КоомКылмыш-кырсык
Бишкекте адам өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:26дан тарта 2 бөлүм тартылып, 16:25те толук өчүрүлгөн.
Аянты 85 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйгөн. Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган Т.С. аттуу эркек киши каза болду.