Коом
Кыргызстанга 2025-жылкы ажылык үчүн 6060 квота бөлүндү
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, муфтий Абдулазиз Закиров Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугуп, ажылык сапарды уюштуруу, жатакана шарттары, тамак-аш менен камсыз кылуу маселелерин сүйлөшкөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-жылдагы ажылык иштерди уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, Кыргызстанга 6060 ажылык квота берилгенин жарыялашкан.