, банктар бар. Ага кошумча маданиятты жана рок музыканын бардык түрлөрүн көзөмөлдөп турушат.Ошондуктан, Британиялык Корона — баардык нерсени козгоочу көзөмөл борбору болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, Комитеттин ниети жана максаттары төмөнкүчө болушу мүмкүн:

—Бирдиктүү Дүйнөлүк Өкмөт жана орто кылымдардагыдай эле, феодалдык система түрүндө өз ара лидерлерди тандап алган, туруктуу тандалбаган тукум куучулук олигархтар.

—Ортоңку тап болбойт — башкаруучулар жана кызматчылар гана. Бардык мыйзамдар дүйнөлүк соттордун укуктук тутумунун чегинде, бирдей мыйзамдар кодекси колдонулуп, алардын аткарылышын Бириккен Дүйнөлүк Өкмөттүн полициясы көзөмөлдөп турат жана Бириккен Дүйнөдөгү Бириккен Куралдуу Күчтөр чек аралар менен бөлүнбөгөн мурдагы бардык өлкөлөрдө күчүн киргизет.

—Система гүлдөгөн мамлекетке негизделет;

—Ким Бир Дүйнөлүк Өкмөткө баш ийсе жана ага кызмат кылса, жашоо каражаты менен сыйлык алат;

—Козголоңчул ким болбосун, ачкадан өлөт же мыйзамсыз иштей берет, аны өлтүргүсү келгендердин бутасына айланат. Жеке ок атуучу куралга же мээле куралга ээ болууга тыюу салынат.

—1920-жылдары пайда болгон Бир Дүйнөлүк Өкмөттүн Чиркөөсү түрүндө бир гана динге жол берилет.

—Сатанизм, луциферианизм жана кара сыйкырчылык жеке же чиркөө мектептеринде тыюу салынган мыйзамдуу окутуу предмети катары таанылат.

—Бардык христиан чиркөөлөрү талкаланып, Бир Дүйнөлүк Өкмөткө караштуу христианчылык мурунку нерсе болуп калат.

—Жеке эркиндик жана эркиндик түшүнүктөрү болбой турган кырдаалды киргизүү үчүн, башкаруунун республикалык формасы жана элдин укугунун эгемендиги сыяктуу нерселер болбойт.

—Улуттук сыймык жана расалык таандыктык жоюлуп, өткөөл мезгилде расалык келип чыгышы жөнүндө сөз болсо дагы катуу жазага тартылышы мүмкүн.

Ар бир адам анын Бир Дүйнөлүк Өкмөттү түзүп жатканы таң калтырат.

—Бардык адамдар оңой текшериле турган идентификациялык номерлерге ээ болушат. Бул идентификациялык номерлер Брюсселдеги, Бельгиядагы НАТОнун компьютерлеринин жыйынды делосуна киргизилет, ага Бириккен Дүйнөлүк Өкмөттүн бардык институттары каалаган учурда тез жете алышат.

—ЦРУнун, ФБРдин, штаттык жана жергиликтүү полициянын, АКШнын Ички Киреше Кызматынын, Өзгөчө Кырсыктарды Башкаруу Агенттигинин жана Социалдык Камсыздандыруу Агенттигинин бириктирилген документтери бир кыйла кеңейтилет жана АКШнын ар бир тургуну үчүн жеке иш кагаздарынын базасын түзөт.

—Никелер тыюу салынат жана үй-бүлөлүк жашоо, биз түшүнгөндөй, болбойт.

—Балдарды кичинекей кезинде ата-энесинен алып кетишет жана аларды көзөмөлчүлөр тарабынан мамлекеттин менчиги катары тарбиялашат. Мындай тажрыйба Чыгыш Германияда Эрих Хонеккердин тушунда, балдарды ишенимсиз жарандар деп эсептелген ата-энелерден тартып алышкан.

—Аялдар эркин жыныстык катнашка мажбур болот. 20 жаштан ашкан аял белгиленген эрежелерди бузса катуу жазаланат.

—Эки бала төрөлгөндөн кийин, аялдарга көз карандысыз бойдон алдыруу окутулат; тиешелүү маалыматтар ар бир аялдын жеке иш кагаздарында Дүйнөлүк өкмөттүн регионалдык компьютерлеринде камтылат. Эгерде аял эки баланы төрөгөндөн кийин кош бойлуу болуп калса, ал күч менен клиникага алдырууга жиберилет жана стерилизация жасалат.

—Порнография кеңири кулач жайып, ар бир кинотеатрда порнографиялык тасмалар, анын ичинде гомосексуалдык жана лесбияндык порнография көрсөтүлөт.

—«Калыбына келтирүүчү» дары-дармектерди колдонуу милдеттүү түрдө жүргүзүлөт — ар бирине дүйнө жүзү боюнча Дүйнөлүк өкмөттүн дүкөндөрүнөн сатып алына турган дары-дармектерге квота бөлүнөт.

—Эс-тутумду өзгөрткөн дары-дармектер кеңири жайылып, аларды колдонуу милдеттүү болот. Мындай акылга таасир берген дары-дармектер адамдардын билими жана / же макулдугусуз тамак-ашка же ичүүчү сууга кошулат.

—Бардык жерде Дүйнөлүк Өкмөттүн агенттери башкарып, баңги бош убактысын өткөрө турган дары-дармек барлары түзүлөт.

Уландысы бар

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button