КоомКылмыш-кырсык
Москвада 2 кыргызстандык жаран уурдалды
Маалыматка караганда, Кыргызстандын эки жараны «Кузьминки» метросунун жанындагы кафеде таанышын күтүп турушкан. Аларга эки белгисиз адам келип, унааны түртүүгө жардам сурашкан. Алар макул болуп, көчөгө чыгышкан.
Ошол жерден аларды унаага салып, документтерин жана телефондорун алышкан. Белгисиз адамдар 190 миң рубль талап кылып, аларды сабап, өлтүрөбүз деп коркутушкан.
Алар шектүүлөрдүн бири менен жалгыз калганда, жардам сурап кат жазып, терезеден ыргытышкан. Батирге полициянын отряды келген. Үч жаран кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.