Коом

V дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

Көчмөндөрдүн V дүйнөлүк оюндары Казакстанда өтмөй болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эстафетаны Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу казакстандык кесиптеши Даурен Абаевге өткөрүп берди.

Эске салсак, дүйнө жүзүнө Кыргызстандын бренди катары таанымал Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары үч ирет Ысык-Көл жээгинде өткөрүлүп, кийин кезек Түркияга берилген. Иш-чара быйыл Изникте 102 өлкөдөн келген 3 миңден ашуун спортчунун катышуусунда болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өзбекстан Спутник V вакцинасын чыгарып баштайт

Россиянын Sputnik V вакцинасын Өзбекстан кийинки жумадан чыгарып баштайт. Бул тууралуу 29 -июлда президент Шавкат Мирзиёев өндүрүштү ишке киргизүү учурунда билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, вакцина Алмалык шаарындагы Jurabek Laboratories өндүрүш ишканасында чыгарылат.

«Спутник V вакцинасынын биринчи партиясын өндүрүү иштери аяктап калды. Бул партия вакцинанын сапатын көзөмөлдөө үчүн Орусиядагы Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология илимий изилдөө борборуна жөнөтүлгөн. Бул зарыл процедура, ал бардык жерде жүргүзүлөт. Эми биз текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз, андан кийин биздин республикада толук кандуу өндүрүштү жүргүзүүгө мүмкүн болот», — деген санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын башчысы Баходыр Юсупалиев.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди

Кыргызстанга 17-июнда коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун алкагында аталган вакцина сатылып алынды.

“Вакцинаны сатып алууга каражаттар республикалык бюджеттен бөлүндү. Вакцинанын эки компонентинин наркы 20 долларды түзөт”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, “Спутник V” вакцинасынын 20 миң доза түрүндөгү алгачкы партиясы 22-апрелде келген. Ал эми 10-майда дагы 20 миң доза өлкөгө келип түшкөн.
Эмдөө 25-28 күн аралыкта эки ирет жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«Спутник V» вакцинасын биринчи болуп Мамбет Мамакеев алды. Сүрөт

Кыргызстанда россиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Дарыгер Мамбет Мамакеев «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп алды. Препараттын бул партиясы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Ал эми биринчи этапка кирген топ мурдагыдай эле Кытайдын Sinopharm вакцинасын алуусун улантышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Булак: Спутник.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекке Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинди

Бишкекке Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде COVID-19га каршы Россиянын эки компоненттүү «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозанын түзгөн биринчи партиясы Кыргыз Республикасына келди.

Министрлик Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте «Спутник V» вакцинасын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү уюштуруу боюнча мындан аркы ишти уланта берет.

Белгилей кетсек, вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бүгүн Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинет

Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Вакцина Бишкектин “Манас” аэропортуна саат 15:15те келет. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышат.

Вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Россия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасын жеткирип баштоого даяр

Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиковдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Россия Федерациясына сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшү каралды.

Артем Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясынан «Спутник V» вакцинасын расмий каттаган, буга байланыштуу өлкө россиялык вакцинаны вакцинациялоо программасына киргизүүгө жана вакцинаны республика аймагына ташууга даяр. Россия тарап жакын арада Кыргыз Республикасынын калкы үчүн «Спутник V» вакцинасын жеткирип баштоого даяр экендигин тастыктады.

Мындан тышкары, тараптар Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жүрүүсүнүн укуктук макамы, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында бекитилген жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Россиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

Жолугушуу алкагында ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын жана санариптештирүү жаатындагы өз-ара аркеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Инвестициялык кызматташтыкты, экономикалык интеграцияны, гуманитардык өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө багытталган жана башка багыттар боюнча сунуштарды жана долбоорлорду даярдоо жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Жакынкы жумада тараптар аркылуу Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагаларынын пландаштырылган жолугушуусунда талкуулоо үчүн суроолордун тизмеси даярдалат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт

Cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 29-марттагы маалымат жыйында Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанга май-июнь айларында келиши мүмкүн экенин айтты.

“Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү”, — деди министр.

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти «Спутник V» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө каражаты катары өткөн айда каттаган.

Республика коронавирус илдетине каршы эмдөө үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцинаны колдонмой болду. Жапырт эмдөө бүгүн, 29-мартта башталды. Алгачкылардан болуп вакцина саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алды.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасы Кытай менен Индияда чыгышы мүмкүн

Коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасы Кытай менен Индияда чыгышы мүмкүн.
Бул тууралуу Россия президенти 17-ноябрда видеоконференция форматында өткөн БРИКС тин (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) саммититинде Владимир Путин билдиргендигин РИА Новости жазды. Путиндин айтуусунда, Россиянын түз инвестициялар фонду индиялык, бразилиялык өнөктөштөр менен «Спутник V» вакцинасын клиникалык жактан сыноо боюнча келишим түздү. Ал эми Кытай, Индия фармацевтика компаниялары менен алардын аймагында вакциналарды чыгарган борбор ачуу боюнча макулдашты.
Россия президенти жакын арада коронавируска каршы россиялык үчүнчү вакцина даяр болорун дагы кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button