Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.
Масштабдуу аймактык долбоордун негизинде курулушту баштоо аземи Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында өттү.
Мамлекет башчынын сөзү:
«Урматтуу Кытай Эл Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан келген меймандар!
Менин кесиптештеримдин өкүлдөрү!
Ардактуу мекендештер!
Бүгүн биз бул жерге Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун баштап, анын алгачкы ташын коюу салтанатына чогулуп олтурабыз.
Бул жолдун курулушу – региондун транспорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшүндө жаңы доорду баштай турган тарыхый окуя!
Мен Кыргыз Республикасынын атынан өнөктөштөрүбүз – Кытай жана Өзбекстанга бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга койгон ниети, кошо турган салымы жана туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат.
Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат.
Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.
Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет.
Аталган темир жолдун курулушу менен Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек жолунун тарыхый деми калыбына келет.
Ал эми Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ!
Биринчиден, аталган темир жолдун курулушу өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат.
Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары биздин ролубуз бекемделет, жүк ташуулардын көлөмүнүн олуттуу өсөт.
Экинчиден, аталган долбоор өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Жаңы инфратүзүм аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, жетүүгө кыйын райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшырат.
Мындан тышкары темир жолду куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында миңдеген жумуш орундары түзүлүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизет.
Балыкчыдан Макмалга чейин темир жолу курулуп келип, ушул жолго кошулат. Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу дагы байланышта болот.
Ошондой эле бул жаңы каттам аркылуу Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго жол ачылат.
Иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Бүгүнкү салтанат – биргелешкен иш-аракеттердин аркасында жетишүүгө боло турган ийгиликтердин ачкычы десек жаңылышпайбыз.
Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрү Темир жол куруу долбоорун биргелешип илгерилетүү жөнүндө макулдашууга кол койгондугун эске сала кетейин. Кол коюлган бул документ курулушту баштоо үчүн жасалган маанилүү кадам болуп калды. Ошону менен бирге биз долбоорду натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуучу биргелешкен ишкананы да түздүк.
Ал эми темир жолдун курулушунун алгачкы ташын коюу – биргелешкен иш-аракетибиздин башталышы гана!
Албетте, биздин алдыбызда көптөгөн иштер турат. Бирок тыгыз кызматташуубуздун аркасында бул долбоорду өз мөөнөтүндө жана жогорку сапатта бүтүрөбүз деп бекем ишенем.
Бул жол бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат.
Учурдан пайдаланып бул долбоорду ишке ашырууга салым кошом дегендердин баарына чын дилимден ыраазычылык билдирем.
“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу биздин өлкөлөрүбүздүн достугунун, кызматташтыгынын жана өсүп-өнүгүшүнүн белгиси болот деп ишенем.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!».