Коом

Жалал-Абад Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы туристтик борбору болду

Жалал-Абад шаары Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору статусуна ээ болду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурда бул статус Казакстандын Түркстан шаарына таандык болгон.
«Символикалык ачкычты өткөрүп берүү аземи Түркстан шаарында өтүп, анда Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин жашыл экономика жана туризм секторунун башчысы Алибек Матиев жана Түркстан шаарынын акими Азимбек Пазылбекулы катышты. Жалал-Абадга бул статустун ыйгарылышы аймактын туристтик потенциалын күчөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарада эки шаардын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жолдору да талкууланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button