Коом
Мамкурулуш мындан ары кагаз түрүндөгү арызды кабыл албайт
Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти мындан ары кагаз түрүндө арыз алууну токтотот. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев соцтармактагы баракчасына жазды.
«Департамент толук түрдө санариптештирүүгө өттү. Мамэкспертизадагы жаңы санариптик чечимдердин жардамы менен алыстан жол артып кыйналбай, жарандардын жүгү кыйла жеңилдеди«, — деп жазды Орунтаев.
Анын айтымында, мындан ары кагаз түрүндө долбоордук сметалык документтерди кабыл алуу токтотулуп, бир гана электрондук форматта сайт аркылуу жүрөт.