Кылмыш-кырсык

УКМК: Сузакта 2010-жылы массалык баш аламандык жана адам өлтүрүүнү уюштургандар кармалды

2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды жана Жалал-Абад шаарынын тургунун өлтүрүүнү уюштурган Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-сентябрда УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан КР жарандары Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды.

Кармалган жарандар Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

УКМК: 2010-жылдагы июнь окуясында милициянын подполковнигин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 27-майында УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу КР жарандары кармалды.

Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле КР ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды.

Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Ошто 2010-жылдын июнь окуяларына байланыштуу издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды

Мындан 13 жыл мурун Ошто болуп өткөн июнь окуясынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 22-апрелде мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Ал 2014-жылы 16 жылга сырттан соттолгон.

Абдуллаева Ош ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош милициясы кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Эл үнү

2010-жылы Ош окуяларында Бекназаров кайда эле?

Экс-элчи  Азимбек Бекназаров ЖМК өкүлдөрүнө пресс конференция берип,  буга чейин аткарган иштери тууралуу  айтып актанып алды.

Бул качанкы Бекназаров, карыса да өзүн жаш ойлоп,  орусчаны мындай кой, кыргызчаны болдурап сүйлөп бирдемелерди түшундүргусу келди. Мен иштейин десем бийлик тараптан такыр тапшырма келген жок деп балп этти. Малайзияда эки жылдан ашык иштеп жүрүп кандай иштерди жасаганын да айткан жок. Болгону Куала-Лумпурдагы Кыргызстан элчилигинин кеңсесин бир сыйра сырдатып, бир килем төшөп коюптур, ошону улам айтып мактанды.

Андан тышкары азыркы бийлик алгачкы жылы жакшы иштеди да акыркы алты айда туура эмес иштерди жасай баштады дегени кызык болду. Акыркы алты айда дүйнөдөгү кымбатчылыкты эске алып мурда болуп көрбөгөндөй мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйгөнүн, Кум-Төр Кыргызстанга өткөнүн, далай коррупционерлер кармалып, бюджетке миллиарддар төгүлгөнү тууралуу жасалып жаткан иштер жөнүндө ооз ачпады. Кыскасы, адам эмнени көргүсү келсе, ошону айтат демекчи, Кыргызстандан жамандык издеген Бекназаровдун оозунан жакшы сөз чыкпады.

Ал эми акыркы берилген Эл баатыры наамдары тууралуу да нааразы экенин жашырган жок. 2010-жылы айрыкча мени капа кылганы  улуттар аралык жаңжал арасына катышкандар баатырдык наам алганга моралдык укугу жок деп балп этти! Кыскасы,  түштүктөгү коогалаңда кан кечип жургөн адамдардын ишин ал  жокко чыгарды. Кызык эле киши экен ушул Бекназаров! 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганда Бекназаров түштүктөгү жердештери кан кечип, кан жутуп турганда бир басып барып, эки элди элдештирүүгө аракет да жасаган эмес. Ал Бишкекте жатып, ошол кезде Башкы прокурордук кызматты аркалап, жылуу жумшак креслосунда жатканын билебиз. Азыр ошол 2010-жылдагы коогаланды териштирүү керек дегенде эмнегедир Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү так секирип, каршы болушат. Балким, булардын эл билбеген дагы бир нерсеси болушу мүмкүнбү деген суроо туулат.  Эмнеси болсо да ошол окуя сөзсүз териштирилиши керек!

Кыскасы, Бекназаров азыркы эл баатыры наамын алгандарга ичи тарып турганын жашыра албады.

Элдик курултай тууралуу сөз баштап, ага катышуу ниети бар экенин билдирди. Өткөндө президент Садыр Жапаров  эл арасынан карапайым адамдар катышсын деп айткан эле. Бирок, Бекназаров сыяктуу жулунгандар Элдик курултайга келүүгө  моралдык укугу жок.

Бүгүн Бекназаров пресс конференция берип жатканы түз эфирде социалдык желелерде көрсөтүлүп жатты. Бекназаровдун конференциясын онлайн көргөн жарандардын дээрлик 100 %ы ага карата жаман, жагымсыз пикирлерин калтырышты.

Ага пикир калтыргандардын көбү “Бекназаров алжыптыр, эс алсын! Тажатты! Буга бийлик гана керек! Аксыдан куулган саясатчы!” жана башка ушул сыяктуу негативдерди жазганын окусак болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2010-жылдагы июнь окуясы: Биринчи соттук отурумдун күнү белгилүү болду

Бүгүн, 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча алдын ала соттук отурум болуп өттү.

Биринчи отурум 25-августка белгиленди.

Отурумга сот Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылат. Ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчылар Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Бактыбек Алымбеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев айыпталып жатат.

Алар Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттө төмөнкү кызматтарды аркалашкан:

— Алмазбек Атамбаев — Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары;

— Исмаил Исаков — коргоо министринин милдетин аткаруучу;

— Бактыбек Алымбеков — ички иштер министрлигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу;

— Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун губернатору;

— Кеңешбек Дүйшебаев — УКМКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында курман болгондор эскерилди

Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясында каза болгондорду эскерүү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, иш-чаранын алкагында митинг-реквием өтүп, анда “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюлуп, маркумдарды бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.
Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, каргашалуу июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.
“Элибиз эзелтеден биримдикти, ынтымакты жогору баалап келген. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун. Ош шаарынын мэриясы июнь коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана дайынсыз жоголгондорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр”, — деп белгиледи биринчи вице-мэр.
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят, цветок и на открытом воздухе

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Июнь окуясы — 2010. Азимбек Бекназаров суракка чакырылды

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер өздүк булактарга таянуу менен жазышууда. ​​

Белгилүү болгондой, Бекназаров 2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында көрсөтмө берип жатканы кабарланды.

Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин түзүлгөн. Анын курамына 14 адам кирген, анын ичинде Роза, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев жана Азимбек Бекназаров, Дамира Ниязалиева , Эмилбек Каптагаев  болгон.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишин иликтөө 2021-жылдын апрель айында кайра башталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Иш Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө кайгылуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшүү фактысы боюнча козголгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

УКМК: 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды

2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021- жылдын 15-апрелинде УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304- беренесинин 4-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иштери башталды. 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилмекчи.
УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдамакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Садыр Жапаров: “Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдагы кандуу июнь окуяларына күнөөкөрлөрдүн бири катары жоопко тартылыш керек”

“Биринчиден, Кеңешбек Дүйшөбаев – бул пенсиядагы адам, экинчиден ал Коопсуздук Кеңешинде олтурганга моралдык укугу жок, ошондуктан аны алмаштырдым. Анткени ал 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча, андан кийинки түштүктөгү коогалаңдуу окуялар боюнча жооп бериши керек”, – деп билдирди бүгүн, 27-октябрда КР Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров УТРК телеканалына интервью берип жатып.
“Анткени ал ошол кезде Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп олтурган. Ал окуяларды болтурбоо боюнча алдын-ала чараларды көргөн эмес, бул дагы териштирилет. Ал жоопко тартыла турган адам, анан ал адам кантип Коопсуздук кеңешинин башында туруш керек?” – деди Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматынан кетиши боюнча суроого жооп берип жатып.
Булак: KyrgyzToday.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

2010-жылдагы июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарылар кайтарылды

2010-жыдагы июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарылар кайтарылды. Бул тууралуу, Ош ОИИБдин басма-сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 20-июнь күнү Ош облустук ИИБдин милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылын тургуну 1985 ж.т. К.А.нын үйүнүн мал сарайынан АКС-74, АКС-74У жана АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарына таандык болгон 2(эки) даана кутуча (магазин) жана 5.45 мм калибрдеги 51(элүү бир) даана ок дарылары табылып, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынган.

 Бул курал жарак боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында 2010-жылы июнь айындагы окуялар учурунда белгисиз жарандар тарабынан КРнын Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлеринен тартылып алынган курал жарактарды кайтарып алууга багытталган ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө, Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну «А» аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү ок дарыларды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну 1976 ж.т. Т.Ж. 1979-жылы өндүрүштөн чыгарылган АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 2 даана магазинин өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген. Бул фактылар КРнын ЖКнин 253-бер. негизинде Кара-Суу РИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алынган курал жарактар кайсы аскердик бөлүккө таандык экендиги такталууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Без рубрики

Спикер 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондорду эскерди

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад шаарына барып, 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондорду эскерди. Иш-чаранын алкагында “Санпа” монументине гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Каза болгондордун жакындарына көңүл айткан төрага Жумабеков: “2010-жылдын июнь окуялары эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эӊ азалуу жана кайгылуу окуялардын бири болуп калды. Ал күндөрдүн трагедиясы бүткүл кыргызстандыктардын эс-акылына жана жан дүйнөсүнө оор так түшүрдү. Окуя көптөгөн үй-бүлөлөрдүн тагдырын талкалап, миӊдеген адамдар баш-паанексиз, өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Андан бери 10 жыл өтсө да, окуяда курман болгон жана дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарынын, бир туугандардын арманы, кайгы-муӊу унутулган жок”, – деди.

Муну менен катар төрага “Ошол трагедиялуу күндөрдө каардуу зомбулуктун курмандыгы болуп, каза тапкандарды унутпайбыз” – деп кошумчалады.

Ошондой эле маркумдардын жакындары жана окуянын катышуучулар менен болгон баарлашууда кандуу окуя ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө сакталарын белгилеген Дастанбек Жумабеков: “Андыктан өткөн күндөргө баа берип жатып, биз ал трагедиянын кайталанбашы үчүн мындан да биримдиктүү, ынтымактуу болууга тийишпиз. Ошол кайгылуу күндөрдө каза болгондорго көрсөткөн урматыбыз катары биз тынчтыкты сактап, келечек муундар үчүн коом ынтымагын улам бекемдеп куруубуз кажет. Ал эми биздин ортобузга кастыктын үрөөнүн сепкен адамдар улутуна карабастан элибиздин душманы болуп кала беришет”, – деди.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин атынан каза болгондордун жакындарына берүү үчүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана “Санпа шейиттери” биримдигине каржылык жардам тапшырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

КоомСаясат

ФОТО-Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Июнь окуясында каза болгондору эскерди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10 -июнда, 2010 — жылдагы Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондору эскерди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Июнь окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков ошол күндөрү болгон трагедиянын, эл башына түшкөн кайгы-муңдун издери дале болсо өчө электигин белгиледи.

«Энелердин төгүлгөн көз жашы, сыздаган ыйы, аталардын арманы унутула элек. Шейит болгон мекендештерибиздин элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө», — деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы дагы бир ирет каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, ошол кандуу күндөрдө ушул жерде жүргөнүн, ал окуяларды өз көзү менен көрүп, керт башынан өткөргөнүн эске салды.

«Сиздер менен чогуу чыр — чатакты токтотуу үчүн, тартипти калыбына келтирүү үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманын, силердин кайгы–муңуңарды сезип, жүрөгүм менен кабыл алам», — деп белгиледи Президент ошол каргашалуу окуя эми эч качан кайталанбашын тилеп.

Сооронбай Жээнбеков Июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн, улуттар ортосундагы ынтымакты көздүн карегиндей сактоо керектигин эскертип турарын баса белгиледи.

«Кылымдар бою эриш-аркак, куда-сөөк, бир тууган болуп жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымак менен биримдикти аздектеп, байыркы Ош шаарынын даңазалуу тарыхын жараткан. Улуттар аралык тынчтыкты, ынтымакты көздүн карегиндей сактоого ар бирибиз милдеттүүбүз. Өлкөбүздү чогуу күч — аракет менен гана өнүктүрөбүз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, Мамлекет башчысы бүгүн, 10-июнда эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды. Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарында Июнь окуясында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Койсун Курманалиева: 2010-жыл кайталанса мен караңгы “революционерлерден” алыс болмокмун

Талас  областынын мурдагы губернатору Койсун Курманалиева ошол кезде “Бириккен элдик кыймылдын” жана  “Ата – Мекен” саясый партиясынын областтагы координатору катары 2010-жылдагы Апрель  революциясына  жигердүү  катышып,  уюштуруучуларынын биринен болгон. Өлкөбүздүн келечек багытын, өсүп-өнүгүүсүн жаңы нукка буруп, коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга чек койгон апрель төңкөрүшүнүн тарыхыбыздагы орду, мааниси туурасында ортодон өткөн он жылдын оро-парасында “ат жалында” дил-маек курдук.

    -Койсун Аблабековна, жетинчи апрелде Бакиевдин элге жек көрүмчү бийлигин кулаткан элдик революциянын башаты ушул Таластан, бир күн мурда башталып кеткени белгилүү. Ал туурасында, ошол окуяга түздөн-түз катышкан Сиздин азыркы,       бир топ мезгилден кийинки ой-пикир, көз карашыңыз сөз жок кызыктырбай койбойт.  Бирок, ага чейин көпчүлүктүн көөнүндө калган  “Бириккен элдик кыймылдын” качан, эмне максат менен уюшулганына  бир аз баяндама берсеңиз?

– Коомчулук, Сиздер  жакшы билгендей  –  “Бириккен элдик кыймыл”  ошол убактагы  бийликтин ишине  канааттанбай, кетирген кемчиликтеринен     пайда болгон  нааразычылыктар  күчөй баштаганда түзүлгөн    уюм.  Талдап көрсөм, ошол убакта нааразылыкка ыктаган   оппозициялык күчтөр  да көбөйүп кеткен. А бийлик болсо элдин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыктарын жогору коюп,   башаламан  башкарууну колдоно беришкен.   Негизин алганда, өлкөдөгү  кырдаалга келишпес мамиледеги коомдук күчтөр, көптөгөн  саясый   партиялар 2010-жылдан мурун эле  пайда  боло баштаган.   Түпкүлүгүндө   баарынын максаты бир болчу.  Анан, 2009-жылы ошол күчтөрдүн  баары  биригип,  “Арашанда”  боз үй   тигилип чоң  жыйын өткөн.   Жыйындын катышуучуларынын  максаты-  барыбыз биригели   деген  ниет болгон. Ошентип, кыскарта айтканда  элдин   көйгөйүн ойлоп жүргөн бардык күчтөр биригип – “Бириккен элдик кыймыл”  түзүлдү.   Эң негизги  максатыбыз –  боло турган президенттик шайлоого  өзүбүздүн  арабыздан талапкерди аныктап, колдоп, аттандыруу эле.  Ошондо Алмазбек Атамбаевди     биринчи сунуштаганбыз. Анан кабыл алынган чечимдерге ылайык  иш жүргүзүлө  баштады.   Партия- партия эмес,  барыбыз биригип алып, бир багытта  иш жүргүзүп баштадык…

– Ошондой шартта оппозициялык күчтөрдүн  башын бириктиргенге негизги себеп эмне болду деп ойлойсуз?

– Ток этер жерин айтканда  ошол  убакта, ошол шартта түзүлгөн кырдаалда   бийликтин    орунсуз саясатына каршы турган   күчтөр бирикпесе болбойт болучу. Эң негизги максатыбыз – биригели, бир күч бололу. Оюбузду, пикирибизди   биргеликте   билдирип туралы,- деген   максаттын үстөмдүк кылганы да ошондон. Алдыда өлкөбүздүн турмушундагы орчундуу   шайлоо башталганы турган. Биз өзүбүздүн  бир талапкерибизди  көрсөтүп, биргеликте колдоп максатыбызга жетели дегенбиз.

-Демек, өтө жооптуу, татаал чечим кабыл алыныптыр да. Ал ишке аштыбы? Жеңишке ээ болобуз деген ишеним бар беле?

-Ооба, ал  шайлоого дал ушундай чечим менен барганбыз.   Бизде  жеңишке  болгон ишенич күчтүү эле. Катарыбыздагы  жаштардан тартып аксакал карыяларыбызга чейин  калыстык жеңерине, көпчүлүк  бизди колдооруна ишенгенбиз. Анткени,  шайлоо алдындагы даярдыкка олутту карап, чын дилибизден берилип,  ушунчалык жакшы иштегенибизди азыр дагы ырастай  алам. Салыштырып көргөнүбүздө  башка областтарга караганда  биздеги иштердин ырааттуу,    жакшы жүргүзүлүп жатканын белгилешкени күчүбүзгө күч кошкондой болуучу. А чынында эле  биздин катардагы уул-кыздарыбыз так, ишенимдүү аракеттенишип, жүрөгүнүн чакырыгына баш ийип  иштешиптир.  “Бириккен элдик кыймылдын” лидерлери   республикалык деңгээлдеги чыгаан инсандардан болушса дагы ортодогу ишти жүргүзүүдө  кыйынчылыктар кыйла көп болду. Анткени,  бул кыймыл барыбыз үчүн жаңы көрүнүш болучу… Барынан күтүүсүз нерсе – ал шайлоо ушунчалык калыстыктан тайып, мыйзамды одоно бузуу менен  өтө баштаганы болду.

-Андан кийинки натыйжа кандай болду, ал жаңы кыймылдын кийинки абалына, аракетине кандай таасир берди?

-Натыйжа жалпыбызга жакшы белгилүү. Ал шайлоодо –  жеңилдик.  Биздин талапкерибиз жарым жолдон    чыгып кетти…

Биз албетте, нааразы болдук.   Бирок, мындай кадамынын чыныгы  себебин  билген жокпуз.  Ошондогу  нааразылыгыбызды  Өмүрбек Текебаевге да билдирдик. Ал убакта “Бөрк ал десе- баш алган”  башаламандык орун алган учур эле.  Шайлоо –   жасалма болду.   Алгачкы аракетибиз өксүп калса дагы биз эркибизди бошотуп, чачырап кеткен жокпуз.   Бүткүл элдик  калыс  шайлоону  өткөзүүгө    бекем турганыбыз 2010-жылы мартта болгон элдик жыйында  билинди. “Бириккен элдик кыймылдын”  чоң Курултайы өттү.   Таластан дагы көптөгөн коомдук активисттер   барып катыштык. Кырдаал болсо кыйын кез.  Сапар Аргынбаев, Исмайыл  Исаковго  окшогон  лидерлердин  четинен камалып жаткан   учуру эле.   Биздин  курултайдын максаты – саясий куугунтукта жүргөн лидерлерди бошотуу, элдин  үнүн угуу, электр, телефон  төлөмдөрүн азайтуу деген  талаптарга жетишүү болчу.   Курултайда   “Бириккен элдик кыймылдын” жаңы жетекчиси болуп  Роза Отунбаева  шайланып, бекитилген   план боюнча  курултай  жер-жерлерде   өткөрүлмөк.

Мындай Курултайга биз да даярдык көрө баштадык. 17синен кийин эле  “Бириккен элдик кыймылдын” республикалык жетекчилигинин мүчөлөрү  Азимбек  Бекназаров, Дүйшөн Чотонов, Оморбай  Нарбеков Таласка   атайын келишти. Алар катышалы деп келген жок. Элди  дагы кыдырып областтарда “Бириккен элдик кыймылдын”  жетекчилерин шайлайбыз деп жүрүшкөн. Кеңешип келишкенби,  ар кандай сунуштар айтылган жолугушууда  алар  кайрадан мени координатор шайлайбыз дешти. Уюштуруп, өткөрүү иштеринин  башында туруп бериңиз, убакыт күтпөйт. Аракетти күчөтүү керек,- деген сунуш айтылды. Мен мырзалардан шайланса  болмок,- десем чечим кабылданып калгандыктан чыйралдым дагы:-Анда мага    биротоло  жардамчыларымды  шайлап бергиле десем Анарбек Тургуналиев, Сатканкул Бапышев, Серик Жолдошевди  аташты.   Райондордун координаторлору да  шайланышты. Манас районуна – Назар Сулайманов, Кара – Буура районуна Төлөгөн Наралиев, Бакай – Ата районуна   Рыскулбек Жанкорозов, Талас шаарына Төрөбек Кишенбаев, Талас районуна  Талас Кыдыралиев көрсөтүлдү.  Ошону менен  9 адамдан турган уюштуруу тобу түзүлдү.  Анан Азимбек Бекназаров ырымы болсун дегенби, ала келген    нанынан баарыбыз ооз тийип элдик ишти улантууга антташканбыз. Ошол  учур ушул  күнгө  чейин кадимкидей көз алдымда турат…  Бул- март   айынын 25и, же -26-сында болгон окуя.  Андан кийин  биз алдыбызга коюлган  маселелерди дайындап алып, апрель айынын жетисинде элдин алдына чыгып, коюла турган талаптарыбызды такташабыз деген  ниеттерибиз болгон. Анткени дал ушул күнү, бардык областтарда, бүткүл  Кыргызстан боюнча   элдик  жыйындар болмок. Элдик кыймылдын республикалык лидерлери   ар бир областтарга бөлүнүшүп, Таласка   Шерниязов жана  Абдылдаев келишмек.

Эми   баягы 6-апрелдеги  окуя  кандайча башталып кеткенине келели. Буга кандай себептер түрткү болду?

– Бул  суроого так жооп бериш үчүн курултай өткөзүүгө даярдыгыбыздын жүрүшүнөн кыскача баян курайын. Абдылдаев  эртерээк келип, штабда  тактоо иштерин жүргүзүп жаткан.  Мыйзамга ылайык Талас шаардык мэриясына кайрылып,  максатыбызды билдирдик.  Алар  сунушубуз менен таанышып, тиешелүү чечимин чыгарып берип коюшканда  баары өз нугу менен, тынч бүтүп кетмек. Андай болгон жок. Чечим создукту.   Ал ортодо    суракка алуу башталды. Биздин үйдөн  бир эле үч жашар балам   калды көрүнөт. Калган барыбыз   суралдык. Ал эмес,  айылдагы агамды кошо да кошо сурашып, желкелей башташты. Мени  эле эмес,   менин тегерегимде бирге иштешип жаткандардын  баарын сурай башташты.    Алтысында Шерниязов Таласка келмек.

Ошол күнү мен  штабда элем.  Шерниязовдун кармалып,   областтык  ички иштер башкармалыгына алып кетишкенин  угарым менен   чогулуп,  аракетибизди  тездете баштадык.   Биз түзүлгөн кырдаалдан жаралган көйгөйүбүздү  айталы деп областтын губернатору Бейшенбек Болотбековго  келсек  ал түштөнүүгө чыгып   кетиптир. Бийликтин   манчыркаганы,  кайдыгерлиги абалды ого бетер курчутуп жибербедиби. Болбосо,  ошондой учурда тынч олтуруп чай иче турган  убак эмес эле да…

Област жетекчисинин бул жоругу элдин кыжырына тийди. Эл дуулдап, келсин, жооп берсин  деген талап коюшту.  Акыры Болотбеков келгенде көпчүлүк нааразылыгын жашырбай, атүгүл   бир аз   жулмалашуу  да болуп кетти. Биз элди  тынчтантып, маселени жөнгө салуу үчүн  Болотбековдун кабинетине кирдик.  Талаптарыбызды  койдук. Карыялар Болотбековго: – “Тройка” байланышың  менен   премьер –  министрди алып бер, сүйлөшөлү,  кантсе дагы Данияр  Таластын уулу эмеспи,-  дешти.

Болотбеков Данияр Үсөнов менен байланышты.  Данияр Үсөновдун биринчи эле сөзү: – Мен бандиттер менен сүйлөшпөйм!-  деди.  Барыбыз угуп жатабыз.  Тоотпогон ушул сөзү – отко май чачкандай эле болду.   Ошондо урматтуу жазуучу атабыз Элүүбай Отунчиев   чыдабай,   Болотбековдон  колунан телефонду жулуп алып: -Ой, бул эмне деген сөзүң!- деп  кыйкырып жиберди.

Данияр  Үсөнов  мыкты болсо, өкмөт башчысы катары  ошол жерден   элди    биримдикке чакырмак да. Антип элдин тынчтыгы үчүн ортого түшкөндүн ордуна    Данияр Үсөнов:    -Таласта Койсун менен  Шералы ак үйдүн аркасында жылкы союп,    16-17деги  жаш балдарды чогултуп жатат.  Биз аларды чым баскандай басабыз. Таласка   генерал   Конгантиев кетти,-   деп  теледен   баатырсынып  жатканы,  эшикте болсо имараттын алдын милиция кызматкерлерине тостуруп, спортчуларды “Ак үйдүн” жертөлөсүнө  топтошуп күчкө таянгандары  чогулган  элдин кыжырын ого бетер күчөткөн. Элдер анан талаптарды коё баштады. Эртең өткөрбөйбүз бүгүн өткөрөбүз!-  дегенге өтүштү.   Ошондо да   аксакалдар   элди сабырдуулукка чакырып турушту. Бирок, көп толкуса сел экен, бардык тоскоолдуктарды жиреген эл областтык администрациянын имаратына жабылып кирип кетишти. Биз ак үйгө киргенден кийин   Таласты  вертолёттор айлана баштады.  Кечке маал электр жарыгы өчтү.   Сырттагы көпчүлүк  “Ак  үйдөгүлөр”     өздөрүнчө  сүйлөшүп жатышат деп ойлошуп, имаратка бир топ зыян келтирип жиберишиптир. Кимдир бирөөлөрдүн чагымчыл сөзү болбогондо имарат мынча запкы тартмак эмес.  Биз  атайын  фонарларды таап, жандырып, абалды такташалы дегенче ички иштер кызматынын бир тобу  кирип келишип, Шерниязовду,  анан Болотбековду  алып чыгып кетишти.  Алтысында ошондой болду.

-Таластыктар Бишкекке кандай кетти?

-Анысын айта албайм.  Анткени,  7- апрелде кыргыз  эли толук көтөрүлдү. Абалды талдап, кеңешүүгө аксакалдарыбызды  кайра дагы чакырдык.   Мен  ички иштер башкармалыгына  бара алган жокмун. Элүүбай, Жусуп, Баур, Курал акелерди,  Жамиля эжени  Сиздер дагы кошо барыңыздар, ашыкча жаңжал болбосун,- дедим.

-Ички иштер министрине байланыштуу окуяга токтоло кетсеңиз?

-Конгантиевди  качан, кимдер,  кантип алып келишкенин  билбейм.  Көпчүлүк толкуп алган кез.   Конгантиевди   желектин түркүгүнө  асабыз деп жатышканда чектен чыкпайлы дегенибизди уккан киши жок.   Анан мен тез чечим кабыл алдым. Шералы Абдылдаев  экөөбүз   тушубуздагы  телекомдун Газ- 53 машинасын  арты менен   элди жирей айдатып барып,  Конгантиевди ажыратып алып кеттик.  Ал ошол кезде элдин кыжырын жаратып, күчкө таянып өктөмдүк кылса дагы адамгерчиликтен тайып, өмүрүнө коркунуч келип турганда кайдыгер кала албадым да. Менин ошондогу аракетимди көргөн  Кожобекова Замира деген кыз, (азыр “Азаттыкта” иштейт экен),  -Эже,   бул калыстыгыңызды, адамга жакшылыгыңызды өмүр бою унутпайм!- деп ыйлап турганы эсимде калыптыр.   Көпчүлүктүн опур-топуру да. Башка жакка алаксып кетсем аны бирөөлөр  кайра  дагы  колубуздан жулуп  кетишти.  Кимдер экенин  билбей да калдым. Жакшы жери- акыры аман калды…

-Окуянын өнүгүшү  кандай болуп кетти?

-“Бириккен элдик кыймылдын” ар бир областтагы өкүлдөрү менен  байланышта болгонбуз. Жалпы абал турукташканга чейин    ызы-чуунун шары токтобой, күндөп-түндөп иш менен алектендим. Төрт-беш айга созулган мындай кырдаалда областтын чукул аралыкта чечиле турган социалдык-экономикалык маселелеринен тышкары кадр жагын жайгаштыруу керек эле. Тиешелүү билимдери, же кесиптик даярдыктары жок болсо деле  -Мен тиги кызматка отурат элем, мен  баланчанын ордуна барышым керек дегендер жанды койбой кымбат убактымды алышты. “-Мен лидер болчумун!”- дегендер болду. “Таласты  аял  башкарабы?”- деген   сөздөрдү чыгарышты. Ал ортодо абалды турукташтыруу боюнча иштер жүрө баштап, кырдаалга жараша райондордогу    лидерлер жаңыланды. Бул эми үз алдынча терең талдап кеп кура турган маселе. Убагы келгенде кайрылып, көпчүлүктүн назарына сунуштаармын…

Жогортодон кабыл алынган чечимге жараша мен  областтык  деңгээлдеги иштерди жөнгө салуунун аракетин жүргүзө баштадым.

-Койсун Аблабековна, ортодогу он жылдын чегинен туруп, апрелдин ошол күндөрүнө кайрылып, окуясына “аралашсаңыз” кандай баа берет элеңиз?

– Тагдырдын жазмышына айла жок дегендей, калыстык үчүн күрөштөн тайсалдабайт элем. Бирок, элдик кыймылдын аркасы менен көздөгөнгө жеткенде өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн жан-дүйнөсү караңгы “революционерлерден” алыс болмокмун. Калганын эл менен бирге-эл үчүн колдон келген аракетимди жумшайт элем.

-Ымандай сырыңызды билдирген дил-маегиңиз үчүн Сизге ырахмат!

– Сизге да ыраазылык билдирип, ишиңизге ийгилик каалайм!

Дил-маек курган Т. ИБРАГИМОВ.

Булак: Кыргызтудей сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button