Коом

Бакиров: MegaComду Улуттук банк тарабынан сатып алуу каралууда

КРнын Инвестиция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Жогорку Кеңеш MegaComду («Альфа Телеком» ЖАК) менчиктештирүү программасына киргизүүгө макул болгонун билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда компанияны инвентаризацилоо процедурасы жүрүп жатат. Жакында атайын комиссия түзүлөт.

«2019-жылы MegaComдун баасы 19 млрд сомго бааланган, кийин ал 14 млрдга түшкөн. Бирок, сатып алуучу чыккан эмес. Ушуга байланыштуу министрлер кабинети компанияны кайрадан толук баалоо тапшырмасын берди»,-деди ал.

ММБФ төрагасы MegaComду Улуттук банк тарабынан сатып алуу каралып жатканын белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жогорку Кеңеш MegaCom компаниясын менчикке сатууга макулдук берди

Жогорку Кеңештин депутаттары MegaCom компаниясын жана үч банктагы мамлекеттик үлүштөрдү сатуу боюнча токтом долбоорун жактырды.

MegaCom боюнча бардыгы болуп 82 депутат добуш берсе, анын — 80и макул, экөө гана каршы болгон.

Төмөнкү активдер сатыкка коюлган: 

  • MegaCom соода маркасы менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясынын акциясынын 100 пайызы;
  • «Кепилдик фондунун» 14,09 пайызы;
  • «Керемет банктын» 0,74 пайызы;
  • Евразиялык сактык банктын 76,56 пайызы.

Кечээ парламенттин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров MegaCom компаниясынын наркы азырынча баалана электигин билдирген. Ал эми Улуттук банкты потенциалдуу кардар катары карап жаткандыктарын айтышкан эле.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) компаниянын башкы директору Жамангулов Акылбек Жекшенович 2021-жылдын 16-мартынан тарта башка кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазгандыгын маалымдайт.

Ал «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору кызматын 2018-жылдын 24-октябрынан бери аркалап келген.

Ал эми «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору кызматына Базаркулов Азат Темирканович дайындалды. Ал буга чейин «Акнет» ЖЧКнын аткаруучу директору кызматын ээлеп келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

АдабиятКоом

MegaCom «Китеп порталы»: Акцияга катышып «Раритеттен» бестселлер утуп ал

MegaCom уюлдук оператору жана «Раритет» дүкөнү китеп сүйүүчүлөрү үчүн «Айдын мыкты окурманы» биргелешкен акциясы уюштурулуп жатканын кубануу менен кабарлайт.

Акциянын негизги шарты — «Китеп порталы» сервисинин активдүү колдонуучусу болуп, өз аккаунту менен порталга көбүрөөк кирип туруу. Ар бир айдын жыйынтыгы менен эң активдүү деп эсептелген 3 колдонуучу «Раритет» китеп дүкөнү сунуштаган 3 китептин бирин тандап алат.

Март айынын алгачкы 3 жеңүүчүсү төмөнкү китептерден турган белекти тандап алса болот.

Биринчи орун үчүн:

  • «Шантарам» (Грегори Дэвид Робертс);
  • Мектеп окуучулары үчүн Дүйнө атласы;
  • «Жогорку эффективдүү адамдардын 7 көндүмү» (Стивен Р.Кови).

Экинчи орун үчүн:

  • Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын чакан жыйнагы;
  • «Коралина» (Нил Гейман);
  • «Кылычсыз Самурай» (Китами Масао).

Үчүнчү орун үчүн:

  • «Дориан Грейдин портрети» (Оскар Уайльд);
  • «Кичинекей ханзаада» (Антуан де Сент Экзюпери);
  • «Феррарисин» саткан кечил» (Робин Шарма).

«Китеп порталы» сервисинин колдонуучулары активдүү окурмандар арасынан өз рейтингин бир ай бою *9718# буйруусу аркылуу көзөмөлдөп тура алат. «Айдын мыкты окурманы» акциясы тууралуу толугураак маалыматты book.megacom.kg сайтынан окуңуздар.

Бош убактыңызды пайдалуу өткөрүңүз. MegaCom менен бирге китеп окуп, бирге жеңишке жетиңиздер!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баарлашуу аймагын кеңейт! MegaCom’дон «Интернет» жана «Чалуулар» тарифтерин кошуп ал

Жашоону достор менен баарлашуусуз жана жакын адамдар, кесиптештер менен сүйлөшүүсүз элестете албайсыңбы? MegaCom’дон «Интернет» жана «Чалуулар» жаңы тарифтик пландарын кошуп алып, ар дайым байланышта бол.

Смартфонду дайыма байланышта болуу үчүн колдонгуң келеби? Анда «Интернет Регион», «Интернет Эконом», «Интернет Стандарт», «Интернет Чектөөсүз» жана «Бардыгы Чектөөсүз» топтомдору менен болгон төрт жумалык «Интернет» тарифтик планын кошуп алып, социалдык тармактарда жана месенжерлер аркылуу баарлашуу үчүн ири көлөмдөгү интернет-трафикти колдон.

«Интернет» тарифтик планынын түркүмүндөгү топтомдор үчүн төмөнкү шарттар бар:

Түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары чалууларды көп аткарып же экинчи SIM-картаны колдонуудан баш тарткың келип жүрөбү? Анда «Чалуулар Эконом», «Чалуулар Стандарт» жана «Чалуулар Max» топтомдору менен болгон «Чалуулар» төрт жумалык жаңы тарифтик планын кошуп алып, түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары да эң пайдалуу баада баарлаш.

«Чалуулар» тарифтик планындагы топтомдор түркүмү үчүн төмөнкү шарттар бекитилген:

Ошондой эле студенттер жана мектеп окуучулары кошуп алуулары үчүн «Билим» социалдык тарифтик топтому да жеткиликтүү. 285 эле сомго абонент 4 жумага 20 ГБ Интернет, WhatsApp, Telegram, Zoom, Google Classroom, Skype, KelBil жана КРнын ЖОЖдорунун билим берүү багытындагы сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, түйүн ичинде чектөөсүз баарлашып, 500 SMS жибере алат.

«Интернет» жана «Чалуулар» тарифтик пландарын кошуп алуу боюнча толугураак маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан алса болот.

 

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

MegaCom компаниясы Ак калпак күнүн белгилөөдө башкы демөөрчү болду

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленет. Бул майрам улуттук терең философияны камтыган, ата-бабалардын маданий мурасы деп саналган кыргыз мырзаларынын салттуу баш кийиминин урматына негизделген.

MegaCom кыргыз элинин салт-санаасынын сакталышы маанилүү деп эсептеп, бул майрамдын 10 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чарага демөөрчүлүк кылды.

Бүгүн, 4-мартта, борбордук «Ала-Тоо» аянтында уюлдук оператордун колдоосу менен Ак калпак күнүнө арналган масштабдуу иш-чара өттү. Улуттук кийим кийгендердин парады, салттуу кийимдердин көргөзмөсү, MegaCom’дун кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын 200 метрлик желеги менен жүрүш миңге жакын кыргызстандыктын башын бириктирди.

Ак калпак күнүнүн урматына уюштурулган салтанат Манастын эстелигинин жанында орнотулган чоң сценада эстрада ырчыларынын майрамдык концерти менен жыйынтыкталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Акция! Кооз номер сатып алып MegaCom’дон белекке акысыз байланыш ал

MegaCom уникалдуу акция өткөрө турганын жарыялайт. «Күмүш», «Алтын» жана «Платина» категориясындагы номерлерди сатып алган абоненттерибизге 168 күндөн 336 күнгө чейинки мөөнөткө акысыз байланышты тартуулайбыз.

Байланыштын акысыз топтомуна ээ болуу жөпжөнөкөй. Ал үчүн компаниянын Кыргызстандагы Фирмалык салондоруна же Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылып, сизге жаккан VIP-номерди тандап, сатып алыңыз. Номердин категориясына жана анын баасына карап абонентке «Интернет» тарифтик планындагы топтомдордун бири кошулат. Анын мөөнөтү жана шарттары таблицада көрсөтүлдү.

Категориядагы номерлердин баасы жана 168 күнгө акысыз байланыш:

Категориядагы номерлердин баасы жана 336 күнгө акысыз байланыш:

Баалар КНС жана Сатуудагы салыкты эсептеп көрсөтүлдү.

«Интернет» тарифтик планына кошулуу боюнча толук маалыматты MegaCom’дун расмий сайтынан окусаңыз болот.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

MegaCom’дон «Интернет» жана «Чалуулар» жаңы тарифтери!

MegaCom компаниясы 2021-жылдын 1-февралынан тартып абоненттердин талаптарына эң жогорку деңгээлде жооп берүүчү, оптималдуу топтомду тандоого мүмкүнчүлүк берген «Интернет» жана «Чалуулар» жаңы тарифтик пландарын ишке киргизет.

Смартфонду ар дайым онлайн болуу үчүн колдонууну көздөйсүзбү? Месенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу баарлашууга мүмкүндүк берген ири көлөмдөгү интернет-трафикти камтыган, «Интернет Регион», «Интернет Эконом», «Интернет Стандарт», «Интернет Чектөөсүз» жана «Баары чектөөсүз» топтомдорун өз ичине алган төрт жумалык «Интернет» тарифтик планын тандаңыз.

«Интернет» тарифтик планындагы топтомдор түркүмү үчүн төмөндөгүдөй шарттар каралган:

 

«Интернет» тарифтик планынын бардык топтомдорун аванс иретинде 6 жана 12 жумага да кошуп алууга болот.

Түйүндөн тышкаркы чалууларды көп аткарасызбы жана экинчи SIM-картаны колдонуудан баш тарткыңыз келеби? «Эконом Чалуулар», «Стандарт Чалуулар» жана «Max Чалуулар» топтомдору менен болгон жаңы төрт жумалык «Чалуулар» тарифтик планын кошуп алып, бардык багыттар боюнча эң ыңгайлуу баалар менен баарлашыңыз.

«Чалуулар» тарифтик планындагы топтомдор түркүмү үчүн төмөндөгүдөй шарттар каралган:

Ошондой эле «Билим» жаңы топтому да кошуп алуу үчүн жеткиликтүү: абонент болгону 285 сомго төрт жума бою 20 ГБ Интернет, WhatsApp, Telegram, Zoom, Google Classroom, Skype, KelBil месенжерлерин жана КРнын билим берүү багытындагы сайттарынан чектөөсүз колдонуу, ошондой эле чектөөсүз чалуулар жана түйүн ичинде акысыз 500 SMS жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жаңы тарифтик пландарды кошуп алуунун шарттары тууралуу толугураак маалыматты MegaCom компаниясынан расмий сайтынан окуй аласыздар.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

MegaCom башчысы кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга арыз жазды. Учурда териштирүүлөр жүрүп жатат

Борбордук шайлоо комиссиясына «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун жетекчиси (MegaCom) Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн арыз түшкөн. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

16-декабрда координациялык топко Facebook тармагында Төрөхан Жунусбековдун президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин бири боюнча билдирүүсү талкууланып жатканы айтылган. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева мамлекеттик компаниянын башчысынын кеңешчиси болуп туруп, Жунусбеков «Жогорку Кеңешти жана КР президентин шайлоо жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамдын 22-беренесин бузгандыгын белгилеген.

Мыйзамга ылайык, «Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз».

БШКдан мыйзам бузуу боюнча Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигине кабарланганын айтышты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button