КоомСаясат

Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин аткарат

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлык менен экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button