Коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмышын жасаганга убактысы дагы бар. Мындай тамаша аралаш эскертүүнү Камчыбек Ташиев бүгүнкү парламент жыйынында берди.
5-декабрда Жогорку Кеңеште “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.
“Тамаша иретинде айтып коеюн, коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмыштарын жасаганга убактысы бар, айып пул менен чыгып кетет. 31-декабрдан кийин алар реалдуу жаза мөөнөтүн алышат”, — деди УКМК төрагасы.