Республиканын аймагында жол белгилери жаңыланууда
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, өлкөнүн жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана орнотуу иштери жүрүүдө. Жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылып жатат.
Маалыматта белгиленгендей, учурда Ош-Араван-Чек-Абад унаа жолунда жана Бишкек-Луговое-Кордай унаа жолунда, ошондой эле Красная-Речка-Ысык-Ата, Кант-Жээк-Дмитриевка жолдорундагы эскирген жол белгилери алынып, алмаштырылды.
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана 2024-жылы жалпы 15 миңден ашык жол белгисин чыгарган.
Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле жол белгилердин тирөөчүн полимердик сыр менен боей турган атайын жабдуулар алынып, алар толук кандуу иштеп жатат.