Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев акталды
Жогорку сот 13-январда Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаевди актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку сот Урматбек Самаевди Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен актоо өкүмүн чыгарган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Урматбек Самаевди 2023-жылдын апрель айында кармап, ага “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп айып койгон.
Атайын кызмат 2020-жылдан 2023-жылга чейин аталган ишкананын турак үйлөрдү борбордук жылуулук тутумуна мыйзамсыз кошуу, жаратылыш газын ашыкча коротуу, күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу сыяктуу мыйзам бузууларынан мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.