Алдамчылар 53 жаштагы француз аялдын 830 миң евросун алдап кетишкен. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Романтикалык окуя Альп тоолорунун эс алуучу жайында башталган. Анда аял өзүнө инстаграм баракчасын ачып, «бөйрөк рагы менен күрөшкөн» Брэд Питт менен кат жазышып жүргөнүнө ишенген. Голливуд жылдызы менен романтикалык маектешүүдөн кийин ал туруштук бере алган эмес.
Абийирсиз адамдардын негизги далили жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн сүрөттөр жана видеолор болгон.
Кийинчерээк, аял чыныгы Бред Питт оорубай, тескерисинче башка аял менен бактылуу жүргөнүн көрүп, алданып калганын түшүнгөн.
Учурда аял депрессиядан дарыланып жатат.