Коом

Бакыт Бакетаев: «93-жылы эл аралык коомчулук тааныган мыкты Конституция жазылган”

Бүгүн, 18-февралда «Конституциялык принциптер мамлекеттин кебелбес негиздери» деген аталыштагы жыйын болуп өттү. Анда учурдагы каралып жаткан Конституциядагы мыйзам бузуулар жана «Мыйзам 93» тобу 1993- жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияны кайра калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө айтылды. Тегерек столго белгилүү саясий ишмерлер, саясат таануучулар жана талдоочулар катышты.

Тегерек столдо экс-депутат Максат Кунакунов президент Садыр Жапаровго жаңы Баш мыйзам тууралуу кайрылуу жасады.

«Өлкөбүздө бүгүнкү күндө орун алып жаткан саясий абал кайдыгер эмес адамдарды ойлондурбай койбойт. Элибизде сөз бар шашылган шайтандын иши деп. Ар бир кылып жаткан жумушту кылдаттык менен ойлонуу керек. Ушул жерден баарыбызга маалым болгондой, мыйзам талаасына толук келе албай жаткан өлкөдө Конституциялык реформаны ишке ашыруу мыйзамдуу болобу деген суроо жаралат. Биздин позициябыз 1993-жылдын 5-майындагы Баш Мыйзамдын калыбына келиши президенттин, өкмөттүн, парламенттин жана башка бийликтин легитимдүүлүгүнө шек келтирбейт. Бардык органдар өз функцияларын Конституциянын жоболорунун негизинде аткарышат.

Ал эми саясий эксперт Бакыт Бакетаевтин айтымында, 1993-жылы жазылган Конституция ошол учурдагы мыкты жазылган Конституция. Анткени элдин экономикалык жана саясий кырдаалына шайкеш келген. Эл аралык эксперттер тааныган мыйзам деп эсептелген.

«Жаман айтпай, жакшы болбойт» деген сөз бар элибизде. Шашпастан артыкчылыктарын, кемчиликдиктерин жакшылып карап чыгуу керек дейт» – Бакетаев.

Ага улай саясий серепчи Алмамбет Матурбаимов,

«Алгачкы күндөрү концепция боюнча ызы-чуу болду. Талаш-тартыш болуп, сүйүнүп алышкан биринчи жолу кыргыз тилинде Конституция жазылды деп. Анан эле долбоорду ким жазды, авторун таппай калдык. Концепция дегенди кандай түшүнөбүз? Бул негизги көз караштар. Долбоордун структурасын өзгөрткөнгө акыбыз жок болчу. Ар бир жобону тактап толуктоолор жүргүзүп анан кабыл алуу керек эле» – деп билдирди Матурбаимов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Карылыктын доорун сүргөн 93 жаштагы ардагер

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 93 жаштагы ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы старшинасы Артыкбай Камилов  1927-жылы туулган. Эмгек жолун ички иштер органында 1950-жылы катардагы милициядан кызмат өтөп баштаган. 25 жыл ИИОдо ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп, 1975-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ушул күнгө чейин жаш милиция кызматкерлерине өзүнүн акыл-насааттарын айтып келет. Азыркы учурда 50дөн ашык небере, чеберелери бар. Бул күнгө чейин ИИМдин бир катар медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланган.

93 жаштагы ардагер Артыкбай Камилов менен Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы жолуккан учурда, ал өзүнүн сөзүндө кыргыз элине тынчтык тилеп, азыркы апааттан аман-эсен чыгып кетүүсүн каалады. Ал эми бардык кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине күч-кубат тилеп: “Бөөдө кырсык, куру дооматтан кудайым өзү сактасын! Элибизге ак кызмат кылып, алар дагы бизге окшоп ардактуу эс алууга чыгууга насип этсин!”-деп  ак батасын берип узатты.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Чет өлкөлөрдө жүргөн 93 кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталган

Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн 93 кыргызстандык жарандар коронавирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Өлкөлөр боюнча бөлүп караганда, Россияда 50 адам, Пакистанда 22 адам (13 айыгып, 1 адам каза болуп, сөөгү Пакистанга коюлду), Индияда 4 адам (бир адам каза болуп сөөгү Индияга коюлду), Бириккен Араб Эмираттарында 7 адам (1 адам оорудан сакайган), Малайзияда 4 адам (баардыгы оорудан айыгышкан), Казакстанда 4 адам, Испанияда 1 адам жана АКШда 1 адам. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Түндө 93 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузду, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулду

Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 93 жаран жеткирилип, 8 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 74,

Жалал-Абад шаары боюнча – 5,

Ош шаары боюнча – 6,

Ат-Башы району боюнча – 5,

Кара-Суу району боюнча – 3,

Ал эми, Нарын шаары, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Урматтуу биздин мамлекеттин жарандары!

Өлкөбүздүн коопсуздугу, өзүбүздүн коопсуздугубуз, өзүбүздүн колубузда экендигин эске алуу менен бекем тартипти сактоого чакырабыз. Ар бирибиз обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого милдеттүү экендигибизди унутпайлы. Ар бир тартип бузуунун аркасында –мыйзам чегинде жоопкерчилик деген бар. Ошол себептүү ар бир Кыргызстандык, ар бирибиз ушундай өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек — бул ар бирибиздин — Ата Журтубуздун алдындагы парзыбыз жана милдетибиз экендигин таразалап туура түшүнөсүңөр деген ишеничтебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button