2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар уюштуруу комитетине 100дөн ашык сапатсыз медалды кайтарып беришти. Бул тууралуу La Lettre жазды.
Басылма жазгандай, оюндар аяктагандан көп өтпөй сыйлык алган айрым спортчулар медалдарынын үстүнкү катмары өчүп жатканын социалдык тармактарга жазып чыгышкан.
La Lettre басылмасынын маалыматына караганда, медалдардагы көйгөйлөр сапатсыз лакка байланыштуу келип чыккан. Өндүрүшкө жана сапатка жооптуу болгон 3 топ-менеджер иштен бошотулган.
Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөр бардык кемчиликтери бар медалдар жакынкы жумаларда алмаштырыларын айтышты.