Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Кубанычбек Бөкөнтаев ушул жылдын июль айында Улуттук банктын төрагасы кызматынан бошотулган. Аталган кызматка 2021-жылы сентябрда дайындалган.