Коом

Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миңден ашык чабагы кое берилди

Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миңден ашык чабагы кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чабактар министрликке караштуу Балык чарба департаменти тарабынан КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте кое берилди.

«Орточо салмагы 7-8 граммга жеткен чабактар Тоң балык заводунун, «Караколбалыгы» ЖЧКсынын жана «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү кооперативинин көлмөлөрүндө өстүрүлгөн. Чабактар Тоң районунун Тоң дарыясына, Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көл көлүнүн «Тынч булуң» тилкесинде, Кызыл-Суу айылындагы пристандарда, Каракол шаарындагы пристандарда жана Түп районундагы Кутургу булуңунда жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Сазан балыктарынын чабактарын кое берүү (балыктандыруу) көп жылдардан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Өткөн жылдары Ысык-Көлдүн балык уулоочу аймактары балыктын личинкасы менен балыктандырылган. Кое берилген чабактардын жалпы саны 90 миңден ашык.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ТИМ: Литванын чек арасында 90дой кыргызстандык унаа тыгында калды

Литванын чек арасында 90дой кыргызстандык жана 70 жүк ташуучу унаа тыгында калганын Кыргызстандын ТИМи кабарлады.

Ага ылайык, беларусь-литва чек арасында унаалардын тыгыны байкалууда. Литва тарапта эки өткөрмө пункту жабылган, ошол эле учурда Беларусь жакта эч кандай чектөө жок.

Эки өлкөнүн чек арасында дагы 4 өткөрүү пункту иштеп жатканы белгилүү болгон.

«Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен биргеликте мекендештерге зарыл жардам көрсөтүү үчүн чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөп жатат», — деп айтылат билдирмеде.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМ: Кызматтык кемчиликтери үчүн 90го чукул жетекчиге тартип жазалары берилди

2023-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын жетекчилик курамдагы 90го чукул кызматкерлерине ар кандай тартип жазалары берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурумда белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү кийинки отурумдарда карала тургандыгы белгиленди.

Коллегияда ИИМ жетекчилиги тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, ротациялоону улантуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам жана мыйзам чегинде жооп берүү, кылмыш бетин ачуу жана аны сапаттуу тергөө, өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, жол коопсуздугун сактоо багытында кескин чараларды көрүү, коомдук тартипти сактоодо заманбап технологияларды толук ишке киргизүү боюнча сапаттуу иштер жүргүзүү жана ички тартипти чыңдоо багытында тынымсыз иш ишмердүүлүктү сапаттуу жүргүзүү боюнча тапшырмалар коюлду.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы ИИМдин Башкы штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, анын аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенде Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата эл аралык конференция өтүүдө 

Мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгынын урматына Баткен Мамлекеттик Университетинде «Ааламдаштыруу доорунда коомду, билим берүүнү жана илимди туруктуу өнүктүрүүнүн заманбап, санариптик трансформациялары: өткөндүн тажрыйбасы, учурдун мүмкүнчүлүктөрү, келечектин стратегиялары» аттуу эл-аралык илимий-практикалык конференциясы өтүүдө. Бул тууралуу  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш чарага Орусия,Түркия,Өзбекстандан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген делегациялар катышты.

Аны менен катар дүйнөнүн бир катар жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү онлайн форматта катыша алды.

б

Конференцияга катышкан КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, өз сөзүндө “бүгүнкү өтүп жаткан илимий конференция, Улуу инсандын эмгегин деңазалоого зор өбөлгө болот, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптанышына зор салымын кошкон Абсамат Масалиевдин эмгек жолу, ар бир жаран үчүн, мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет”, деп белгиледи.

Конференция окуу жайдын жетишкендиктери, мүмкүнчүлүктөрү жана аймакта өндүрүлгөн экологиялык продукциялардын көргөзмөсү менен коштолду.

Белгилей кетсек, Улуу инсандын 90 жылдыгын белгилөө боюнча Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы чыккан.

Ага ылайык, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атайын буйругу чыгып, иш-чаралар планы түзүлүп, бүгүнкү күндө билим берүү, маданият мекемелеринде жана массалык маалымат каражаттарында ишмердин өмүрү,эмгек жолу боюнча иш чаралар өткөрүлүүдө.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине карата митинг-реквием өттү

Кечээ, 10-апрелде Ош шаарында КРнын мамлекеттик жана саясий ишмери, жогорку даражадагы “КР Баатыры” наамынын ээси Абсамат Масалиевдин туулган күнүнө карата митинг-реквием өттү.

Ош шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош шаарынын ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, бир катар эмгек сиңирген мамлекеттик ишмерлер, аксакалдар, тургундар катышты.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында А.Масалиевдин эстелигине гүл коюлуп, анын Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымы белгиленди.

Эске салсак, быйыл Президент Садыр Жапаровдун “Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргызстандын бардык аймагында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана 2023-жылы туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

  1. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
  2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аталган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн.

Уюштуруу комитетинин курамы:

Акылбек Жапаров — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы ‒ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Эдиль Байсалов — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Исхак Масалиев — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Айбек Джунушалиев — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Алтынбек Максутов — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Уланбек Мамбетакунов — Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Абдикарим Алимбаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абсаттар Сыргабаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Илияз Иманбетов — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алтынбек Эргешов — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Зиядин Жамалдинов — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бакытбек Нарбеков — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нурил Алымбаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Бакытбек Джетигенов — Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Каныбек Туманбаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

Канатбек Абдрахматов — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Кайрат Иманалиев — Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Эрлан Догдурбеков — Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Президент Садыр Жапаров УТРКны 90 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, Улуттук телерадиоберүү корпорациясын (УТРК) 90 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул окуяга арналган салтанаттуу иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери!

Улуттук телеканалга өз өмүрүн арнаган ардактуу ардагерлер!

Кымбаттуу мекендештер!

Улуттук телерадиоберүү корпорация дээрлик бир кылымга тете тарыхты артка калтырып, өлкөбүздө радио жана теле тармагы калыптанып, өнүгүп-өөрчүп олтуруп, бүгүнкү күндө Кыргызстандын телерадио чөйрөсүнүн флагманына айланды деп айтууга толук негиз бар.

Ошондуктан алгач улуттук телеканалдын 90 жылдык мааракеси менен баарыңыздарды куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

Маалыматтын маани-маңызы, анын баасы менен баркы 100 жыл мурунку мезгилди мындай кой, жарым кылым, алтургай, чейрек кылым мурдагы убакыт менен салыштырганда эле болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Акыркы эле 10-15 жылды алсак, маалыматтын мааниси артып, аны жайылтуунун түркүн-түрдүү жолу жаралгандыгына баарыбыз күбө болуп отурабыз.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн сегиз миллиард калкы секунд сайын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кечээки эле кагаз менен кат-кабар алмашуу өнөрү бүгүнкү жаш муун үчүн кадимкидей жомокко айланды. Учурда төгөрөктүн төрт бурчундагы кабарлар төө минип жүргөн көчмөн, тоо койнундагы элеттиктен тартып, жада калса, асмандагы космонавттарга чейин бир убакта жете турган заманга келдик. Албетте, бул көрүнүш кылым ашпаган кыска убакыттын ичиндеги илимий-техникалык прогресстин натыйжасы экени талашсыз.

Ал эми аш-тойлордо айыл аралап ырдаган төкмөлөр төрдүн көркү эле болбостон, так ошол маалымат таратуучулар менен жаратуучулардан болгон. Сөз баккан кыргыз баласы ар убак маалымат жаратуучулар менен таратуучуларды кадырлап келгендиги маалым.

Эми ал замандар артта калып, ар бир үйгө телекөрсөтүү менен радио, интернет кирип, маалымат булактары толгон заманда жашап жатабыз.

Анткен менен 90 жылдык тарыхында Улуттук телерадиоберүү корпорация оңой эмес жолду басып өттү. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин съезди өтүп, анын төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун доклады радио аркылуу жыйылган элге угузулуп, өз алдынча автономиялуу республика болгонубуз кабарланган.

1931-жылдын 19-декабрында Кыргыз АССРинин Байланыш министрлигинин алдында радиокомитет уюштурулуп, кыргыз радиосу өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ал эми 1932-жылдын 9-майында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин алдында Радио уктуруу боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн.

Кыргыз радио кызматынын арыгын чаап, кышын кынагандар — кыргыз маданиятынын даңазалуу баба дыйкандары болгону шексиз. Ошентип Сүйүнтбек Бектурсунов, Молдогазы Токобаев, Тургунбек Суванбердиев жана башкалар жетектеп, из салган Кыргыз радиосунун баскан жолу байсалдуу уланган.

Бул жолдун башатында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсандар: чыгаан жазуучу-акындар Нуркамал Жетикашкаева, Токтоболот Абдымомунов, композиторлор Жумамүдүн Шералиев, Петр Шубин турушса, атактуу актриса Алиман Жангорозова, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова Кыргыз радиосунун алгачкы дикторлору болушканын телерадио тармагында эмгектенгендер эле эмес, улуу муундун өкүлдөрү дагы абдан жакшы билишет.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында радионун ролу жана күчү кандай болгону тарыхта таасын жазылуу. Ал убакта элдин бир гана маалымат алган булагы да, кайрат күч берген таянычы да радио болгону белгилүү.

1957-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдында Радио уктуруу комитети Мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитети болуп өзгөртүлүп, 1958-жылдын 30-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсү ишмердүүлүгүн баштаган.

Мындай чыгармачыл чоң жамаат кандай гана тагдырларды, тарыхый окуяларды баштан кечирбеди. Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болушуна, мамлекеттүүлүктүн калыптанышына зор салым кошту. Мамлекеттин негизги маалымат куралы катарында кызмат кылды. Телерадио адисттеринин бүтүндөй бир муунун тарбиялап, туурунан учурду.

Корпорациянын 90 жылдык тарыхын кеп кылып жатып, Рабия Менсейитова, Айымбүбү Ботоканова, Асанбек Токомбаев, Умтул Орозова, Сатыбалды Жээнбеков, Кадыр Өмүркулов, Аманбек Карыпкуловдун ысымдарын эскербей кетсек туура болбойт. Бул жетекчилер артына из калтырып, телерадионун пайдубалын түптөшкөн.

Урматтуу улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери!

Доор алмашып, заман оошуп, өлкөбүздө кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, өзөгүңөрдү жоготпой жогоруда аттары аталган залкарлар чапкан жол менен келе жатасыңар. Ар кандай кыйчалыш кырдаалдар болуп, башыңардан кара булут айланып, коомчулук жамгырдай сын жаадырган учурларда дагы сынган жоксуңар. Бирок бардыгыбыз ой-мүдөөбүз мамлекеттин бүтүндүгү болгонун, алган багытыбыз бир экенин сезгенден кийин бир муштумдай биришигибиз керек.

Бул чыгармачыл мекемеге өз маалында реформа жасоо менен катар ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү милдети менин иш багытымда негизги орунда турду. Ушул жылы телерадиоберүү корпорациясына “Улуттук” деген макам берүү боюнча мыйзам жазылып, Жогорку Кеңеште колдоого алынган соң кол койдум. Ага улай эле менин тескемем менен атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Бул жумушчу топко улуттук телеканалдын ишмердигин деталдуу карап чыгып, анын түзүмүн реалдуу түрдө реформалоо жана аны каржылоо маселелерине конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилген.

Тыкыр жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында жаңы түзүм иштелип чыгып, бирин-бири кайталаган бөлүмдөр кыскартылып, контент үчүн каражат бөлүү, эмгек акыларды жогорулатуу маселелери чечилип, оптимизацияланды. Мурда корпорациянын жылдык бюджети 397 млн сом болсо, эми реформалоодон кийин УТРКнын жылдык бюджети үчүн 664 млн сом бөлүнүп берилди.

Кызматкерлердин айлык маяналары боюнча бирин-экин мисал келтире кетейин. Корпорацияда иштеп жаткан монтажерлордун айлыгы буга чейин 7 900 сом болсо, азыр алардын эмгек акылары 20 000 сомдон ашты. Ал эми 1-категориядагы режиссёрлорго 17 200 сомдон айлык чектелип келген болсо, азыр алар колуна 31100 сом алышууда.

Ошентип, УТРКнын ишмердигин арттыруу багытында реформа жүргүзүлүп, шарттар түзүлдү, кызматкерлерге маяналар жогорулатылып, жигердүү иш алпаруусуна түрткү болду. Эң башкысы “улуттук” деген абыройлуу макам ыйгарылды. Эми атына заты төп келгендей, өз макамына бап келгендей иш алпаруу милдети – УТРКнын жетекчилигинин алдында турган башкы маселе!

Заман талабына ылайык, контентти өзгөртүүдөн тартып, мазмундуу, көрүмдүү телеберүүлөрдү даярдап элибизге тартуулоо менен УТРКны чыныгы улуттук телеканалга айлантуу маселесин жетекчилик колго аласыңар деп ишенем!

90 жыл деген кандай мезгил, канча убакыт? 90 жыл – бул башынан далай орошон окуялар өткөн, тажрыйбасы мол, кабат-кабат карт тарых каптап турган карыянын жашы. “Карынын кебин капка сал” деген ата сөзү бар улуу кыргыз элибизде.

Ылайым, силер дагы кадырлуу кыргыз карыясындай болуп калыстыктан тайбай ак сүйлөгүлө, так сүйлөгүлө. адилет иш алпаргыла. Элге акыйткатты айтып, ак кызмат кылып, башка телерадиоканалдарга өрнөк болгула! “Улуттук” деген улуу макамды татыктуу алып жүргүлө!

90 жылдык мааракеңиздер менен дагы бир жолу куттуктайм. Мындан аркы жолуңар байсалдуу болсун! Сапатыңарды арттырып, реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып, жаңы бийиктиктерди багынта бергиле!

Мен ошого ишенем!”.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы башталды

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу, Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдык жумалыктын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Жалил Садыковдун жубайы Сабира Чапаева, уулу Канат Садыков жана драматургдун жакындары, интеллигенция жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле ммлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, УТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев, Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскуловдор сөз сүйлөштү.

Министрдин орун басары өз сөзүндө Жалил Садыковдун кыргыз адабиятына, драматургиясына, иш-чара өтүп жаткан кыргыз драм театрына кылган эмгегине токтолуп, экинчи өмүрү дагы узак, кылым карыта жашай беришине тилектештигин билдирди.

Сөз алгандар Жалил Садыков тарыхты тирилтип, Айкөл Манасты баш кылып, Манастын уулу Семетей, Сейтекти, Ак Мөөр, Тоголок Молдо, Шабдан баатыр, Ормон хан, Бабур, Курманжан Датканы эгемендүү жылдарда кыргыздын тарыхын элине кайрып, сахна аркылуу кийинки муунга жеткирген калемгерлигин, 90-жылдардагы тартыштыктын айынан, спектаклдер коюлбай, көшөгө ачылбай турган убакта, өзү демөорчү таап, репертуарлар менен камсыз кылган камкордугун баса белгилешти.

Ж. Садыков автор болгон «Манастын уулу Семетей» спектаклин борбордогу көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн Ысык-Көлдөн атайын К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты келген. Спектакль көрүүчүлөр тарабынан абдан жылуу кабыл алынды.

Эртең Ж. Садыковдун «Ак Мөөр» спектакли «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын актёрлору тарабынан тартууланмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткендин 90 миңден ашуун тургуну облустун борбордук райондоруна эвакуацияланды

Баткен облусунун 90 миңден ашуун тургуну облустун борбордук райондоруна жана шаарга эвакуацияланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

“Азыркы учурда баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондорунан Сүлүктү шаарына 3 миң 485 адам эвакауцияланды. Анын ичинен 1 миң 862си балдар, ал эми 413у улгайган адамдар. Алар социалдык мекемелерге – мектеп, бала бакча, мечиттерге, ошондой эле жеке турак үйлөргө жайгаштырылды. Бардык эвакуациялангандар эң керектүү буюмдар, тамак-аш менен камсыздалган”,- деп айтылат маалыматта.

Лейлек районуна 53 миң 162 жаран эвакауцияланып, бардыгы тамак-аш менен камсыздалып, гумажардамды жеткирүү уюштурулган.

Баткен районуна көбүн эсе Кадамжай районунун тургундары эвакуацияланды. Алардын жалпы саны 29 миң 962 адам болсо, анын 19 миң 652си балдар, 1 миң 207си улгайган адамдар.

Учурда Ош шаарына 2 миң 184 тургун эвакуацияланып, бардыгына керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө, 84 жаранга консультация түрүндө психологиялык жардам көрсөтүлдү.

«Чоң-Алайга 3 миң 148 жаран эвакуацияланды, аларды облустун тургундары өз үйлөрүнө, социалдык мекемелерге кабыл алып, бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө», — деди министрдин орун басары.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Садыр Жапаров «Кыргызнефтегаздын» 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААК 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

 

Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров мындан туура 90 жыл мурун 1932-жылы Чангыр-Таш мунай кенинде бургулоо иштери жүргүзүлүп, биринчи жолу 250 метр тереңдиктен өндүрүштүк мунай алынганын эске салды. Ошентип, өлкөбүздө мунай бар экени далилденип, ошол убактан баштап бул аймакта нефти өндүрүшүнө көңүл бөлүнө баштаган.

»Ар бир кесип ардактуу» дейт элибизде. Ошентсе да нефть жана газ өндүрүү тармагы өлкөбүздүн экономикалык кубаттуулугун бекемдөөгө салым кошо турган чоң тармак», — деди ал.

Президент соңку жылдары өлкөбүздүн бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ири компанияларда дагы уланып, натыйжалуу жылыштар байкалды.
»Кыргызнефтегаз» ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал.

Бүгүнкү күндө «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому өлкөбүздүн мунай жана газ тармагындагы жалгыз өндүрүштүк ишкана экенин жалпыбызга жакшы маалым. Ошол эле учурда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын толуктоочу мекеме да болуп саналат. «Кыргызнефтегаз» мунай менен газды чалгындоодон баштап, өндүрүү, кайра иштетүү, алынган мунайзаттарын сатуу менен өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыган бирден бир ири мекеме», — деди ал.

Кесипкөй мунайчылардын жана газчылардын күч-аракети менен өлкөбүздүн экономикалык жана энергетикалык базасы чыңдалып жатканына белгилеген Мамлекет башчысы эмгекчил мунайчылар ички рынокту мүмкүн болушунча күйүүчү, майлоочу заттар менен камсыздоого, жаңы кендерди изилдеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө аракет кылып жатышканын кошумчалады.

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын өлкөнүн экономика тармактарын жана элди күзгү-кышкы жылуулук мезгилине даярдоого кошкон салымы да эбегейсиз. «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы менен Ош шаарындагы Жылуулук электростанциясына мазут жеткирүү менен өлкөнүн кыш мезгилиндеги энергетикалык коопсуздугун камсыздайт.

Ошону менен бирге, мамлекеттик ири өнт Ош Ошдүрүштүк өнөр жайлардын өнүгүүсүнө да салымы зор», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден тартып, Баткен аймагын өнүктүрүү боюнча чоң-чоң пландар четинен ишке ашырылып жатканын эске салды.

«Мен «Кыргызнефтегаз» ишканасы Баткен облусунда мунай жана жаратылыш газын өндүрүүнү ийгиликтүү колго алат деп ишенем. Анткени, мунайчылар күндү-күн, түндү-түн дебей, жамгырлуу жазга, аптаптуу жайга, ызгарлуу кышка карабастан эмгектенүүдө. «Эр эмгегин жер жебейт» деген накыл кептегидей, мунайчылардын мээнети текке кетпейт деп ишенем», — деди ал.

Мамлекет башчысы «Кыргыз Петролеум Компанинин» мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо аяктаса, 2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКсы эл аралык стандарттарга жооп берген К-5 күйүүчү майын чыгара баштаарына көңүл бурду. Натыйжада өлкөнүн тышкы отунга болгон көз карандылыгын азайтуу маселеси чечилет.

«Сиздердин алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан ары да ак ниеттүүлүк менен аткарып, мамлекетибиздин ички рыногун камсыз кылып, өндүрүштүн туруктуу иштөөсү үчүн талыкпай эмгектене берериңиздерге бекем ишенем! Мунайзат өндүрүүнүн көлөмү артып, мамлекетибиздин экономикасы жогорулай берсин!», — деген Президент бардыгына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, аманчылык каалады.

Салтанаттуу иш-чара ата мекендик жана чет элдик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен уланды.

Президент Садыр Жапаров «Кыргызнефтегаз» ишканасынын өзү сатып алган жаңы техникалары менен да таанышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Парламенттик шайлоо: Кол менен саноо 90% аяктады

Бүгүн, 3-декабрь саат 9:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 90,06 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.

Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.

Добуштардын 90 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16,19%,

«Ишеним» — 13,70%;

«Ынтымак» — 11,23%;

«Альянс» — 7,96%;

«Бүтүн Кыргызстан» — 6.57%;

«Ыйман Нуру» — 6,19%.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Билим берүү жана илим министрлиги 90 млн. сомго тендер жарыялады

Билим берүү жана илим министрлиги 90 миллион сомдон ашык каражатка тендер өткөрөт. Буюртма Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, министрлик «Электрондук мектеп» долбоорунун алкагында жалпы билим берүү мекемелерине компьютердик техника сатып алат.

Жалпы 90 миллион 713 миң 688 сомго 1 612 даана компьютер сатып алмакчы болгон.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Камчыбек Ташиев: Эки айда «Кумтөрдөн» 90 млн. доллар пайда түштү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Алай райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында Кыргызстандын бюджети «Кумтөрдүн» аркасы менен профицитке ээ болгонун билдирди.

«Кумтөр» болжол менен эки айда 90 миллион доллар киреше тапкан.

«Өзүңөр билесиңер, биз былтыр октябрь айында бийликке келгенибизде, айлыкты, социалдык жөлөк пулду, эч нерсени төлөй алышпайт деп айтышкан болчу. Андай болгон жок. Бардык бюджеттик көрсөтмөлөр жабылды. Андан сырткары, бюджеттин профицити 564 миллион сомду түздү. Башкача айтканда, бул кошумча акча. Эгер өткөн жылдын бюджети 162 миллиард сом болсо, буюрса келерки жылы бюджетти 220 миллиард сом менен жабабыз.

Айлыктар, социалдык жөлөкпулдар да көбөйүүдө. Аскер кызматкерлеринин маянасы 50%га, ички аскерлердин маянасы 40%га, социалдык төлөмдөр 2000 сомдон 4000 сомго көтөрүлүп, ал эми 4000 сом алгандар октябрдан тарта 6000, 6000 сом алгандар 1-январдан тарта 8000 сомдон ала башташат «, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал бул акчалардын баары кайдан келип жатканын айтты. Анын айтымында, акыркы эки айда Кумтөр өлкөнүн кирешесине 90 млн сом алып келген.

«Мунун бары кайдан келип жатат деген суроо туулушу мүмкүн. Түшүндүрө кетейин. 21 жылдын ичинде «Кумтөрдөн» 84 миллион доллар пайда алыптырбыз. Ал эми биз эки айда эле (июнь-июль айларында) 90 миллион доллар киреше таптык. Буга чейин Кыргызстандын байлыгы талап-тонолуп, уурдалып жүргөн. Биз алардын коррупциялык схемаларынын бетин ачтык. Кумтөр айына 1,5-2 тонна алтын алып турса, ошону ар айда учак менен экспорттоп турушкан. Бүгүнкү күндө бир грамм да алтын өлкөдөн чыгарылбай жатат. Ушундан улам биздин Кыргызстанда акча пайда болуп, буюрса байып калды», — деп кошумчалады УКМКнын башчысы.

Ал ошондой эле Кумтөрдөн тышкары башка тоо-кен компанияларында коррупциялык иштердин бети ачылып жатканын баса белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Билим берүү министрлиги 90 миллиондон ашуун каражатка компьютердик техникаларды сатып алат

Билим берүү жана илим министрлиги компьютердик техникаларды сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар  порталына жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, компьютердик жабдыктарды сатып алууга 92 миллион 570 миң 730 сом каралган.

«Компьютердик техникаларды жалпы билим берүүчү мекемелерге «Санарип Кыргызстан-2019-2023» концепциясынын алкагындагы «Электрондук мектеп» долбоорун ишке ашыруу максатында алынат», — деп жазылат маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Камчыбек Ташиев: «Эки айда «Кумтөрдөн» 90 миллион доллар пайда таптык»

25-сентябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Ага комитеттин аймактагы өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракети активдүү улантылаарын белгиледи.

Ошондой эле, өз сөзүндө, УКМКнын башчысы быйыл, 2021-жылдын июнь-июль айларындагы иштин жыйынтыгы боюнча «Кумтөрдөн» мамлекетке 90 миллион доллар пайда түшкөнүн  белгиледи.

«Кумтөрдөн» 21 жылда 84 миллион доллар пайда тааптырбыз. Ал эми июнь жана июль айларында биз 90 миллион доллар таптык. Мына акчабыз каякта жатат. Кыргыз өлкөсүнүн акчасын талап-тоноп эле жеп жатышат. Биз алардын коррупциялык схемасын алып чыктык. «Кумтөрдө» айына 1 жарым, 2 тоннадан алтын өндүрүп, учак менен алып чыгып кетип турушкан. Бүгүнкү күндө 1 грамм алтын чыккан жок», — деди Ташиев.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эгемендик күнү Ала-Тоо аянтында 90 бала жоголгон

Бишкек шаардык милициясы тарабынан Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар учурунда жоголгон 90 бала табылды. Бул тууралуу ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тактоо жана издөө иштерин жүргүзүүдө бардык балдар табылып, ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлүнө кайтарылды, жашы жете элек бир бала Ички иштер министрлигинин жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Кабул аэропортунда жардыруудан 90 киши каза таап 150гө жакыны жарадар болду

Өлкөдөн качкан миңдеген  афгандар чогулган Кабул аэропортуна жакын жерде бейшемби күнү эки күчтүү жардыруу болду. Кабулдун саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлү Би -Би -Сиге билдиргендей, кеминде 90 киши өлүп, 150гө жакыны жаракат алды. Жоопкерчиликти радикалдуу исламчылар моюнуна алышты.

Маалыматка ылайык, биринчи жардыруу аэропорттун качкындар чогулган кире беришинде, экинчиси америкалык аскер кызматкерлери адамдарды аэропортко алып кетип жаткан «Барон» мейманканасынын жанында уюштурулду.

Пентагон билдирген маалымат боюнча, Американын 13 аскер кызматкери көз жумуп, дагы 18 адам жаракат алды. Өлгөндөрдүн ону деңизде кызмат кылган аскерлер болгон.

Дүйнөлүк агенттиктер америкалык аскерлерге жана жергиликтүү булактарга таянып жазышкандай, биринчи бомба аэропорттун дарбазасынын алдында чоң арыкта же сугат арыкта турган топтун ичинде жанкечти тарабынан жардырылган.

Жардыруудан кийин, күбөлөрдүн айтымында, жанкечтинин шериги адамдарга ок чыгарган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби, же кайрадан көпөс кемчонтойлорбу?..

Ток этерине келсек, бир мандаттуу 35 орун, ошого улай 55 партиялык тизмеден шайланып келе турган депутаттардын креслолору жөнүндө талаш-тартыштар уланууда. Бизге кайсы багыт ыңгайлуу? 90 депутат тең партиялык тизме менен келсинби, же кеңейтилген округдарды да кошобузбу? Максат Кунакунов жооп узатсын.

— Азыркы Конституция боюнча депутаттарды шайлоо системасы бул жарым жартылай чечим. Депутаттардын укуктары кыйла чектелген. Бийлик тең салмактуулугу сакталган эмес. Ал эми учурда 35 депутатты мажоритардык система менен округдардан шайлоо болгону турат. Тарыхка таянсак, мурда да ушинтип округдардан шайланганда жалаң акчалуулар депутат болуп алышкан. Ал эми азыркы учурда округдар чоңойгондо, ошол округ боюнча акчаны чачкандар гана депутат болобу?

Менин жана тарапташтырымдын сунушу боюнча адегенде биз тунгуч мыйзамдуулукту кайтарышыбыз керек. Конституцияны ар бир бийликке келгенде каалагандай кылып эле алмаштырып алганды токтотолу. 1993-жылы чыныгы эл деп күйгөн легендарлуу парламент менен кабыл алынган Конституция кайра ишке келиши маанилүү. Ушунча жылдан бери узурпаторлор каалагандай жасаган башаламандыкты токтотуп, укуктук ревизия кылуу жөндүү. Көп мыйзамдарды, келишимдерди, эл аралык акттарды элдин кызыкчылыгына тууралап кайра карап чыгышыбыз керек. Авторитардык мамлекетке айланып баратабыз. Авторитаризмге жол бербеш керек. Өз кызыкчылыгын гана көздөгөн бузуку, көз боёмочу саясатчыларга, башаламандыкка жол берилип атып, анын азабынан азыр жагдай оор болуп турат. Мыйзамдуулук жоголду. Башаламандык болууда.

Булак: Азия News гезити

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомСаясат

Садыр Жапаровдун 90 күнү

Президент Садыр Жапаров өз сөзүнүн кожоюну. 3 ай ичинде бир нече сыноону баштан кечирди. Азамат, шүгүр дейлик. Өзүн мыйзамдаштырды, тыш менен мамилени колдон келишинче жылуу баштады. Орус, казак, өзбек, түрк элине барып келди. Шавкат Мирзиеев мырза менен кыргыз-өзбек чек арасын дээрлик 96 пайыз макулдашты. Баткен сыноосунан абийир менен чыкты, Путинди эсептешүүгө мажбур кылды. Эрдоган мырзанын сыйлоосуна жарады. Рахмонду оордуна койду. Ошону менен тышкы күчтөрдү эсептештирди.

Бул оңой эмес. Эски бийликтин омурткасын омкорууга киришти. Акулаларды түрмөгө тыкты, дагынкысы дагы болот. Бир тобунун калтасын кагып жыртылган бюджетти жамап берди. Бул убактылуу тактикасы. Карыздын бир тобун жапты, 30 млрд сом. Жер Үй 1 млрд сом пайда алып келипир. Эмне дейбиз. Эл аралык кылмышкер компания «Центерра Голдду» Кумтөрдөн кылдат кубалап чыкты. Ойлонулган операция. Алгачкы пайда 40 млн доллар. Мамлекеттүүлүктү чыңдоого кадам жасады. Жаңы Конституция аркылуу ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУ формасын киргизди, бул жоопкерчиликтүү жана бүтүн бийлик.

Ошентип ал бийликти акырындап колго алууга киришти. Жеке керт башына жоопкерчиликти алды, оор жүктү мойнуна илди, улуттун тагдырын колуна алды. Арканды алыска таштай алат, акырындап жыйнай алат. Мыкты сапаттарын көргөздү. Сабырлуу, жөнөкөй, энергиялуу, чечкиндүү, жылдыздуу, адамкерчиликтүү, элге жакын, түшүнүктүү, эр жүрөк, кежирлиги жок, катасын тез оңдой алган сапаттарын көрдүк. Бүгүн ага каршы ички-тышкы күчтөр көп. Ал эски бийликтин белин сындырып, байланыш чынжырларын үзүп жатат. Акылы тунук, көзү курч, көөдөнү кең. Кыска мөөнөттөгү анын ишке ашыра алгандары анын ойлогон оюн ишке ашырууга жөндөмдүү кудуретинен кабар берет.

Мээ чыңалткан уйкусуз түндөр, ооруган баш, баш-аягы жок жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, маселелер, чечимдер, самолет, автожолдор, чет мамлекеттердин, өлкөнү 3-4 айлануу, канча күч, канча нерв. Өлкөнүн тагдырын көтөрүп турган ийин. Ушунун баарын көтөрүп жүрүү оңойбу. Оор, татаал жоопкерчилик. Сыртынан сыр билдирбеген токтоо, ичинен күйүп турган жан-дүйнө. Көрүнгөндүн башын айтып сындап, тепкилеген нааразы эл. Жашоо катасыз болобу, талкаланган башкаруу, экономика, оору-сыркоо эл. Ички-тышкы масштабдуу саботаж, миллиондогон долларга иштеген каршылаштар. Маалыматтык согуш, психологиялык кысым. Акылы жетип, элестете алган киши түшүнөт. Буюрса мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого жол алат. Башкысы — элдин колдоосу. Үмүт. Бул элге да, мамлекетке да өтө зарыл. Кандаштарым

Бакыт Алиев

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Акыркы сутка ичинде коронавирус дагы 90 адамдан табылып, 3 адам каза болду

Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Бишкекте коронавирус – 21 адамдан, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 23, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден табылган.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери маалымдагандай, бир сутка ичинде 145 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 61, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирустан жалпы 1 миң 390 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 2 жана Ош облусунда – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 742 бейтап, амбулатордук түрдө 958 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 61 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 268 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 249 киши айыгып чыкса, 1 миң 390 адам каза болду.

.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эверест чокусу дээрлик 90 сантиметрге бийиктеди

Дүйнөдөгү эң чоң чоку — Эверест дээрлик 90 сантиметрге бийиктеди. Жаңы ченемди Непал менен Кытай жарыялады. Тоо аталган эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан. Эми чокунун бийиктиги 8848 метр 86 сантиметрди түзөт.

Буга чейин Эвересттин бийиктиги расмий түрдө 8848 метр деп эсептелип келген. Мындай баа 1950-жылы Индия жүргүзгөн өлчөмдөргө негизделген.

Эверест боюнча маалыматтарды жаңылоо үчүн адистер эки жолу чокуга чыгышып, бир нече жыл бою тактоо иретинде ченемдерди жана эсептерди жүргүзүшкөн. Геологдордун айтымында, тоонун бийиктиги тектоникикалык плиталардын жылышышы жана маал-маалы менен болуп турган жер титирөөлөргө байланыштуу өзгөрүп турат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Депутат Акылбек Жапаров бюджетке 90 млн сом зыян келтирген факты аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “МИС” ААК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Ата районундагы өнөр жай, соода жана айыл чарба багытындагы 30га жакын кыймылсыз мүлккө ээ болгон “МИС” ААК камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка социалдык төлөмдөр боюнча милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү, ошондой эле акыркы бир нече жыл ичинде нөлдүк көрсөткүчү менен салык отчетторун бергендиги аныкталды. Товардын ири жүгүртүлүшүнө карабастан, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири көлөмдө 90 миллион сом зыян келтирилген.

Маалыматтарга караганда, “МИС” ААКнын негизги акционерлери болуп 2 юридикалык жак саналат – оффшордук компания E.C.L. жана өлкөнүн Ж.А.Б. аттуу жараны, ал депутат Акылбек Жапаровдун жубайы.

Мындан тышкары, компетенттүү орган берген маалыматка ылайык, аталган ААК 2009-жылы айрым жогорку кызмат адамдарынын жардамы менен, Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы Өнүктүрүү Мамлекеттик Фондусунан үрөн тазалоочу заводду реконструкциялоо жана кант кызылчасынын уругун өстүрүү үчүн 200 миллион сом бюджеттик ссуда алган. Аны 2012-жылга чейин төлөп бериши керек болчу. Бирок, бул каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес. Андан кийин, ал 2025-жылга чейин төлөө мөөнөтүн эки жолу узарткан жана чегерилген пайыздарды жана санкцияларды эсептен чыгарган.

Аталган компанияга байланыштуу 2017-жылы да кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол учурдагы маалыматына караганда, ишкананын өкмөт алдындагы карызы 237 млн. 791 миң 75 сомду түзгөн

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

М. Маматалиев : Депутаттардын кабинеттерин оңдоп-түзөөгө кудурети жетиштүү

Мындай пикирди депутат Марлен Маматалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж.

Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок 90 % депутаттар иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү.

Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы.

Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси — тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз”,-деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенде 90 орундуу эски бейтапкананын имараттын капиталдык оңдоо иштери 65%га аткарылды


Учурда, 100% га имараттын демонтаждоо иштери жана чатырдын жаңылатуусу аяктады. Ошондой эле, топурак жана дубал шыбактары — 90%, эшик орнотуу — 95%, канализация — 95%, полдорду алмаштыруу иштери — 70%, сантехника — 90%, электр иштери — 80% түзөт. Ал эми имараттын маңдайынын декоративдүү иштери 40% га аяктап, объектте 35 адам эмгектенет.

Белгилей кетсек, бул объекттин сметалык наркы болжолу 17,9 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен 2 млн сом, ал эми калган 15,9 млн сом “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун» тарабынан каржыланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткенде 90 орундуу оорукананын имаратын бир ай ичинде бүткөрүү пландалууда

Баткенде 90 орундуу оорукананын имаратын бир ай ичинде бүткөрүү пландалууда . Бул тууралуу, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынан кабар алды.

Жаркынбек Максутов, курулушчуларга оорукана курулушун убагында бүткөрүү менен, анын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Баткен шаарында, мурдагы облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын, капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Оорукана 90 орунга ылайыкташат.

Имаратты оңдоп түзөөгө мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Курулуш иштерин бир айлык мөөнөттө аяктоо пландаштырылган. Учурда 35 жумушчу иштеп жатат

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкө боюнча дагы 90 жарандан коронавирус илдети аныкталды

Бир суткада өлкө боюнча дагы 90 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 2 миң 652 болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Бишкек шаары – 36;
Чүй облусу — 29:
Ош шаары — 7;
Ош облусу — 6;
Баткен облусу — 3;
Жалал-Абад облусу — 3;
Талас облусу — 6.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Сауд Аравияда 90 миңден ашык мечит ачылат

Сауд Аравияда коронавирус пандемиясынан улам жабылган 90 миңден ашык мечит жана сыйынуу жайлары 31-майдагы таңкы намаздан кийин ачылат.

Бул тууралуу өлкөнүн Ислам иштери боюнча министрлиги Твиттер баракчасына жарыялады.

Анда мечиттердин ачылышына акыркы даярдыктар аяктап жаткандыгы белгиленди. Тактап айтканда, алар дезинфекцияланууда.

Министрлик улгайган адамдар жана коронавирус жуктуруп алуу коркунучу бар балдар мечиттерге барбашы керектигин белгилейт.

«Мечиттерге беткап кийип, кол жууп, 2 метр аралыкты кармоого буйрук берилген. Бул максатта мечиттин килемдерине атайын белгилер коюлду. Намаздан 20 мүнөт мурун мечиттерге да барса болот. Намаз бүткөндөн кийин 20 мүнөт ичинде мечиттер жабылат», — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, Сауд Аравияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 80 миңден ашты, алардын ичинен 441 жаран көз жумду.

Булак: Марал

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Пакистанда 90 жүргүнчүсү бар учак эл жашаган аймакка кулады

Пакистандын Карачи шаарында жүргүнчү ташып бара жаткан учак калктуу конушка кулаганын РИА Новости Geo телеканалына шилтеме берип жазды.

Кийинчерээк маалыматты компаниянын өкүлү да тастыктап, кеп 90 жүргүнчүнү алып бара жаткан Airbus A320 учагы тууралуу болуп жатканын билдирген.

Учак Лахор калаасынына Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулаган.

Кадрларлан кырсык болгон жердегилер ызы-чуу түшүп, талкаланган имараттардан кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Булак: Спутник сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Элдин 90 пайызы өкмөттүн ишине нааразы, — Жанар Акаев

Коронавируска каршы күрөшүүгө келген бардык каражаттар тууралуу элге ачык-айкын маалымат берилүүсү керек, деп билдирди депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 11-майда кезектеги жыйынында.

Анын айтымында, коомчулуктун 90% өкмөттүн аткарган ишине нааразы, ишенбейт.

Ачык саясат жүргүзүлбөй чабал иштер көп болууда. Ошондуктан аткаруу бийлиги түшкөн каражаттын барын элге ачык инфографика менен так көрсөтүп бергиле» –деди депутат Жанарбек Акаев.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов казынанын бир бөлүгүн чет өлкөдөгү мекендештер толтургандыктан, учурда аларга жардам берилбей жатканын көтөрдү. «Күнүгө мага Россияда иштеген биздин журтташтардан кайрылуулар көп келүүдө. Алар кыйналышууда, орто жолдо калышты. Ушундай учурда жардам берип, атайын сүйлөшүүлөр менен алып келбейби өкмөт», — деди ал.

Булак: Медиа центр

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Коронавирус 90 градустан ашуун температурада активдүүлүгүн жоготот

Чет элдик басылмаларга жарыяланган маалыматтарга таянсак Франциялык окумуштуу Реми Шаррел коронавирус жогорку температурага туруштук бере алаарын айтып чыкты. Реми Шаррел кесиптештери менен бирге африкалык жашыл маймылдын клеткаларын жана COVID-19 вирусун белоктор менен бир пробирада жайгаштырган.

Мындай жол менен алар вируска адамдын оозунун ичиндегиге окшош биологиялык жагдай түзүп беришкен. «Вирусту өлтүрүү үчүн аны 15 мүнөт бою 92 градус ысыкта кармаган. Жогорку температурада вирус активдүүлүгүн жогото баштады» — дейт окмуштуу.

Ухань вирусу дүйнөнү каптагандан тартып, окумуштуулар ар кандай иликтөө жүргүзүп келет. Буга чейин коронавирус 70 градус ысыкта өлөт деген божомолдор айтылган. Натыйжада мындай иликтөөлөр пандемия жогорку температурага туруштук берээрин далилдеп жатат. Демек , көпчүлүк күн ысып жай келгенде вирус жок болот деген ойлор жокко чыгарылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түркияда пандемиядан улам 90 миң кылмышкер абактан чыгарылган

Түркия Парламенти коронавирус пандемиясына байланыштуу 90 миң кылмышкерди убактылуу эркиндикке чыгаруу тууралуу токтом кабыл алган.

Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл Партиясы тарабынан киргизилген мыйзам актысына ылайык жеңил-желпи кылмыштарды жасагандар  жана жаза чарасын жатак-абактарда өтүп жатышкандар убактылуу эркиндикке чыгырылат.

Алар ушул жылдын 31-майына чейин эркиндикте болушуп, андан соң жаза чараларын өтөөнү  улантышат.

Токтомго ылайык, эгерде бул мезгил аралыгында пандемия төмөндөбөсө, анда кылмышкерлердин эркиндикте жүрүү мөөнөтү дагы белгилүү бир мөөнөткө узартылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button