Коом
Кайрат Примбердиевдин кеби көпчүлүктү нааразы кылды
Социалдык тармакта ырчы Кайрат Примбердиевдин казак журналистине берген маеги талкууга түштү. Анда ал казак элинен Кененсарынын башын алган Ормон хан үчүн кечирим сураган.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар аталган хандардын окуясы ташка тамга баскандай көпчүлүккө белгилүү экенин, ал үчүн ырчы кечирим сураганын туура эмес көрүшкөн. Ал эми айрым колдонуучулар бул өткөн тарых экенин, аны козгоп эки элдин ортосуна бүлүк салган туура эмес экенин жазышты.